Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Ташиевдин саламаттыгы начарбы?


Камалган депутаттарды бошотууну талап кылган митингден. Бишкек, 17-октябрь, 2012.
Камалган депутаттарды бошотууну талап кылган митингден. Бишкек, 17-октябрь, 2012.

Тергөө абагында отурган депутаттар Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун саламаттыгы жакшы эместигин акыйкатчы айтып чыкты.

Акыйкатчы Турсунбек Акун камактагы бул эки депутатты ооруканага дарыланууга чыгаруу боюнча дарыгерлердин бүтүмү каралбай жатканын белгиледи. Башкы прокуратура бул боюнча комментарий берген жок.

Каралбай жаткан өтүнүч

Акыйкатчынын айтымына караганда, атайын кызматтын тергөө абагында жаткан депутат Камчыбек Ташиевдин ден соолугу кескин начарлап жатат. Аны караган тергөө абагынын дарыгеринин чыгарган бүтүмү боюнча Ташиевдин ашказанында жара бар экени аныкталган. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн менен дарыгер Ташиев ооруканага чыгарылып, дарыланууга муктаж экенин эскерткен. Аны менен кошо камалган депутаттардын бири Талантбек Мамытов 3-октябрда алган соккудан мээси чайкалып, баш ооруга чалдыкканы байкалган.

Акыйкатчы Турсунбек Акун дарыгерлердин корутундусу тиркелген адвокаттын өтүнүчү бир жумадан бери каралбай жатканына токтолду:

- Ташиевдин ашказанында жара бар экени атайын кароо учурунда аныкталыптыр. Улукман деген мына ошол абактын дарыгери менен сүйлөштүм. Ал медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чын эле анын саламаттыгы жакшы эмес экенин тастыктады. Абактын дарыгерлер тобу Ташиев менен Мамытов ооруканага жатышы керек деп корутунду чыгарып бериптир. Бирок аны мына ошол тергөө тобу ушуга чейин карабаган эмес. Бул боюнча мен башкы прокурорго кайрылайын деп жатам.

Парламент депутаттары Камчыбек Ташиев, Талантбек Мамытов жана Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен 3-октябрда камакка алынган. Бул ишти мекемелер аралык тергөө тобу иликтеп жатат.

Жоопсуз калган суроолор

Башкы прокурордун орун басары Жаныбек Салиев бул маселе боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы болсо ал тууралуу комментарий бере албастыгын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токталиев аталган маселени кароого атайын кызматтын укугу жок экенин белгиледи:

- Өтүнүч өзү тергөөчүлөргө берилет да. Анан ал маселени мына ошол тергөө тобу чечет. Тергөө тобунун иши башкы прокуратура тарабынан көзөмөлдөнөт. Саламаттыгына байланыштуу алардын баш коргоо чарасын өзгөртсө болобу же болбойбу аны тергөө иликтеп чыгып, анан сотко өтүнүч келтирет. Бизде алар жөн эле тергөө абагында эле отурушат. Мунун бардыгын тергөө жана сот органдары чечет да.

Абакта отурган эки депутаттын саламаттыгы боюнча алардын айрым кесиптештери 13-декабрь күнү парламентте тынчсыздануусун билдиришти. Парламенттин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова бул боюнча мындай дейт:

- Ташиевдин ашказанындагы жарасы жарылып кетсе, анын арты жакшылык менен бүтпөйт. Ушундай жол менен кимдир бирөө атайын от менен ойногусу келип жатабы? Бизге ошол жагы түшүнүксүз. Ташиевдин саламаттыгы күндөн күнгө начарлап, жыйынтыгы жаман жагдай менен бүтүшүнө ким кызыкдар? Анын арты эмнеге алып келет? Биз мына ушул боюнча маселе көтөрдүк.

Буга чейин аталган эки депутаттын адвокаты саламаттыгына байланыштуу алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган болчу. Ноябрь айында депутат Ташиев ооруканага чыгарылып, бирок тергөөчүнүн психикалык экспертизадан өтүү сунушунан кийин кайра тергөө абагына кайтарылган болчу.

XS
SM
MD
LG