Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:28

Атайын иликтөө / Коррупция

"Мегаком" - кайрадан жаңжал чордону

"Мегакомдогу" коррупциялык аракеттерге байланыштуу компания жетекчилигине кылмыш иши козголуп, үч адам камакка алынды.

"Мегакомдун" Бишкектеги тейлөө борборлорунун бири.
Текст көлөмү - +
Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы коррупцияга  каршы күрөшүү кызматы “Альфа-Телекомдун” жетекчилиги 142 миллион сомдон ашуун каражатты кымтып алган деген шек менен кылмыш ишин козгоду. Буга байланыштуу компаниянын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, жетекчиликтин жемкордукка жол берген учурлары боюнча бир нече фактынын бети ачылды.


Күтүүсүз камакка алуулар


Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат борборунун өкүлү Жоодар Исакулов шылуунчулукка байланышкан үч берененин негизинде кылмыш иши козголгонун белгиледи: 

- Бул иш боюнча башкы директору Азамат Мурзалиев, кеңешчиси Алмаз Абеков жана “Мегакомду” жаңы жабдуулар менен камсыздоо үчүн өздөрү түзгөн “Новострой-сервис” ишканасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек кармалып, камакка алынды. Аларга кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык жана жасалма документтерди жасоо фактыларынын негизинде мамлекетке ири акчалай зыян келтирген деген кине койулууда.
  Мурзалиевди мурдагы президент Отунбаева койгону талашсыз. Биз былтыр иликтөө учурунда Мурзалиевдин Отунбаеванын уулу менен ынак мамиледе экендигин тастыктаган материал менен таанышканбыз...
Өмүрбек Абдрахманов

Ошол эле учурда “Мегакомдун” менеджерлер тобу алардын жетекчилерин камакка алуу жагдайына байланыштуу өз жүйөөлөрүн келтирип, мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту.

Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Эдил Касманбетов аталган айыптоо менен козголгон кылмыш ишин өз ара түшүнбөстүктүн жыйынтыгы катары баалады: 

- Учурда компания өзүнүн кардарларына үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу менен алек. Койулган айыптоолор түшүнбөөчүлүктөн улам келип чыккандыгын белгилөө менен ачык-айкын тергөө жүрө турган болсо анын бардыгы четке кагылаарына ишенебиз.


Чабактар кармалып,  “чанактар” калдыбы?


Анткен менен айрым коомчулук өкүлдөрү “Мегакомдон” туйтунду деп азырынча аткаруучу-чабактар гана кармалып жаткандыгын мисал келтиришти. Ошондуктан тергөөнүн алдында алардын артында турган ири саясий калканчтарга чейин жетүү милдети тургандыгы айтылууда.

Былтыр “Мегакомго” байланыштуу талаш-тартышты иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов Азамат Мурзалиевди “Мегакомго” алып келүүгө мурдагы президент Роза Отунбаеванын салымы болгондугун айтып чыкты:

- Жашырганда эмне, Мурзалиевди мурдагы президент Отунбаева койгондугу талашсыз. Биз былтыр иликтөө учурунда Мурзалиевдин Отунбаеванын уулу менен ынак мамиледе экендигин тастыктаган материал менен таанышканбыз. Мына ошонун сунушу менен Мурзалиев компанияны каалагандай башкарды. Биз депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча өз пикирибизди айтып, аны 100 пайыз мамлекеттин курамына өткөрүү керек деген талапты койгонбуз. Бирок ал ишке ашкан жок. Анткени кызыкдар тараптар акча менен бүтүрүп койушту. Алардын арасында парламенттеги фракциялардын башчылары дагы бар.
 Бул ишке байланыштуу аты аталган саясий ишмерлер элге ачык жооп бериши керек. Ушинтип отурса бийликке кантип ишеним болот?
 Дастан Сарыгулов

Бул боюнча мурдагы президент Роза Отунбаева же анын уулу Атай Садыбакасов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок коомчулукта “Мегаком” сыяктуу ири мекемеге жетекчи дайындоо маселеси өлкө жетекчисинин макулдугусуз ишке ашмак эмес деген жүйөө басымдуулук кылууда. Ошондуктан “Мегакомдогу” жемекейлик далилденсе, учурда иш козголуп жаткан жетекчиликти кызматка койгондордун жоопкерчилигин кароо маселеси да көтөрүлөт.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов бул маселе боюнча Отунбаева менен Бабановду коомчулук алдында ачык жооп берүүгө чакырды:

- Себеби бул мекеменин жетекчилигин дайындоо ишине алардан төмөнкү кызматтарда турушкан адамдар кийлигише алмак эмес. Бабанов ошол кезде биринчи вице-премъер министр, Отунбаева болсо мамлекет башчысы болуп турган. Жөнөкөй логикага салып караганда деле бул иш ошолордун деңгээлинде чечилгендигин байкаса болот. Мына азыр камалган жетекчилер деле артында бир чоң калкан турбаса ушундай ишке бара алат беле? Албетте жок. Ошондуктан буга байланыштуу аталган саясий ишмерлер элге ачык жооп бериши керек. Ушинтип отурса бийликке кантип ишеним болот?

Акыркы сөз сотто калды

Ошол эле кезде “Мегаком” боюнча жаңы кылмыш ишинде ири саясий ишмерлердин “изи” болушу мүмкүн эмес дегендер да четтен табылат.

“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев ар кандай айың кептердин аягына сот гана чекит койоорун эскертти:

- Кандай гана маселе болбосун анын аягына тергөө менен сот гана чекит койо алат. Ал жагы жыйынтыктала электе эле кимдир бирөөлөрдү карандай айыптоонун өзү туура эмес. Бирок кандай болгон күндө да улутташтырылган объектилер боюнча ошол кездеги мүлк министри жооп берүүгө тийиш. Анткени мыйзам боюнча өкмөт түз жооп берген жана министрликтер өздөрү жооп бере турган маселелер бар. Мына ошого жараша каралат болуш керек.

Атайын кызматтагы өздүк булактар “Мегакомго” байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталып, кармалган адамдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экендигин белгилешти. Мына ошондуктан буга тиешелүү айыпталуучулардын тизмеси узарчудай түрү бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Bishkek
02.02.2012 15:46
Кыргызстандын келечегин коро билген, элим деп куйгон бул жигиттер Сасыган Саясаттын курмандыгы болуп жатышат! Баш которгон чыгаан жигиттерди ушинтип бутка чаап чогоруп турса, Кыргызстан кантип онугот??? Ойлонгула Кыргыздар, Ойгонгула Кыргыздар!

кимден: Агент 996
01.02.2012 22:14
Бул жерде Бабановтун чон кызыкчылыгы бар башынан бери жана дагы койбербей келет, ойлоп коргулочу Бабановтун кебетесин жакшылап караптуруп Алтын жумуртка тууган каазды койберетурган кишиби "ЖООК".

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.02.2012 18:53
Бул коро албастык эле. Кылып аткан бир онбогон бузуку политиктин кылганы. Өкмөттүн тынч иштеп атканын коро албай арты куйгондордон. Акыркы кундорду алсак.Свет очту деп чуу чыгарышты.Ой туугандар суук болуп баарыбыз ушуп 5-6 плитка жаксак кандай зым линия чыдайт.Буга матимматиктин деле кереги жок тушунсо болот да. Экинчи оозун тикен абактагыларды которуп чыкты.Эми Мегаком.Дагы эмне кылар экенсинер . Иши кылып былгытып кыргыздын тынчтыгын бузуп туруш керек. Же болбосо коруппциясы ачылып калат дегендер.Эл бузарлар сааткындардын кылып атканы. Негизи жаны строй государство ушундай эле болот. Өкмөт бул акмактарга алдырбай, андай мындай майда чыр чатака кийлигишпей конул бурбай иштейт деп ишенем.

кимден: куба каяктан: Тр
01.02.2012 13:58
Мен билгенден бул жигиттер бир команда болуш керек. Бул командада иштегендердин бир экоосун жакындан таныйм. Булар акча жеген адамдар эмес. Копчулугу Турциядан, башка мамлекеттерден билим алып, чет олконун онугуусун коруп патриот балдар. Акча балким бузгандыр адамдарды бирок андай болушуна ишенбейм, эл учун деген жигиттер. Менин жеке пикирим бул жигиттер озу да жеген жок жана башкаларга да жедирбеди. Мунун натыйжасында жалган жалаа менен бир жерден кемчилдик таап колго алышты. Эми оздорунун ультиматумдарын койушат же болбосо соттоп камакка тыгышыт да оздорунун адамдарын койот. Кыргызстанда баары белгилуу корунуш, аттин ай качан онолот Кыргызым. Ак иштесен сени оздорунун арасына кошпойт...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.02.2012 13:32
Мурзалиев ак иштеген. Жон гана биздин акмак саясатчылардын оюну болуп жатат. Ал кайда барса да, дуйнонун кай жагынан болбосун эн сонун жумуш таап кетет. Элге убал. Ушундай жаш мыкты кадрлар курмандыкка кетип жатат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Bishkek
01.02.2012 13:14
albette Murzalievdin artinda biroo bar..bolboso Kazakstanda jon ele bashka jumushtu jasap jurgon adam artinda Babanga okshogon biroo jok bolso kantip ele jondon jon ele Kirgizstanga kelip Megakomgo bashchi bolup kalsin...onoy emes ko..jakshilap izildese eken emi GKNB az akcha berip koyso it sookko aldanganday aldanbay...Baban NTS 5 kanal kaysi kanaldi achpa tukurugun chachiratip jalgandardi ishkirtip suylop atkan bolot..allergiya kilip...GKNB Murzalievdi ele emes artindakilardi da jakshilap izildegilechiii....baari bir bul biyliktendele umut jok

кимден: Ормк
01.02.2012 12:43
Апкелсе Отунбаева жакшы ой м-н апкелгендир. Тим эле сразу Отунбаева баласы экоону акча учун дегенинер туура эмес. Алар андай акча тарбия корбогон адамдар эмес. Акча корбогон бийлик корбогондор озу эле корунуп калат.Майрам Акаева,Айдар,Максим,Жаныш,Ахмат Бакиевке окшогондор. Роза Отунбаева да баласы да эч качан андайга барбайт. Отунбаева дуйного атагы таанылган адам. Акчаны долларды калаган олкого барып лекция окуп мушоктоп табат. Бизнесте ушундай кооп болот..Сырты жакшы ишине да тын.Жумушка койсон акчаны коргондо бузулат.Бул бизнес. Эгер Өкмөт Бабанов чындык менен иштебесе Отунбаева койгон адамды текшертпейт эле да.Бакиевке окшоп инилеринин кылмышын жапкандай эжесин жап коймок. АЗАМАТ ӨКМӨТ.АЗАМАТ АТАМБАЕВ.УШУНДАЙ АКЫЙКАТ М-Н ИШТЕГИЛЕ.ЛЕД ТРОНУЛЬСЯ ГОСПОДА.

кимден: Бактияр каяктан: Бишкек
01.02.2012 11:42
Бабанов таза болумуш болуп корунгону менен коп иштин устунон чыгат. Мен мамлекеттик кызматта иштейм. 2010-жылы октябрда шайлоодо президенттик адм-дан СДПКга эмес, "Республикага" колдоо корсотуу боюнча указание келгенде аябай тан калдык эле. Корсо Отунбаева иниси бабанов менен иштешип, кызматташкан жайы бар турбайбы... Кандай окунучтуу.
Пикирге жооп

кимден: сиз
01.02.2012 12:25
Иштегенин калп жана жалган. Эмне кереги бар ушак келжиреген созду айтып. Өзү Бабанов тазалап иш козгоп атса. Кайсыл жинди артын ачсын. Иши кылып Отунбаеваны кошуп жамандоо. Жакшы иштеп атышат азаматтар. Ичи таарлык коро албастыктын эмне кереги бар чон болуп иштеген адам.

кимден: Шамиль каяктан: Талас
01.02.2012 10:54
Мурзалиев башында мыкты жигиттей корунду эле орустар айткандай внешность обманчиво дейт. Миллион деген элдин акчасын жеген адам озунун ырыскысын уй-булосунун ырыскысын кошуп жеди дейт элем. Эми биздин финасалык органдарыбыз ишти аягына чейин чыгарып, соттор акыйкат чечимин чыгарса болду. Бирок ишеним сотторго да башкаларга да ото эле аз. Мурзалиевдин куноосу аныкталса аны омур бою эркинен ажыратып уй мулкун конфискация кылыш керек

кимден: Рысбек
01.02.2012 10:48
Эмнеге ушул мезгилге чейин "Билайн" же башка соода маркаларынын айланасында мындай чуу чыкпайт? Былтыры Силичти жаман деп, Мурзалиев рейдерлик кылган эле, быйыл эми өзү казган орго өзү түшүп отурат.
Пикирге жооп

кимден: 777 каяктан: Biskek
02.02.2012 15:54
Билайн бул казактардыкы болсо эч ким эч нерсе кыла албай да! Мегоком болсо, Кыргызстандагы эн чон кирешелуу компания болуп жатпайбы! Дагы бир бийликтегинин козу тушуп, менчиктештирип алайын деп жаткандырда
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине