Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:44

Дин

Диний абалдын келечеги талкууда

Кыргызстанда жарандардын диний жаатта тарам-тарам болуп бөлүнүп баратышы коомдук коопсуздукка коркунуч жаратаарын талдоочулар белгилешүүдө.

Текст көлөмү - +
Бул көрүнүш өсүп отуруп жакынкы келечекте кагылышууларга алып келет деген чочулоолор да жок эмес.

Тарыхый шарттан алганда Кыргызстанда православ христиандары жана исламдын сунний багыты байыр алып келген. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу диний жаатта майдаланып, чакан тайпаларга бөлүнүп баратат. Бул келечекте кагылышууларга алып келерин диний талдоочу Кадыр Маликов айтып чыкты. 

- Бөлүнүүчүлүк мусулман жамааттарынын өздөрүнүн ичинде да бар. Мындан тышкары, христианчылыкты тутунган кыргыз улутундагылар да көбөйүп баратат. Ошондой эле исламды жактырбаган теңирчилик да бар. Кыргыздардын ушундай болуп бөлүнүүсү 10 жылдан кийин чоң жарылууга алып келиши мүмкүн. 

Маликовдун пикиринде, мамлекет бул сыяктуу коркунучтарды алдын алууга, алардын себептерин иликтөөдө чабал болууда. Ошондой эле ал мамлекеттеги коррупция, социалдык теңсиздик жана жашоо шартын оордугу жарандарды ылгабастан диний агымдарга кирүүгө түртүп жатат деп эсептейт.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдардан тарта дин эркиндигин жарыялап, өлкө бардык диндер үчүн ачык экендигин билдирген. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы, тарыхчы Олжобай Каратаев диний бөлүнүүчүлүктүн себептерин ошол өткөн кылымдын 90-жылдарынан көрөт.

- Мамлекет диний уюмдарды каттоодо алардын тегин, табиятын, аткарган иштерин, болочок программаларын тактаган эмес.

Каратаевдин оюнча, ошол эркиндик бүгүн жемишин бере баштады. Ал мамлекет чечкиндүү чараларды көрүш керек деп эсептейт. 

- Анткени бул багытта мамлекет тарабынан көзөмөл орнотулбаса, кандайдыр бир программа иштелип чыкпаса, анда бул карама-каршылык  сөзсүз түрдө өсөт. Мамлекет деген диний уюмдардын, секталардын иш-аракеттерине, табиятына көңүл бөлүп, көзөмөл орнотуш керек.

Мамлекет бардык ишенимдердин кепили

Мамлекет өзүнүн тарыхый басып өткөн жолун, менталитетин эске алып, Кыргызстанда салттуу делген православ чиркөөсүнө жана исламдын сунний багытындагы ханафит мазхабына артыкчылык берүү керек деген пикирлер да болууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев мындай пикирлер жөндүү болгону менен Баш мыйзам буга жол бербесин, Кыргызстан бардык диний ишенимдерге теңдик принцибин сакташы керектигин эскертти.

- Мамлекет светтик болгону менен эске алчу нерсе, бул жерде калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар жана православ христиандары. Бирок айрымдар айтып жаткандай, мыйзам алкагында азыр буга эч кандай жол жок.

Кыргызстанда өлкөнүн диний саясатын президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзөт. Өткөн айда өкмөттүн структурасы кайра каралып, кыскартуулар жүргөндө бул мекемени да жоюу чечимине келишкен. Бирок өлкөдө диний кырдаал татаал болуп турган чакта аны калтыруу зарыл деген пикирлер эске алынып, агенттик жоюлбай калды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тарыхчы
12.02.2012 18:02
Кыргыздар исламга чейин христиан болушкан. Тарыхты мусулман атеисттер бурмалашты.

кимден: Уланбек каяктан: South Korea
11.02.2012 17:07
Ассалом алейкум туугандар Rustam байке эң туура мисал келтирип кетти,ошого мен 200% кошулам .Анткени эң негизги мыйзамдуулук!Кайсыл жерде мыйзамдуулук болсо,ошол жерде тынч жашоо .

кимден: Жыргал каяктан: Ысык-Кол
10.02.2012 19:01
Биздеги диний абал ото кооптуу болуп баратат. Мен Япониянын 16кылымдагы окуясын келтирейин. Ал жерге Португалиянын кемелери келип уч айга токтоп турганга уруксат сураса Япониянын императору макулдугун берет, соода жургузуп алсын деп. Бир топ убакыт от кондо императордун жардамчысы эмне кылып атышканын билгенге кеменин капитандарын мейман кылып сурайт экен. Ошондо бир мейман сырын айтып бериптир. Корсо алардын христиан миссионерлери элге угут иштерин кылып япондорду христиан динине киргизе баштаптыр. Эмне максат менен угуттоп жатасынар десе, согушуп басып алганга караганга динге киргизип туруп басып алуу оной деп жооп бериптир. Бул кабар императорго жетет. Христиан динине кыска убакытта 40 000 япон кирип кетиптир. Баарын чогултуп оз дининерге кайткыла десе, алар биз чыныгы динди кабыл алдык мурунку дин жалган дин деп болушпайт. Император аларды олум жазасына тартып, португалдарды Япониядан кууп чыгып мамлекеттин бутундуулугун сактап калган.
Бугун биздин мамлекетке коптогон диний агымдар кирип алып Кудайга жамынып оздорунун саясаттарын таратууда. Азыр Кыргызстанга исламдын 70тен ашуун агымы, Христиандардын 100дон ашык агымы, мындан башкадагы толгон Муначылар, кришналар, саентологдор кирип келген. Суроо туулат-булар эмне себеп менен келишти деген?
Кыргыздар кудайды билбеген эл экен кудайды тааныталы деп келиштиби?
ЖОК! Алар кыргыздарды болуп жарып туруп оз саясаттарын жургузгону келген бузукулар! Молдокелер мени кечирип койгула чындык ушул!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2012 23:20
Сага 100% кошуламын Ар бир кичине дин уюмдары (Акрамий,вахабий, хизбут-тахрир,ахмадий ж.б. ) тынч гана билген намазыны окуп, Кыргызстандын конституциясын бузбай аны аткарып тынч жашаса го... булар ал мечитте же бул мечитте бийлик талаша баштайт..... ушул жерде улутчулдук, улуттук, копчулук азчылык дегендей оюндар башталып аран турган кыргыз элине болунуучулукту алып келет. Менимче Президент кыргыздар учун гана бир диндин болушуна токтом чыгарып калганына тыюу салганда калганы кынк дебей аткаруусу керек....антпесе динин да ,партиян да өзунун жеке * мансап, акча, дунуйө* учун болгон арам ойлорун Динге, Партияга жамынып кылгылыкты кыла баштайт.
Пикирге жооп

кимден: real-islam
11.02.2012 10:08
Урматтуу «аты-жөнү жок» тууган! Албетте, ар бир жаран да, ар бир диний агым да Кыргызстандын конституциясын бузбай, аны аткарып тынч жашашы керек. Бул абдан керектүү нерсе. Дин жөнүндө сиздин маалыматыңыз канчалык деңгээлде экенин билбейм го, бирок «ар бир кичине дин уюмдары (Акрамий, вахабий, хизбут-тахрир, ахмадий ж.б.)» деп Ахмадийлерди жогоруда сиз кеп кылган тайпалар сабына кошуп койгонуңузга мен абдан таң айран калдым. Себеби, бул агым эч кайсы жактан алардын сабына кирбейт. Буга далил: Ахмадия Мусулман Жамааты жер жүзүндөгү 200 өлкөдө ошол мамлекеттин баш мыйзамына моюн сунган бойдон ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Ушул күнгө чейин дүйнөдөгү бир дагы мамлекетте ушул Жамаатка «мыйзамды бузду» деген айып тагылган эмес. Бул Жамаатка каршылык көрсөтүлүүдө, айрыкча мусулман мамлекеттерде, анын ичинде биздин өлкөбүздө да катуу каршылык болууда, аталган Жамаат ошол каршылыкка сабыр кылат, мамилени Алла таалага тапшырат, Улуу Алладан жардам берүүсүн сурайт, бирок эч качан мыйзамды бузбайт. Биздин газета-журналдарыбызда жана телевидениелерибизден жогоруда кеп кылынган агымдар жөнүндө сөз кылганда, ыр саптары сыяктуу башкаларды сөз кылып жатып, Ахмадийлерди да бекерден бекерге кошуп коюшууда. Сиз да ошол окуганыңызды же укканыңызды көчүрүп салган турбайсызбы. Менин оюмча ким тууралуу ой-пикир жаза турган болсок, аны сөзсүз алдын ала тактап алыш керек, анан сөйлөө керек. Антпесе, кимдир бир бечара, алсыздын, бейкүнөөнүн көңүлүн калтырган болобуз. Жогоруда коюлган тема жөнүндө ой-пикир жазганда, албетте, илимий таризде, аргумент-далил менен ой-пикир жазууга аракеттенишибиз керек.

кимден: Rustam
10.02.2012 09:17
Урматтуу туугандар! Азыркы күндөр Ислам дини үчүн абдан оор күндөр болуп саналат. Ислам динин жек көрсөтүү максатында ар тараптан аракет жасалат, тилекке каршы айрым учурларда кээ бир мусулмандар да диний философияны жана диндин түпкү максат-мүдөөсүн түшүнбөгөндүктөн, ошондой тар көз карашка ээ болгондорго «көмөкчү» болуп калат. Мисалга, кээ бир адамдар Исламда толтура ар кандай агымдар бар, булардын көбөйүшү менен өлкөдө диний кырдаал татаалдашып, чоң диний кагылышуулар жүз бериши мүмкүн, ошон үчүн азыртадан аларга каршы «чара көрүп», аларды токтотуу керек деп айтышат. Ошентип, алар эртең мындай болот, тигиндей болот, жакынкы келечекте уруш болот деп өкмөттү да коркутуп турушат, анан өкмөттү дин жөнүндө катуу мыйзамдарды чыгарууга түртүшөт. Мен мына ошондой адамдарга суроо берет элем: дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө ар кандай диний агымдар жокпу, ошол жерлерде эмнеге кагылышуулар жок? Индияда ар бир диндин ар кандай агымдары бар, жакшы эле жашашат, качан алардын бирөөсү мыйзамды бузганда, кээде чыр-чатак чыгып кетет, ошондо Индия өкмөтү мыйзам чегинде чара көрөт. Индия өкмөтү индус дини «салттык» дин, муну калтырып, калгандарды токтотуп коюу керек дебейт го. Европада да дал ошондой, мен атайылап Азиядан мисал келтирдим. Айрым кишилер Кыргызстанды Ооганстан менен Пакистанга салыштырышат. Бул салыштыруу туура эмес, себеби бул эки өлкө эл аралык саясатка «жем» болду, Сауди Арабия менен Эран, Россия менен Америка үчүн согуш майданы ушул эки өлкө болду. АКШ Сауди Арабия аркылуу Пакистандагы «жихадчыларды» тандап, медреселерде Ыйык Курандагы айрым аяттарды бурмалап, жаштарды туура эмес тарбиялашкан, бул «кызмат» үчүн ал жердеги молдолор чоң-чоң «мал-мүлк» алышкан, муну азыркы мезгилде журналисттер жана саясатчылар ачык эле айтышууда. 80-жылдары миң-миңдеген бейкүнөө сунниттер жана шииттер өлтүрүлгөн. «Чоң» жана «көмүскө» күчтөр өзүнүн арам ойлорун ишке ашыруу үчүн динди пайдаланышкан. Мына ошонун айынан бүгүн Пакистан «өзү эккенин өзү жыйноодо». Аллага миң шүгүр, Кыргызстан али андан алыс. Бирок бул жерде да араб өлкөлөрүнүн «таасири» күчөп баратат. Алардын «жардамы» менен кээ бир диний «серепчилер» атайын ушул маселени көтөрүп, эл арасында паника салып, «салттык» дин деген идеяны шылтоо кылып, бир агымды жактырып, башкасын жамандап, акырындап «көздөлгөн» максаттарына жетишүүдө. Биздин дин жөнүндө маалыматы тайкы же диний билими чектелген депутаттар жана саясатчылар ушуларга ишенип, алардын тилин сүйлөй башташат. Чындыгында, маселе агымдардын көбөйүшүндө эмес, алардын мыйзамга баш ийбегендигинде. Ар бир диний агым мыйзам чегинде, бийликтен уруксат алып, катталып, анан өзүнүн уставына жараша иштесе, эк качан проблема болбойт. Кенедей өлкөбүздө саясий партиялар толтура го, эмнеге «салттык» партияны коюп, калгандарды токтотуп койбойбуз. Негизи, биз XXI кылымда жашап жатабыз. Адамдын ой жүгүртүү жөндөмөсү өнүгүп баратат. Биз анын үстүнөн «бийлик» жүргүзүү максатында аны мал сыяктуу бир жерге байламакчыбыз. Бул болбойт туугандар! Араб өлкөлөрдүн абалы алдыбызда турат, бул башкаларга сабак болушу керек. Качан орунсуз чектөөлөр коюлса, бийлик жарандардын укугун аткарбаса, жарандар бийликке жана мыйзамга чын жүрөктөн баш ийбесе, анда ошондой көйгөйлөр чыга берет. Мамлекетибиз светтик болгондуктан, диний жана саясий улууларыбыз Баш мыйзамды сыйлап туруп, бардык диний багыттарга бирдей укук берип, теңдик тартуулап, баарын мыйзам астында моюн сунууга чакыруулары керек.

кимден: Асатилла каяктан: Австрия
09.02.2012 18:58
Менимче Эзелтен бери келе жаткан *Сунни Ханафи* мазгабы менен иш жургузуп,Президент алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия токтом кабыл алып,башка майда -чуйдө кийинки динди таркатып,законду иштетип, *бири төө десе,экинчиси бээ деп* болуно бербей баарыбыз бир женден кол,бир жакадан баш чыгарып, элибиздин журтубуздун,мамлекетибиздин ар бир кыргыздын балдарыбыздын неберелерибиздин келечеги үчүн, өзүбүз шайлаган атуулдарды угуп, закон чегинде иш алып баруубуз керек го..... Ушул кыска ойлуулугубуздан бири -бирибизди сыйлабаганыбыздан же экономикада же жашоодо алдыга жыла албай бир жерде мына жыйырма жылдан бери ордубузда же болбосо мурда ата- бабадан бери келе жаткан баалуулуктарды жоготуп, Манастын урпактары эмес эле Манастын манкурттары болдук го......
Пикирге жооп

кимден: Almaz каяктан: Turkiya
11.02.2012 00:04
Манастын урпактары эмес, Манастын урпагы болгонубуз учун 2 жолу ынкылап жасабадыкпы? мындайды коншу олколор тушундода корбой жатат

кимден: Аман каяктан: Кыргызстан
09.02.2012 18:10

Кадыр Маликов туура айтат. Азыр Кыргызстандын туштугундо, чуйдун Карабалта шаарында деерлик баардык айылдарда болумдорун ачкан, Таблиги Жамаат уюуму эле коркунуч келтируудо. Алар ар бир уйго барып мечитке чакырымыш болуп оздорунун экинчи максатын аткарууда. Алар мечитке келген адамга диний баяндарды айтышып, акырында оздорунун жамаатына (Таблиги жамаатка) мучолуко тартышып "Дааватка чыкпасан болбойт" дейт да оздорунун уюмдарына мучолуко вербовка кылышат. Ал чыккан адам Таблиги жамааттын тартибин, уставын, методикасын, максатын, кантип хикмат иштетишти уйронуп келишет да мучо болуп калууда.
Таблигчилардин уйундо копчулугу телевизорду, радиону жийыштырып уй булосун да кыйноодо.
Коптогон Таблиги жамаатын мучолору бул уюмдун атын да , затын да билишпейт. Аларга качан гана ишеничке киргенде гана айтышат. Ар аптада оздорунун чогулушун (Машвара), Гашт (кыдыруу уйлорго), Рухий кенешин, Амир (башчыларын), жаны мучолорду тарту жб уюштуруучу иштерин аткарышып турушат. Ошолордун ичинде милиция да, аскерлер да, мам кызматкерлер да мучо болуп алышкан.
Кее бир айылдарда алардын саны 30% жетип калган.
Муну тез арада чара корбосо кыргызстан Афганстанга окшоп, Пакистан тарабынан башкарылып калышы эч кеп эмес.

Пикирге жооп

кимден: Almaz каяктан: Egypet
11.02.2012 00:23
оздорунун экинчи максатын аткарууда..Ас салaму алайкум аччык еле айтсан ал кайсыл максат? жазгандарына караганда Интернетти жакшы билет окшойсун, ал жакта 2-максаттарын дагы жазгандыр?
Аллахтан сен корксон боло алардан кандаи жамандык кутсо болот? ошол жамандыктарды санап берчи?
Кгтанды Пакистан башкарат дегенден , емне коркосун? Алар мусулмандарго? жэ сен алардын мусулманчылыгынан шектенесинби? Кргтанды азыр кимдер башкарып жатат? АКШ, менен Орустар туурабы? алар мусулманбы??? бирок суроону туура кабыл ал мен ал еки олкодо жашап жаткан мусулмандар жонундо соз кылган жокмун, болгону башчыларын еске алдым.
Тууганым дин joнундо жакшы билбесен аралашпаи еле кои, убактылуу жашоодо Кудаидын аитканын аткрып жашагaнгa аракет кыл, сен кандaи гана создорду аитпа, бул Аллахтын дини ал таркаи берет, биз тaрaтбасак бизден киинкилер таркатат, бул дин-ислам сага мага окшогондорго муктаж емес, суроолорго joоп jaзып коисон дагы жакшы болот, почтага еле, Аллах ак жолду ак корсотсун.
Пикирге жооп

кимден: bek каяктан: batken
10.02.2012 06:29
Shaitany kuchtuulor ushintip ele bilinip kalyshat anan. Kudai jolundagylarga shaitandar jana anyn adamdardan bolgon dostoru daiyma karshy turushat,birok alardyn karshy araketteri tekke gana ketet. Kaiaktagy jalgandardy tantyrap atasyn Amanbay,biraaz oilonup Kudaidan korkup jazsan bolo. Ichkilikten alys, soikulukka karshy,aram sozdon jana ishterden eldi kaitaryp,Kudaidan korkup namazyn okup,kyrgyz elim yimanduu bolup,yntymakta Islam menen jashasaken degen momun adamdar jaman bolso anda bashkasy kaida barat..!? Elge kandai korkunuch keltirip atat jana alardyn ekinchi maksattary emne ekendigin taktap jazbaisynby..? Jokta, emneni jazmak elen.Sen oiuna kelgendi ottoiber,el saga okshosh akmak emes,alardy ugup jakshy soz bolso eerchip jaman bolso tashtap alat. Sen shaytanyndy eerchip alardan kachyp jurober. Senin alar menen choguu oturup sozun ukkanga duhunda jetpeit, shaitanyn uruksatda berbeit.
Пикирге жооп

кимден: Аман каяктан: Кыргызстан
10.02.2012 18:39
Мен мусулманмын, озубуздун салттуу динибизге моюн сунам
жана эч кандай агымдарга кирген эмесмин. Эл дейсин эл Таблиги жамаат агымын билишпейт жана ал жонундо маалыматы да жок. Сен биринчиден интернеттен "Таблиги Жамааат" деп издеп кор ошондо тушуносун. Ал агым Пакистандан чыкканын, башкаруу системасын жана уставын. Дуйнолук Амирин, штабы кайерде жайгашканын.
Эмне баарын жалган деп Алланын жанында корксон боло.

кимден: ыклас каяктан: бишкек
09.02.2012 17:50
Салттуу деп биз кайсы диндерди айтышыбыз керек?Ооба ислам болушу мүмкүн дейли , бирок буддистер биз кыргызтанга исламдан мурун келгенбиз деп жатышат.Ошол эле провославдар 140 жыл, десе котоликтер 130 жылдан бери кыргыз жергесинде жашап келе жатабыз деп айтууда.Бизде дин эркиндиги бар башмыйзамда ачык жасылган ар бир жаран калааган динин тутат.Куранда айтылгандай динге зордуктап,күчтөп киргизүү жок.Бир адамдын ыйманга келүүсү Кудайдан.Эгер башка агымдар көбөйүп жатса мыйзам ченемдүү нерсе бирөөлөр жакшы иштебей жатат деп жүктү башка бирөөлөргө одара салсак болот.Салтту диндер деп эле россиянын мисалын алып же ошолорду тууро да тура эмес деп ойлойм.Биз өзүбүздүн элибизге ,мамлекетибизге туура келгендей иш чаралар жасасак.
Пикирге жооп

кимден: Rustam
10.02.2012 10:24
Сиз туура айтасыз. Жазган пикириңизге кошулам. БУУнун мыйзамдары да, өлкөбүздүн баш мыйзам да жарандарга каалаган динин тандоо укугун берет. «Салттуу» деген терминди өз кызыкчылыгы үчүн айрым диний адамдар жаратып алышты. Эгер алардын пикирин туура дей турган болсок, анда сунний багыты да салттыкка кирбейт, себеби ага чейин кыргыздын дини шаманизм болгон. Анда салттык дин деп шаманизм болушу керек. Кыргызстан диний эмес мамлекет. Кадыр Маликов мырзанын көз карашы абдан кызыктуу жана таңгалаарлык: ал айтмакчы, же сунний багытындагы мусулман болгула же православ христиан болгула, бул эки салттык багыттан башка багытты тандоо мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, эгерде бир адам кайсы гана себептен болбосун, сунний багытындагы Исламды түшүнбөй калды дейли, эмне кылыш керек, шиит болсо болобу, нурсичи болсо болобу, ахмадий болсо болобу, салафий болсо болобу, жок, Илам дининдеги башка багыттарды тандап болбойт, анткени ушул жерде салттык багыт суннийлик гана. Эми ал киши православ христиан болсо болот, эмне дегенде экөө гана салттык дин бар да, бул же тигил. Ооба, дагы бир жол бар, эгер ал адам башка өлкөгө кетип калса, ошол жердеги атуулдук алып калса, анда ал өзү каалаган динин же багытын тандаса болот. Урматтуу Кадыр Маликов мырза, сиз өзүңүзгө жаккан салт боюнча жүрө бериңиз, бирок башкаларды ошого мажбур кылбаңыз, кыямат күнү эч бир жан башка бир жандын жүгүн көтөрбөйт, сиз мен үчүн жооп бербейсиз, мен сиз үчүн жооп бербейм. Динди тандоо Алла менен пенде ортосундагы жеке мамиле. Ар ким өзү жактырган багытты тандай берсин, ага тийишпейли. Аягында айтат элем: машинелер мерседиз, тайота, ауди, лексус, порше, хаммер ж.б.ларга бөлүнгөнү үчүн кырсыкка учурабайт, тескерисинче жол эрежелерин бузганы үчүн авария болот, кудум ошондой көп агымдар жана диндер болгону үчүн кагылышуулар болбойт, тескерисинче өлкө мыйзамына моюн сунбаганы үчүн, баш мыйзамды сыйлабаганы үчун жаңжал чыгат. Келгиле баардыгыбыз башкалардын динин, көз карашын сыйлап-урматтап, мыйзамдуулукту үстүн кылалы.
Пикирге жооп

кимден: БахМундуз каяктан: Бишкек
09.02.2012 20:46
Туура, бирок куч колдонуудан мурда психологиялык согуш аркылуу жаштардын башын айлантып динге мажбурлоо менен киргизуу кучоп баратат. Турмуштун оордугуна чыдабай ар кандай социалдык жардылыктан ушул динге кирсем ишеним аркылуу баардык койгойлорум чечилет деп терен ишеним менен кирип кетип жатышат. Жонокой эле мисал, турмуштан жолу болбой калган кыздар намаз окусам мага бакыт келет деген тушунукто оздорунун психикасын чумботтоп жатышат. Айрымдар айткандай азыр мечиттерде жалан жалкоолор кудайдан тиленип жашап калышты, бул чындык. Ал эми мамлекет элдин тиричилик жашоосун жакшы жондой албай атып, мындай диндик пикир келишпестик жана башка комускодогу маселелерди чечууго туз кийлигише албай жатат. Мен дагы эркин адам катары арабдардын улуттук саясатын тануулаган диндин бурмаланган формасына каршымын. Балким Тенирчилик дагы бара бара оз ордун таап Кыргыздын улут болуп калышына чон из салып кетер.
Пикирге жооп

кимден: Almaz каяктан: Bishkek
11.02.2012 00:35
Аллахтын астында кабыл боло турган Дин ИСЛАМ , Тууганым егер сен Исламды кабыл албасан бул сенин оз еркин, бирок Мечиттерге барып бул динди карманып, жашап жаткан 85% Кыргыздар жонундо бир соз айтканга укугун жок.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине