Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Динчил балдар мектептен баш тартты


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана макала каармандарына эч тиешеси жок.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана макала каармандарына эч тиешеси жок.

Ысык-Көл районундагы Темир айылында динге берилген бир үй-бүлөдө мектеп жашындагы эки бала мектепке баруудан баш тартууда. Мындай көрүнүш райондун башка айылында да катталган.

Темир айылындагы орто мектептин директору Бактыгүл Кыштобаева Көкөевдердин үй-бүлөсүндөгү мектеп жашындагы кызы менен баласы мектепке келбей жаткан себебин мындайча түшүндүрдү:

- Экөө тең жакшы окуган балдар. "Мен балдарымды жибербейм" деп, окууга жибербей койду. Биз канча жолу бардык, такыр укпай койду. Үйүндөгү телевизор, булгаары кийимдердин бардыгын арам деп өрттөп жиберген экен. "Балдарымды мектепке жибербейм, мектеп - уят нерсе" деп, балдарын жибербей жатат. Келиндин жакшы эле көңүлү бар, бирок "тиги жак менен сүйлөшүп көрөлү" деп эле кетенчиктейт. Менимче "тиги жак менен сүйлөшөлүчү" дегенине караганда, буларды башка жактан эле бирөө башкарат окшойт.

Буга дейре Көкөевдердин кызы мектепке жоолукчан келе баштаганын мектеп директору кошумчалады:

- Саламат кызын жоолукчан жиберип жатты, мугалими кызына мектепке жоолугу жок келсин десе, атасына айтыптыр. Анан мен Саламатты мектепке чакырттым. Саламат болсо "мен жоолугу жок мектепке жибербейм" дегенинен макул болуп, жоолукчан келүүгө уруксат бергем. Бирок кыздын курдаштары аны жоолук салынганы үчүн шылдыңдаса, кыз өзү уялчу. Булар кайсы динге берилгенин да айтышпайт, мен айылдык молдолорго да кайрылдым, "алар менен тил табышып көргүлөчү" десем, алар такыр эч нерсе айтышпайт экен.

Балдар башталгыч классты мектептен окуй баштаган соң кандайдыр бир жоопкерчилик мектепке жүктөлөт эмеспи. Балдарды мектепке келтирүүнүн бардык жолдоруна барып, акыры айласы кеткен мектептин жамааты Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте бул үй-бүлөнүн ата-энесин сотко бергенге дейре барышканын айтат Бактыгүл Кыштобаева:

- Биз сотко да кайрылдык. "27-сентябрга чейин башка жакта окутуп жатат деген справкасын алып келсин" деген чечим чыгарып койду. Ошол 27-сентябрды күтүп отурам. Бул Саламаттын агасы да бар, Жоомарт деген. Анын баласы быйыл 1-сентябрдан тарта келбей жатат. Менимче, булар да ошондойго барып жатат.

Мектеп директору балдарыңыз кайда деп ата-энесине кайрылганда алар Токмоктогу медреседе окуп жатканын айтышкан. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылышса, ал жактан андайлар окубайт деп билдиришкен экен.

"Азаттыктын" кабарчысы Саламат Көкөевдин үйүнө барса, медреседе окуп жатат деген кызы короодо жүрүптүр. Апасын чакыртса, жоолукчан келин чыгып, өзүн Айгүлмүн деп тааныштырды. Бирок ал "жолдошуман уруксат алган эмесмин" деп диктофонго сүйлөп берүүдөн баш тартты. Диктофонсуз маектешкенде Айгүл "балдарымдын мектепке барууга көңүлү жок, өз балдарыбызга кандай таалим берүүнү өзүбүз билебиз" деп айтты. "Балдарга үйдөн кандай билим бересиздер" деген суроого "диний билим беребиз" деген жооп болду.

Айгүлдүн айтымында, уулу Пакистанга окуганы, ал эми жолдошу болсо дааватка кеткен экен. Быйыл 5-класста окуй турган Фатима аттуу кызынан "окууга баргың келеби" деп сурасак, ыйлап, башын чайкап, көңүлү жок экенин айтты. Фатима "келечекте ким болгуң келет, кошуна балдар менен ойнойсуңбу" деген суроого да башын чайкап жооп бербей койгон. Үйдө эмне кыларын сураганда, апасына жардам берерин айткан.

Айылда кошуналар бири-бирин жакшы билет эмеспи деп Саламат Көкөевдин кошуналарынын бирине кайрылдык. Атын атоодон баш тарткан кошунасы бул үй-бүлө тууралуу кыскача буларды айтты:

- Балдар менен балдары ойнобойт, жоолукту чүмкөнтө салынат, аялы деле чыкпайт, элге кошулбайт. Баласы, Саламат жана Азамат деген агасынын баласы Пакистанга кетириптир деп угуп жатабыз. Анан кандай дин экенин ким билет. Биз билбейбиз, күнөм санайбыз. Аялы төрөгөндөн бери киши көрсө качып кирет. Жакында эле милиция келип текшерип кетти деп жатышкан, диск барбы деп жатышат го дейм. Бизге зыяны да, пайдасы да жок.

Ысык-Көл районунун аппарат жетекчиси Тумар Абылгазиев Темир айылындагыдай көрүнүш буга дейре Ананьево айылында да катталганын билдирди:

- Буга чейин Ананьево айылында бир үй-бүлөдө үч бала ушундай болгон. Бул үй-бүлө менен эки ай иш жүргүздүк. Бул үй-бүлө ал айылдан көчүп кетиптир деген маалымат бар. Азыр ошол маалыматты тактап жатабыз. Темир айылында да үй-бүлөдө эки бала мектепке барбай жатат. Булар өтө фанатизм менен динге берилип кеткендиктен алар менен иштеш өтө кыйын.

Кыргызстан мыйзамдарында орто билим алуу милдеттүү болуп саналат. Бирок миңдеген балдар кедейликтин айынан мектепке бара алышпайт. Эми минтип диний көз караштан улам окуудан баш тартуу көрүнүшү пайда болгонуна күбө болуп турабыз.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG