Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Мамытов: Антитеррордук борбор Кыргызстанга керек


Кыргыз бийликтери Баткенде антитеррордук борбор ачуу зарыл деп АКШны ишендирүүдө. Кыргыз парламентинин депутаты, генерал-лейтенант Токон Мамытов мындай борбордун жол-жобосун алдын ала аныктоо керектигин “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Чын эле азыр Ооганстан жана Тажикстан тараптан коркунуч барбы?

Токон Мамытов: Коркунуч Ооганстан тараптан бар. Ал эми Тажикстан тараптан анча деле коркунуч жок. Анткени Тажикстандын куралдуу күчтөрү өзгөчө былтыр жайында, күзүндө бир топ жакшы аскердик, антитеррордук операцияларды өткөрүп, Мулло Абдулло жана башкалардын баарын колго түшүрүп, атчусун атып, камаганын камап салышпадыбы.

Бирок азыр Ооганстанда жайгашкан эл аралык антитеррордук коалиция ушул жаздан тарта жай-күзгө чейин террордук, мыйзамсыз аскер күчтөрүнө каршы аябай сокку урушат. Албетте анан ал жерде жашынып, качып жүргөндөр, алардын ичинде тажик, өзбек, кыргыз, казак, орус жарандары, кавказ жана кээ бир мусулман автономдуу республикаларынын адамдары бар.

Ошолор кайда качат? Батышка барса аларды камап салат. Араб өлкөлөрүндө аларды атып салат. Уйгурлар Кытайга бара албайт, ал жакта да тиешелүү чаралар көрүлөт. Албетте алар туруктуу эмес жагдайды пайдаланып, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусиянын Кавказ региондорунан өткөнгө аракет кылат. Биз ошого даяр болушубуз керек.

Токон Мамытов
“Азаттык”: Алар Ооганстандан Кыргызстанга Тажикстан аркылуу келе турган болсо, анда төрт чек арадан өтүшү керек болот. Ошондой тосмодон кантип өтүшөт?

Мамытов: Буларда паспорт менен проблема жок. Алардын бардыгы Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары. Экинчиден, бул өлкөлөрдүн чек араларында тоолуу аймактар бар. Ал жерди кайтаруу абдан татаал. Буга чейинки окуялар эмнени далилдейт? Чек ара тиешелүү деңгээлде кайтарылбайт. Жанагы өткөөл аймактар, тоодогу жолдор бар. Ал жерден пайдаланып өтүп кетиши ыктымал.

“Азаттык”: Баткенде антитеррордук окуу борборун ачууга буга чейин АКШ, ошол эле убакта Орусия да кызыкдар болду эле. Ал убакта мындай демилгеге коңшу Өзбекстан каршы болгон. Эми ЖККУ да бар. Негизи ушундай жагдайда маселе кандай чечилиши керек?

Мамытов: Мурда президент Курманбек Бакиевдин учурунда бул борбор Орусияга да, ошол эле маалда АКШ тарапка да сунушталган. Бир беткей болбой, эки тарапка ойногон. Ошолорду байкаган Орусия менен АКШ бир аз баш тартып калышкан.

Өзбекстан "ансыз деле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара такталбай жатса, чек арада жаңжалдар болуп жатса, ошого карабастан силер чек арага жакын региондо антитеррордук борборду курганы жатасыңар, ал жерге чет өлкөлүк аскерий машыктыруучуларды алып келип жатасыңар, ушул жагы кандай болот?" деген мааниде сөз көтөргөн.

Аңгыча ыңкылап болуп, маселе ачык бойдон калган. Эми кайсы бир себептер менен бул маселе кайра көтөрүлүп жатат. Бирок мунун оң жана терс жагы да бар. Биринчиден, бизге ушундай борбор керек. Өзүбүздө ошондой борбор жок болгондон кийин Коргоо министрлигине, УКМКга, ИИМге ушундай бир кадр даярдаган биргелешкен борбор керек.

Экинчиден, АКШ менен Орусия тарап айткандай биз кошуналар менен да, ЖККУга кирген мамлекеттер менен кичине макулдашпасак да, бир аз ой пикир айтып койсок туура болот беле деп ойлойм.

Негизи мында өтө деле коркунуч жок. Биз Тышкы иштер министрлиги аркылуу кошуналар менен тиешелүү деңгээлде кандайдыр бир ой-пикир алмашуу процессин башташыбыз керек. Азыртадан эле күтпөй. Баягы демилгени өзүбүз алып, биз башташыбыз керек.

“Азаттык”: Эгер антитеррордук борбор ачыла турган болсо, ал жерде кимдер болушу керек? АКШнын күчтөрү же машыктыруучулары келеби же Кыргызстандын өзүнүн эле күчтөрү болобу?

Мамытов: Эгер АКШ борборду куруп калса, биз андагы инструкторлорду, мугалимдер курамын өзүбүз карашыбыз керек деп аларга айтышыбыз керек. Кимди чакырабыз? Балким Кытайдан же Орусиядан адистерди чакырабыз. Алардын да тажрыйбасы чоң. Ошол эле Израиль, Германия, АКШдан чакырабыз. Анан ЖККУга кирген өлкөлөрдө деле кадрлар бар да. Мүмкүн алар ай сайын келип окутуп тураар. Башкача айтканда, ушул формасын такташыбыз керек. Азыр ушуну сүйлөшүш керек.

“Азаттык”: Кыргызстан жардам сурап жатып ушундай шарттарды койо алабы?

Мамытов: Эмне үчүн койо албайбыз? Биз азыр куруп бергиле деп жатабыз, анан биз ушундай пайдалансак эмне үчүн болбойт? Албетте эгер АКШ “жок, өзүбүз куруп, өзүбүз окутабыз” десе, анда биз ойлонушубуз керек. Эмне үчүн булар куруп, анан окутат? АКШнын антитеррордук күрөш боюнча шарты бөлөк. КМШ мамлекеттеринин абалы окшош. Террорчулардын дагы жасаган иш аракеттери окшош.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG