Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:10

Саясат

Блейк: Кыргызстан Борбор Азияга үлгү боло алат

Кыргызстанда демократиянын андан ары өөрчүшүнө, адам укуктары жана сөз эркиндигинин биротоло орун алышына Америка Кошмо Штаттары бардык жагынан кол кабыш кылат. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына эксклюзивдик маегинде АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк билдирди.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк жана Султан Жумагулов, 2-декабрь, 2011-жыл
Текст көлөмү - +


Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Кыргызстандын жаңы президенти Алмазбек Атамбаев менен мурда-кийин тааныш белеңиз, ант бергенден кийин кездешкенде эмнелер тууралуу сүйлөштүңүздөр?

Роберт Блейк: Мен бул иш-чарага АКШ өкмөтүнүн, президент Барак Обаманын жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун атынан келип отурганыма абдан кубанычтамын.

Бул алгачкы ирет президенттин бийлиги демократиялуу жол менен алмашкан тарыхый окуя болду. Буга чейин мен Атамбаев менен премьер-министр кезинде жолуккам. Анда биз демократияны өнүктүрүү жаатында сүйлөшкөнбүз.

Ант берүү аземинен кийин дагы жолугуштук. Ал Кыргызстандын мыкты лидери болооруна үмүтүм чоң. Атамбаевге АКШ былтыркы окуялардан кийин Кыргызстанда ушундай демократиялуу өзгөрүү болуп жатканына ыраазы экенин билдирдим. Бул багыттагы жардам дагы улаанарын айттым. Анткени Кыргызстан бул жагынан жалгыз Борбор Азия эмес, бүткүл дүйнөгө мыкты үлгү көрсөтүүдө.

Ошол эле маалда алдыда аткарылчу иштер да сөз болду – түштүктөгү улуттар аралык жарашуу, сот системасын күчтөндүрүү, Ооганстандагы АКШ менен Кыргызстандын кызыкчылыгы төп келген максаттар. 

“Азаттык”: Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик демократияны тандады. Бул система Азия регионунда кыртыш алды, башка региондук өлкөлөргө өрнөк боло алат деп ишенесизби?

Блейк: АКШ ар бир өлкө өзүнө ылайык системаны тандап алууга акылуу деп ишенет. Кыргызстан болсо парламенттик системаны тандаганын биз сыйлайбыз жана колдон келген жардамыбызды берип келатабыз. Мисалы, бул системаны мыйзамдык жактан бекемдөө жаатында парламенттеги комитеттер менен иштешип жатабыз. Парламент менен коомчулук ортосунда маанилүү маселелер боюнча ар дайым ачык талкуу болушуна көмөк көрсөтүүдөбүз.

Бул системаны өнүктүрүүдө жарандык коомдун ролу абдан чоң. Кандай болбосун өлкөдө эркин системанын калыптанышына – ал жерде мыйзамдын үстөмдүгү жана элдин колдоосу өтө болушу зарыл. Кыргызстанда биз ушул эки нерсени көрө алабыз.

“Азаттык”: АКШнын Кыргызстанда бир катар программалары бар, алар улантылабы, дегеле жаңы жетекчилик менен мындан аркы алака-катышы кандай нукта өнүгөт?

​​Блейк: Ооба, АКШ өкмөтү программаларын улантат. Былтыркы апрел, июн окуяларынан кийин ал жардамдарды эки эсеге көтөрдүк. Андан сырткары демократияны өнүктүрүүдө АКШ Кыргызстанга ар дайым кол кабыш кылаарын президент Барак Обама Атамбаевге жолдогон катында белгиледи.

“Азаттык”: Алмазбек Атамбаев биз Орусия менен түбөлүктүү доспуз, шериктербиз деп келген, инаугурациялык сөзүндө да аны эки сыйра тастыктады. Ошол эле кезде көптөгөн жардамдарды берип жаткан АКШны эскерген жок. Ошондон улам эксперттер АКШнын Атамбаевге көз карашы кандай болоор экен деген суроо коюп жатышат...

Блейк: Кыргызстан ушул күнгө чейин Орусия, АКШ, Кытай жана жана чөлкөмдөгү башка маанилүү өлкөлөр менен тең салмактуу достук мамилесин кармап келатат. Бул туура саясат болгон. Кандай болбосун мамлекет ошондой жолду тандашы керек деген ойдобуз.
Биз адам укуктары, сөз эркиндигин өнүктүрүүдө бардык өлкөлөргө бирдей мамиле жасайбыз. 

АКШ, өзүңөр билгендей, Орусия менен кызматташтыкты «кайра жандантуу» багытында катуу иштеп жатат. Борбор Азиядагы биз үчүн өтө артыкчылыктуу багыттардын бири – бул жерде Орусия менен биргеликте иштешүү. Анткени бул чөлкөмдө жана Ооганстанда Орусия менен бир топ жалпы кызыкчылыгыбыз бар жана ушу тапта эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлине абдан курсантпыз деп айта алам. 

“Азаттык”: Ооганстан демекчи, ОДКБнын баш катчысы Николай Бордюжа орусиялык Росбалт агенттигине курган маегинде Ооганстандан эл аралык күчтөр толук чыгарылаары күмөндүү деп айтты. Ошондой эле Бордюжа эгер АКШ күчтөрү толук кетсе, ОДКБга мүчө өлкөлөр кирген аймакта кырдаал курчушу мүмкүн деген экен. Бул ОДКБ жана Орусия жетекчилиги чын эле кырдаал опурталдуу экенин сезип жатканын билгизеби же жөн-жай адамдар биле бербеген сыр жатабы?

Блейк: Кийинки аптада мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Германиянын Бонн шаарындагы 83 өлкө катыша турган чоң жыйынга барат. Ал жыйында дал ошол Ооганстандагы кырдаал талкууга алынат. Экономикалык маселелер да каралат.

2014-жылдан кийин эл аралык аскер күчү азайган күндө деле ошол жакта калгандарына үйрөтүү иштерин уланта беребиз. Андан кийин да Ооганстандагы жагдай боюнча Кыргызстан жана чөлкөмдөгү башка өлкөлөр менен кеңешүүнү токтотпойбуз, анткени Кыргызстандын бул боюнча көз карашы жана кеп-кеңеши биз үчүн абдан маанилүү.  

​​“Азаттык”: Атамбаев ант алганга чейин эле "Манастагы" транзиттик борбор 2014-жылы Кыргызстан аймагынан чыгарылат деп эки жолу билдиргени бар. Буга АКШ элчиси Памела Спратлен Кыргызстандын жаңы бийликтери менен бул маселени дагы талкуулайбыз деп жооп кайтарды. Андай талкуу качан болушу мүмкүн, АКШ эмне сунуш менен келет?

Блейк: Биринчиден, Атамбаевге ыраазычылык билдиребиз, себеби ал келишим күчүндө калат, 2014-жылдын аягына дейре транзиттик борбор Кыргызстанда турат деп дагы бир ирет ырастады. Азыркы келишим аягына чыккан соң кийинки келишим тууралу жаңы президенттин командасы менен сөз кылууга биз даярбыз. Азыр божомолдоо татаал, бирок биз ар кандай диалогго макулбуз.

“Азаттык”: Адам укуктары жана эркиндиктери деген америкалык баалуулуктар бардык эле жерде текши иштебейт деген көз караш бар. Маселен, Борбор Азиядан адатта АКШнын Өзбекстандагы саясатын мисал келтиришет. Вашингтон илгери пландары жана кызыкчылыктары болгондо Ташкент менен сүйлөшүүгө барат, бирок адам укуктарын анда эске алышпайт деп калышат. Мындай дооматтар канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?
Кыргызстан ушул күнгө чейин Орусия, АКШ, Кытай жана жана чөлкөмдөгү башка маанилүү өлкөлөр менен тең салмактуу достук мамилесин кармап келатат. Бул туура саясат болгон. 

Блейк: Биз адам укуктары, сөз эркиндигин өнүктүрүүдө бардык өлкөлөргө бирдей мамиле жасайбыз. Бирок Кыргызстан демократияны өнүктүрүүдө абдан чоң жумушту аткарды. Бирок дагы аткарылчу жумуш толтура. Биз аны уланта беребиз деп маалымдайт элем.

“Азаттык”: Экс-президент Роза Отунбаеванын демократияга чоң салымы белгилүү. Анын бай тажрыйбасын, мисалы, АКШ администрациясы пайдаланабы?

Блейк: АКШ президенти Барак Обама жана мамкатчы Хиллари Клинтон Отунбаеваны абдан сыйлайт жана лидерлик сапатын жогору баалашат. Ал Кыргызстан оор абалда турганда мамлекетти башкарганын айтышат. Роза Отунбаева президенттик кызматтан кеткенден кийин деле Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп, демократияны чыңдоого жардам берээри бизге маалым. АКШ дагы Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрүүгө жардам берет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Марс каяктан: Казакстан
03.12.2011 12:12
Ооба, бул жолду, бул дегеним Демократия жолун, парламенттик-президенттик башкарууну тандап алганыбыз, ал эмес тандамак турмак, кучко салып, буга чейин башкарып келген жеп-жутар, канкор президенттерди кууп жиберип, ЭЛДИН аркасынан курулган Демократия болуп жатат.Азыркы бийликке келгендер, келе жаткандар, ушул жагдайлардын баарын тушунушсо тузук, тушунушпосо, ЭЛ учун баягы эле мамайдын кору болуп калат!!!!!!! Орто Азия боюнча ушул Демократия жолун тандаганыбыз жакшы, мактоого татырлык иш болду. Бирок......!!!!!!! СССРдин чачыранды мамлекеттеринин ичинен, биринчилерден болуп Сомубузду чыгарып, ошол убакта мактоого татыганбыз, бирок озубуздон башкага эч кимге кереги жок болуп калды!!!!!! Мисалга, Кыргызстандан башка валюта алам десен, каалаганынды табасын, биздин сомду жаныбыздагы эле коншуларыбыз, Казактар менен Озбектерден дагы таба албайсын, башкасын айтпай эле коелу. Демек мактаганыбыз акталган жок. Экинчиси ВТОго( Всемирная Торговая Организация) ага дагы биринчилерден болуп киргенбиз. Киргенибиз жакшы, бирок пайдасы жок болуп жатпайбы, аны кыйратып койгонсуп, бироолордун, биздин бийликтегилердин мурдунан жип байлап алып, ары тартса ары барып, бери тартса бери келип, ТС кошулабыз дегенине жол болсун. Анда эмесе экинчи мактанганыбыздан дагы пайда чыкпаптыр, бийликтегилердин чабалдыгынан, начарлыгынан, коркоктугунан. Ошон учун азыркы тандаган Демократия жолунда Кыргыз элинин тобосун көккө жеткиребиз, Мамлекетибизди тез эле байытып жиберебиз дегендерди али коро жатарбыз. Ал эми азыр Элибизге эмне керек, 1. Чек арабыздын бекемдиги, 2. Жерибиздин бутундугу, З. Элди жумуш менен камсыздандыруу жана аз дагы болсо, айлык, пенсия, пособияны убагы менен берип, эгер бийликтегилердин баштары иштеп, колдорунан келсе, ошолорду кобойтконго аракет кылышса деген эле умут. Рахмат

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.12.2011 21:54
кыргызстан америка базасын 2020

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине