Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Көк бөрү талашка түштү


Жергиликтүү активисттер улуттук көк бөрү оюну башка улуттарга таандык болуп кетиши мүмкүн деп коңгуроо кагышууда.

Алардын айтымында, эгер бийлик аракет кылбаса, аталган улуттук оюн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине башка өлкөнүн атынан катталышы мүмкүн.

Коомдук активисттердин коңгуроо кагышына Казакстандын массалык маалымат каражаттары көк бөрүнү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине ошол улуттун атынан кирерин жазып жатканы себепчи болгон.

Активисттердин пикиринде, көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кыргыздардын улуттук оюну катары катталышы абзел. Демилгечилердин бири Фархат Бабиевдин айтымында, улуттук оюндун аталышы да анын кыргыз элинин мурасы экендигин тастыктап турат:

- Тарыхчылардын айтымында, илгери биздин ата-бабалар тирүү бөрүнү ат үстүнөн ары-бери тартып ойношкон. Ошондуктан оюн “көк бөрү” деп аталып калган. Оюн башка тилде мындай аталбайт. Казактарда бул оюн “көк пар” деп айтылып жатат. Аларда “пар” деген эч нерсени түшүндүрбөйт. Алар “карышкырды карыскыр” дейт да. Ал эми кыргыздар бөрү деп айтышкан. Бул жагынан караганда деле аталган оюн биздин улуттук мурас.

Соң-Көлдөгү көк бөрү оюну
Соң-Көлдөгү көк бөрү оюну

Фархат Бабиев учурда Казакстан көк бөрүнү өз өлкөсүнүн атынан ЮНЕСКОго каттатуу боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын айтты.

Коомдук активисттер кыргыздын улуттук көк бөрү оюнун сактап калууга өлкө жетекчилери да колдоо көрсөтүш керек дешет. Активисттердин бири Аманбол Бабакулов:

- Биз президентке, өкмөт башчысына, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана коомчулукка кайрылып, көк бөрү оюну кыргыздын улуттук оюну катарында сакталып калышына көңүл бурууга чакырабыз. Бул багытта бардык тармакта эксперттер биргеликте иштешпесе, улуттук баалуулуктан кол жууп калышыбыз мүмкүн. Балким бул оюнду казак эли же дагы башка элдер илгертеден ойноп келишкенин тарыхчылар далилдешсе, анда орток оюн катарында ЮНЕСКО тизмесине сунушташсын.

Бабакулов “көк бөрү оюну эзелтен кыргыз элинин улуттук оюну катары калыптанып, кийин жалпы Борбор Азиядагы улуттарга жайылган” деген пикирде экен.

Көк бөрү федерациясынын директорунун милдетин аткаруучу Султан Бекташов сөз болуп жаткан ат оюнун Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча тийиштүү документтер былтыр эле жөнөтүлгөнүн билдирди:

- 2014-жылдын башында ЮНЕСКОнун улуттук маданий, руханий иштер боюнча изилдөө борбору менен чогуу көк бөрү оюнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине каттатуу боюнча атайын документ даярдаганбыз. Буга биздин Көк бөрү федерациясы да жардам берген. Кыскасы бул бүткөн иш. Быйыл ал 2015-жылы июнь айында каралыш керек болчу. Бирок комиссиянын иши жылып калды окшойт. Мен азыр ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясына чалып сурасам ноябрга жылганын айтты.

Султан Бекташев ЮНЕСКОнун комиссиясы көк бөрү оюнун көчмөн элдердин орток мурасы катары катташы мүмкүндүгүн да танбады. Мындан сырткары маектешибиз учурда дүйнөлүк көк бөрү оюнуна бирдиктүү эреже катары кыргыз көк бөрүчүлөрү сунуштаган эреже кабыл алынганын кошумчалады.

ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктар боюнча эксперти Динара Чоочунбаева “Азаттыкка” маек берип жатып, учурда Кыргызстандын атынан материалдык эмес маданий мурасы катары тизмеге кирүүгө сунушталган улуттук баалуулуктарды санап өткөн болчу:

- Биринчиден, улак тартыш азыр кезекте турат. Экинчиден, биздин чеберлерибиз калпак менен элечекти даярдап жатышат. Кийинкиси - кара жорго кыргыз бийи.

Чочунбаева мындан сырткары кээ бир көчмөн элдердин улуттук мурастары бир нече улуттун орток мурасы катары катталарын айткан. Маселен, боз үй буга чейин тизмеге кыргыз-казак орток мурасы катары киргизилген.

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан буга чейин "Манас" үчилтиги, айтыш, Сулайман Тоо жана шырдак, ала кийиз кирди. Коомчулукта кыргыз өкмөтү тизмеге катталган мурастарга эл аралык уюм тарабынан коюлган милдеттенмелерди аткарбай келатканын сындагандар бар.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG