Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Ош: Черемушкини калыбына келтирүү иши токтоп турат


Былтыркы коогада көбүрөөк жапа чекти делген Ош шаарындагы Черемушки кичирайонунун тургундары өрттөлгөн турак-жайлардын ордуна жаңы үй курууга уруксат берилбей жатканына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик коогалаңда өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүү иштерине бут тосууда.

Ош жана Жалал-Абадда жабыркагандардын турак-жайларын калыбына келтирүү иштеринин экинчи баскычы башталганына бир айдан өттү. Айрым аймактарда үйдүн жерпайын куюп жатышат.

Бирок Сулайман тоонун түштүк ыптасындагы Черемушки кичирайонунда жерпай түгүл баштапкы курулуш материалдары да түшүрүлгөн эмес.

Черемушкиде коогалаң маалында өрттөнүп кеткен үйлөр
Бул район былтыркы июнь коогасында көбүрөөк жабыр тарткан аймактардын бири. Мында кыргыз, өзбек жана башка улуттар аралаш жашайт. Өткөн жылдагы мүшкүл алардын баарынын башына бирдей түшкөн.

Аймакка барганыбызда алгач күйгөндөн калган дубалдар, өрт чалган зым карагайлар көзгө урунду. Мында 283 үй өрттөнүп, жарактан чыккан. Бул жерде жашагандардын көпчүлүгү үй урандыларын тегиздетип, анын ордуна жаңы турагын салдыруу үчүн белендеп коюшуптур.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын биринчи планы боюнча аймакта үйлөрдүн жерпайлары июндан тартып куюла баштамак. Бирок ал аткарылбай калгандан кийин түзүлгөн экинчи планда деле жерпай июнду ортолоп башталып, июль айында дубалдар тургузулмак.

Аймактын тургуну Назира Хасанова жергиликтүү бийликтин айынан экинчи план дагы ишке кирбей жатканын айтат:

- Эмгиче курулушка уруксат бербей жатышат. Архитектура качан бүтүм чыгарып бергенде уруксат беребиз деп атышат. Архитектура да үч айдан бери эч нерсе кылган жок. Демек дирекция куруп берем деп атса, жергиликтүү бийлик уруксат бербей жатат. Анан эми эл аралык ДиЭрЭс уюму эгер уруксат бербесе, биз жыйналып, кетебиз деп атат. Анда бизге ким куруп берет?

Назира айымдын коңшусу Зейнегүл Шакирбаева да жаңы конуштун босогосун эртерээк аттасак деген ниетте. Үй маселесинин жанында тамак-аш, кийим-кечек сыяктуу көйгөйлөр да арткы планга жылып кеткендей.

Зейнегүл Шакирбаева
Буга байланыштуу Ош шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетовду кабылдамасында түш оогуча күтүп, андан кийин жумуш күнү бүткүчө телефон чалып да жооп ала албадык. Эки орун басары башчысынан уруксатсыз комментарий берүүдөн баш тартышты.

Черемушкиликтердин айткандарына караганда, шаардык архитектура башкармалыгы курулушу совет мезгилинде долбоорлонгон районду жаңыча архитектуралык план менен салмай болуп жатыптыр. Бирок ошентип буга расмий жооп болгон жок.

Мындан тышкары бул райондо жашагандарды электр энергиясы үчүн келген олчойгон эсептер да кыйнап жатыптыр. Тургундар калабадан кийинки айларда 2 миңден 8 миң сомго чейин эсептер келгенин айтат.

Коогалаңдан соң электр эсептегичи жок калышкан тургундар электр акысын альтернативдик эсеп менен төлөп келишкен. Черемушкилик Фарида Рахимова коогалаңдан кийин келген эсепти төлөөгө чамасы жетпесин билдирди:

- 5 миң сом болуп келди. Уруштан кийин 2 айдан кийин эле. Бирок мен ал учурда бул жерде жашаган эмес болчумун. Уста иштеткенде гана келдим, анда да очокто тамак жасап жаттым. Электр жаккан жокмун ал учурда, электр болгон да жок. Мен эми эмне кылып, кимге арызданышым керек? Төлөгөнгө кудуретим жетпейт.

Бул маселе боюнча Ош шаардык энергия сатуу мекемесинин жетекчиси Тилек Жолдубай уулу аталган аймактагылардын мурдатан карыздары болгонун, ошентсе да ортодогу чырды атайын комиссия да иликтей турганын айтты. Учурда Ош шаары боюнча июнь коогалаңында жабыр тарткан жарандардын электр үчүн карызы 9 млн. 400 миң сомго жетиптир.

Тилек Жолдубай уулу
- Черемушкадагы үйлөрдө уруштан кийин жашап, электр жагып атышты да. Көпчүлүгү электр эсептегичтери жок жашап атышты. Аларга биз орточо тарифти эсептеп бергенбиз да. Мурункудан да карыздары бар.

Эми бул боюнча биздин, дирекциянын кишилери бар. Абоненттердин тизмесин жолдогонбуз. Акча которуп беребиз, төлөп беребиз, жардам беребиз деп айтышкан. Ошону күтүп атабыз азыр.


Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын басма сөз кызматы электр чырын иликтей турган комиссия түзүү сунушу болгонун, бирок анын түзүлгөн-түзүлбөгөнү белгисиз экенин билдирди. Алардын айткандарына караганда, мындай көйгөй Оштогу Шарк, Фуркат айылдарындагы жабыркаган абоненттерде да бар.

Айтмакчы, черемушкиликтер өткөн жылдын ноябрында коогада жабыр тарткан абоненттерди 2013-жылга чейин коммуналдык төлөмдөрдөн бошоткон буйрук чыкканын билдиришти. Бирок муну дирекция да, мэрия да, энергия сатуучулар да ырасташкан жок.

XS
SM
MD
LG