Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Өзбекстан Кыргызстандын чек ара тосуусуна каршы


Баткендин Бүргөндү өрөөнүндөгү Өзбекстандын газ ишканасы.
Баткендин Бүргөндү өрөөнүндөгү Өзбекстандын газ ишканасы.

Баткендеги Бүргөндү аймагына чек ара тосмолорун орнотуу аракетине Өзбекстан нааразылык билдирүүдө.

Мындай маалымат өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин өткөн жуманын этегинде Баткен облусуна жасаган иш сапары учурунда айтылды. Буга чейин Кыргызстан Бүргөндү аймагындагы эки өлкө тарабынан макулдашылган 19,3 чакырым чек араны тосмолоо аракетин баштаган. Өзбекстан болсо бул макулдашууга убагында шашылыш кол коюлганын айтып, аны тааныбай турганын билдирип жатат.

- Азыр Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан менен чектеш аймакка инженердик шаймандарды орнотуп, тосмолоого техникаларыбыз даяр турат. Бирок кошуналар нараазылыгын билдирип жатышат. Биз болгону эки тараптуу макулдашууларга жетишилген чек араны гана тосолу деп жатабыз”, - деди Чек ара кызматынын башкы башкармалыгын жетекчиси Абдыкерим Алимбаев.

Бүргөндүлүктөр тез арада аймактын чек арасын тосмого алып, Өзбекстан тартып жаткан мунай менен газды Кыргызстанга өткөрүп алууну талап кылышууда.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Өзбекстан Кыргызстандын аймагынан мунай өндүрүп, жер салыгын төлөбөй келет. Айрым маалыматтарда аймакта суткасына 20 тоннага чейин мунай өндүрүлгөнү кабарланууда. Кыргыз тарап он жылдан бери Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан өндүрүп жаткан газ, мунай мекемелерин кайтара албай келет.

Бүргөндү аймагындагы мунай, газ чыккан жерлерди Кыргызстан өз аймагы катары эсептээри, эч кандай талаш маселе жок экени көптөн бери айтылып келет. Бирок өзбек тараптын буга дооматы бар.

Баткен облус башчысынын орун басары Саитжан Эратовдун буга чейин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 2009-жылга чейин Өзбекстан тарап массивдеги алты чакырымдан башка жерди Кыргызстандыкы деп тааныган, бирок 2009-жылы декабрь айында Ташкентте болгон сүйлөшүүлөрдө ошол туштагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов ал документти бир тараптуу жокко чыгарууга макулдугун берип, кол коюп салган:

- 2009-жылдын аягында Данияр Үсөнов Ташкентке барып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тарап мурда тааныган документти өзбек тарап бир жактуу чакыртып алуусуна макулдугун берип салган. Анын ичинде Бүргөндү массиви да бар. Бүргөндү массиви Кыргызстанга таандык, бардык тарыхый документтер муну тастыктайт. Алар бул аймак аркылуу Сох анклавына коридор сурап атышат, бирок биз бербейбиз.

Бүргөндү массивиндеги 11 миң гектар жерди Өзбекстан тактала элек деп эсептөөдө. Эки ай мурун расмий Ташкен Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун дал ушул Бүргөндү массивиндеги курулушуна каршылыгын билдиргени белгилүү. Тактала элек аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө тараптардын акысы жок деп эсептейт Өзбек бийлиги. Бирок кыргыз тарап буга макул эмес.

Бул маселе 2000-жылдардын башында да козголуп, ызы-чуу менен араң басылган. Анда ошол кездеги Кыргызстандын өкмөт башчысы Курманбек Бакиев Бүргөндү өрөөнү аркылуу Сох менен Өзбекстанды байланыштыруучу коридор берүү боюнча меморандумга кол коюп салган. Өзбекстан менен келишилип, жашыруун кармалган бул меморандумду Баткен облусунун ошол кездеги губернатору Мамат Айбалаев жарыялап жибергең соң, кыргыз коомчулугунда бир топ уу-дуу сөз болгон. Акыры маселе Жогорку Кеңеште каралып, жанагы меморандум четке кагылган эле. Бирок Бүргөндү массивине байланышкан маселе аликүнчө бир жаңсыл боло элек.

XS
SM
MD
LG