Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:22

Саясат

Парламент: Кезексиз сессия күтүлүүдө

Парламенттин Сот, укук маселелери боюнча комитет төрагасы Садыр Жапаров баштаган 43 депутат 4-июлда кезексиз сессия чакыруу демилгесин көтөрүүдө.

Текст көлөмү - +
Депутаттар күзгө калтырбай Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү талабын коюшууда. Ал арада Жогорку Кеңештеги  үч  фракция бул демилгени колдоого алды.

1-июлда Жогорку Кеңештин 43 депутаты 4-июлда кезексиз сессия чакыруу демилгесин көтөрүштү. Бул тууралуу кайрылуу парламент төрагасы Ахматбек Келдибековго жөнөтүлүп, анда күзгө калтырбастан парламент тарабынан карала турган бир топ маселелер калганы жазылган.

"Ата Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров буга байланыштуу 1-июлда билдирүү таратып, анда Сотторду тандоо кеңеши бекибей калганы үчүн төрага Ахматбек Келдибековду күнөөлөдү.

Садыр Жапаров
Жогорку Кеңеш 30-июнда Сотторду тандоо кеңешинин курамын талкууга алып, аны бекитүү иши күзгү сессияга калтырылган эле.

Буга депутаттардын кеңешке кирген сотторго карата бир пикирге келе албаганы себеп болду.

Парламенттин Сот, укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров Сотторду тандоо кеңешине көрсөтүлгөн 8 соттун талапкерлигин четке каккан. Буга төрага Ахматбек Келдибеков каршы чыгып, маселени палата алып чыгып, четке кагылган соттордун талапкерлигин добушка коюу сунушун киргизген эле.

Депутат Садыр Жапаров бүгүнкү билдирүүсүндө ал жетектеген парламенттин Сот, укук маселелери боюнча комитети кеңешке коалициялык көпчүлүк жана парламентте оппозиция эсептелген “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” фракциялары көрсөткөн 16 адамдын талапкерлигин жактырып, бирок талапкерлери көрсөтүү укугуна ээ Соттор кеңеши сунуштаган 8 адамдын талапкерлигин тажрыйба мөөнөтүү, кесипкөйлүк жагынан жаратпай четке каккандыгын билдирди.

Убакыт тар, иш көп

Депутаттын айтымында, "Сотторду тандоо кеңеши тууралуу" мыйзам 17-июнда күчүнө киргендиктен, бир ай ичинде кеңеш түзүлүп иштей баштоосу шарт. Андыктан Сотторду тандоо кеңешин бекитүүнү күзгө калтырууга болбойт

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Жапаровдун кезексиз сессия чакыруу демилгесин колдоого алгандардын бири.

- Баары бир сот системасы калыптанып, толук иштеши керек да. Регламент боюнча депутаттардын укугу бар. Андыктан биз кезексиз сессия чакырып, Сотторду тандоо кеңешин бекитип берели деп атабыз. Алар анан жай бою убакытты текке кетирбей иштей берет эле.

Чыныбай Турсунбеков
Ушул эле күнү кезексиз сессия чакыруу демилгесин парламенттеги Социал-демократтар фракциясы колдоого алып, Сотторду тандоо кеңешин бекитүүдөн тышкары сессияда өкмөттүн курамы жана Боршайкомдун калган мүчөлөрүн шайлоо маселесине чекит коюну сунуштады.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков:

- Өкмөттүн структурасын өзгөртүүдө реформаны баштоо үчүн жок дегенде структурасын оптималдаштырган вариантта бекитип берүү жана БШКнын калган эки мүчөсүн да шайлап берүүнү сунуштайбыз.

Жогорку Кеңеште оппозиция эсептелген “Ар-намыс”  жана “Ата Мекен” фракциялары да кезексиз сессия өткөрүү демилгесин колдоп чыгышты.

“Ата Мекен” фракциясы тараткан билдирүүдө: “Сотторду тандоо кеңешин түзүүнү жыйынтыкташ керек, анткени күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык, аталган кеңеш үстүбүздөгү жылдын августунан кечеңдетпей Жогорку Сот, Конституциялык палатанын курамын түзүп бүтүшү керек” деп жазылат.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков бул туурасында өз оюн 2-июлда ачыктаарын билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)