Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Кумтөр боюнча сунуш жөнөткөн Клэнвильям келди


22-апрелде Кыргызстанга Британияда жайгашкан Oracle capital group компаниясынын өкүлү Лорд Клэнвильям келди. Ал Бишкекте бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, “Центерра Голд” компаниясынын жетекчилигин алмаштыруу боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Лорд Клэнвильямдын 22-апрелде Кыргызстанга келгенин “Кыргызалтындын” башчысынын милдетин аткаруучу Кылычбек Шакиров “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, Лорд Клэнвильям өкмөттүн чакыруусу менен келди, ошондуктан биринчи жолугушуулар өкмөттө болот:

- Адегенде өкмөттө жолугушат. Андан кийин “Кыргызалтын” менен жолугуп, сүйлөшөт. “Центерра Голддо” “Кыргызалтындын” 33% акциясы болгондуктан аны менен “Кыргызалтын” жолугат, өзүнүн суроолорун берет.

Oracle capital group компаниясынын жетекчилери Мартин Грэм жана Лорд Клэнвильям өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге марттын аягында кат жазып, анда “Центерра Голддо” түзүлгөн кырдаалды жөнгөрүүнүн жолдорун сунушташкан.

Каттын мазмуну ачык жарыяланган эмес. Бирок өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин парламентте сүйлөгөн сөзүнө жана Лорд Клэнвильямдын андан кийин курган маектерине караганда, Oracle capital group'тун өкүлдөрү “Центерра Голддогу” миноритардык акционерлердин колдоосуна ээ. Мына ошол акционерлердин акциясы менен Кыргызстандын “Центеррадагы” 33% акциясы кошуп, “Центеррада” башкармалыкты колго алуу сунушталган. Аны ишке ашыруу үчүн британдык адистердин колунда кеминде 18% акция болуш керек.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кумтөр маселесин мына ушул жол менен чечүүнү абдан жактап жатат. Аны Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары бекем колдосо, КСДП фракциясы ыргылжың болуп турат. Башкаруучу коалициянын мүчөлөрүнүн мына ушундай эки ача пикирлерине карабай, коалиция Жоомарт Оторбаевге британдык адистер менен сүйлөшүүгө убакыт берүүнү чечкен.

Бирок Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнө ар тараптан чабуулдар акыркы күндөрү күч алып, аны кызматтан кетирүү талаптары коюла баштады. Анын үстүнө өкмөттүн Жогорку Кеңеште жылдык отчет берүү мезгили башталып калды. Ошондуктан экинчи тарап Кумтөр боюнча жаңы сүйлөшүүгө байланыштуу эмес, өкмөт башчыны өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча кызматтан кетирүүгө оңтойлуу кырдаал таап калды.

Өкмөт башчыга чабуулдардын артында президентке жакын депутаттар турганы байкалат. Маселен, 22-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Карганбек Самаков өкмөттү кызматтан кетирүү талабын койду. Мына ошондой эле демилгени Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рысбаев да көтөрдү:

- Менин оюмча аларды бүгүн эле кетириш керек. Анткени иштей албай жатышат. Менин комитетимдин корутундусу боюнча Кумтөр, суу, дагы көп нерселер боюнча тапшырмалар аткарылган жок.

Ошол эле учурда өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин Жогорку Кеңеш чечерин Кожобек Рысбаев кошумчалады.

22-апрелде Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында Жоомарт Оторбаев өзү да кызматтан кетүү ниети бар экенин билдирген. Бул маалыматты “Азаттыкка” комитеттин төрайымы Наталья Никитина тастыктады.

Бул түзүлгөн кырдаал Ян Аткинсонду Жоомарт Оторбаев эмес, Оторбаевди Аткинсон алып түшүүсү реалдуу экенин көрсөтүп турат. Бул өз кезегинде Ян Аткинсондун Кыргызстанда таянган күчтөрү канчалык кубаттуу экенинен кабар берет. Ал күчтөр Кумтөрдөн түшүп турган кыйыр дивидендди колдон чыгаргысы келбейт. Анткени Ян Аткинсондун ордуна Лорд Клэнвильям жана Мартин Грэм келсе, анда алар Жоомарт Оторбаевдин артында турган Феликс Кулов жана Өмүрбек Текебаев менен көбүрөөк эсептешип калат...

Британдык адистер Кыргызстанда үч күн болот. Бул күндөрдүн ичинде алар өкмөт, парламент мүчөлөрү жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен да жолугушат. Ал жолугушуулардын жыйынтыгы кандай болорун айтуу кыйын. Анткени аларды колдоп жаткандардын да, аларга каршы тургандардын да күчтөрү аз эмес.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG