Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

ГЭСтердин баасы бычыла элек


Төрт ГЭС курулмакчы болуп жаткан Жогорку Нарын.
Төрт ГЭС курулмакчы болуп жаткан Жогорку Нарын.

Жогорку Нарында төрт ГЭСтин курулушу 12-июнда башталары белгиленген. Ишти баштоого “Русгидро” 1 млрд. рубль бөлгөнү кабарланган. Жалпысынан төрт ГЭСти куруу үчүн 400 млн. доллардын тегерегинде каражат жумшалары болжолдонгон. Бирок ал сумма 800 млн. долларга жетиши мүмкүндүгү айтылууда.

ГЭСтерди куруу үчүн каралган каражаттын көбөйүшү тууралуу маалыматты расмий органдар тастыктабай жатат. Энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев бул суроого ачык жооп бериштен кыйгап, бирок сумманын көбөйүшүн жаңы курула турган ГЭСтердин санынын да көбөйүшү менен байланыштырды:

- Маселе мындай, азыр маселе башкачараак болуп жатат. Биз ГЭСтин санын көбөйтүп жатабыз. Төрт ГЭС эмес көбүрөөк ГЭС курулганы жатат. Ошолор такталып жатат. Так маалыматты 12-июнда беребиз.

Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу үчүн 450 млн. доллар сарпталары айтылган. Бирок жаңы маалыматтар боюнча, ал сумма дээрлик эки эсеге өсүп, 800 млн. долларга бармакчы.

Баалар канчалык өссө, Кыргызстан үчүн ошончолук пайдасыз болот. Анткени ГЭС өзүн-өзү актаганга көп убакыт талап кылынат. Ал эми ГЭСтер өзүн-өзү актаганга чейин толук орус тараптын көзөмөлүндө болот. Актагандан кийин эки өлкө 50% ээлик кылат. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча да ушундай формада келишим түзүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков мындай бөлүштүрүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келерин билдирген:

- Бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына түп-тамыры менен каршы келет. Баарын эсептешип бүткөндөн кийин да түбөлүк 50% пайдасын алып жүрө турган келишим болуп калды. Алтын боюнча келишим дагы мындай эмес эле.

Электр станциялар акционердик коомунун эксперти Алексей Зырянов ГЭСтердин баасы боюнча маселе так аныктала элек дейт:

- Баалар аныкталуу стадиясында турат. Ошондуктан маселе каралып жатат. Азыр техникалык маселелер чечилип, ал эми финансылык жагы кийинчерээк каралат. Анткени техникалык маселелердин чечилиши менен курулуштун суммасы аныкталат.

Көз карандысыз энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев дүйнөлүк стандарт боюнча орто жана чакан ГЭСтерди курууга кете турган каражат тууралуу буларды айтты:

- Дүйнөлүк практикада 1 мегаватт иштеп чыга турган курулушка 1 млн. доллар сарпталат. Бизде арзан болуш керек. Бизде 1 мегаватт 850-900 миң доллар болуш керек эле. Анткени биз Жогорку Нарындын ГЭСтеринин курулушуна ыңгайлуу шарттарды түзүп атабыз. Биринчиден, жер жана башка салыктардан бошоттук. Бажы төлөмдөрүн албайбыз. Экинчиден, арзан электр энергиясын пайдаланат. Курулуш материалдары да арзан болот. Шагыл, кум, цемент пайдаланат. Жумушчу күчтөр да арзан болот.

Расул Үмбеталиевдин эсеби боюнча, Жогорку Нарында төрт ГЭСтин кубаттуулугу 237 мегаватт болот. Ошого жараша курулуш үчүн 200 млн. доллардан ашуун каражат жумшалышы керек эле.

Министр Осмонбек Артыкбаев жаңы кошумча ГЭСтер жөнүндө сөз кылып жатат. Бирок Кыргызстан менен Орусия жетишкен келишимде төрт ГЭС, Ак-Булуң, Нарын-1, Нарын-2 , Нарын-3 ГЭСтери жана Камбар-Ата-1 жөнүндө гана сөз болгон.

12-июнда Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушу башталышы белгиленген. Ал үчүн орус тарап 1 млрд. рубль же 30 млн. доллардан ашуун каражат бөлгөн. Мына ошол курулуштун башталыш аземинде так маалымат айтылары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG