Бейшемби, Июнь 20, 2013 Бишкек убакыты: 09:42

Атайын баракчалар / Ош күндөлүгү

Оштун кайып кыздары: Камиля

Зомбулукка учураган бул оштук кыздардын айрымдары бүгүн арабызда жок, башкалары чындыкты жашырып, күйүтүн ичине катып жүрүүгө мажбур.

Азаптуу Камиля (өз аты жашырылды). Ош. 2010.
Азаптуу Камиля (өз аты жашырылды). Ош. 2010.
Текст көлөмү - +
Ушундан улам мен быйылкы июнь коогасында сүрмө топ зордуктаган кыздарды  "Оштун кайып кыздары" деп атадым.

Ал эми оор кылмыш жасаган эргулдардын басымдуу көпчүлүгү бүгүн колу-жолу бош, арабызда жүрүшөт. Ошондуктан согуш бүтсө да, зордукчулардан жапа тарткандардын тизмеси улам узарып баратканы таң калыштуу деле эмес.

Улуттар аралык кооганын мына ушул унутулган курмандыктарынын бирине мен Оштун өзбектер отурукташкан оодандарынын биринде жолуктум. Орто бой, арык-чырай, бото көз, ак жуумал Камиля (өз аты эмес) менен машинанын ичинде отуруп сүйлөштүк.




10-июн, бейшемби, саратан жайдын кечи эле

Ошто ал кез -  теребел мемиреген жайкы саратан күндөрдүн бири эле. Камиля Ош шаарындагы "Черемушки" деген райондо жашаган дос келиндикине конокко бармак.

Ал балдарын алып, өзүнөн кыйла кичүү курбусу менен "Черемушкиге" районуна түштөн кийин келди, бул жерде анын тагдыры ушул түнү теңирден тескери бурулаары уктаса түшүнө кирген эмес:

- Биз 10-июнь күнү, түштөн кийин курбум, эки балам менен конокко барганбыз. Эч нерседен бейкабарбыз...  Жакшынакай мейман болдук.

Алар мейман болгон жердин күйөөсү анча-мынча ичет экен, келип бир аз тополоң салат.

Ошондо конок ээси аларды коңшу аялга сүйлөшүп, ошол жакка жайгаштырат, жаштар эч камырабастан, эс алып, уйкуга кеткен кезде бирөөлөр эшикти кагат:

- Ал арада, кеч кирип калды. Дискиден кино көрдүк, түнкү саат 2ге чейин сүйлөшүп отурдук. Ошону менен, жаттык, көзүбүз илинип кеткен чак, саат төрт жарым болгон экен, ошол убакта эркек кишилердин добушу угулду.

Уюшкан топтун зордугу

Оштогу жаңжал 10-июндан 11ине караган түнү, саат 10дон кийин шаардын борборунда башталган.

Ал эми ал кезде Сулайман тоонун аркы бетинде, чыгыш тарапта жайгашкан "Черемушкада" Камилялар бейкапар уктап жаткан. Короз чакырып, үрөң-бараң таң агарган маалда алардын үйүнө 10 чакты киши кирип келет:

- 10 дебейин, 7-8 эркектин добушу угулду. «Эч ким жок экен!» деп кыйкырып, «Ач эшикти! Мынабу үйгө кир!» деген кыргызча үндөр чыкты. Эшикти тээп кирип келишти. Күн ысык эмес беле, ич кийим, халатчанбыз. Анын үстүнө үйдө эркек болбогондон кийин, беймарал эс алып жатканбыз. Балдарыбызды кладовкага окшогон бөлмөгө үйдөгү балдар менен кошо жаткырганбыз.

Кирип келгендердин сырткы келбеттери бир-бирине түспөлдөш, кийингендери да бирдей болот. Эргулдар эркеги жок үйдөгү Камиляны, анын 18 жаштагы курбусун кезектешип зордукташат.

Бир маалда Камиля эс-учун жоготуп койот:
Алар баары бир-бирине куюп койгондой окшош: далылары кең, өңдөрү кара-сур, кепкачан, спортсмен балдар окшойт. Камиля


- Алар баары турган турпаты бир-бирине куюп койгондой окшош: далылары кең, өңдөрү кара-сур, кепкачан, спортсмен балдар окшойт. Мага жакындашкан эркектердин бири жакшы эсимде. Алдыма келип, «мен сени тааныйм» деп кыргызча айтты. Ошону менен алар басып калышты. Мен кыйкырып баштаганымда, бирөө мойнуман өйдө чыканагы менен урганын билем. Андан кийин эч нерсе эсимде жок.

Ал кездер Камилянын берки бөлмөдө уктап жаткан балдары ызы-чуудан ойгонуп, бирок чоңураактары аларды сооротуп, үнүн чыгартпай кармап отурушат.

11-июн, кандуу кооганын биринчи таңы

Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, Камиля эсине келгенде, таң атып, күн аркан бою көтөрүлүп калган болот:

- Көзүмдү ачсам, үйдө чоң аялдар жүрүптүр, үстүбүз: баары-жогубуз кызыл-ала кан. Терибиз тытылган. Бул аялдар зордукчулар чыгып кеткенден кийин келишкен окшойт, бизге жардам беришти - бетибизди нымдуу чүпөрөк менен аарчып, үстүбүзгө кийим беришти.

Сыртка чыгышса, айлана тынч, бирок туш-тараптан кыйкырыктар угулат. Шаар борборундагы түңкү тополоңдон кийинки бир нече сааттык тыныгууда Камилялар үйлөрүнө жетип алууга үлгүрүшөт:

- Биз сыртка чыкканда көчөдө киши дээрлик жок, алыстан ар кандай «Кач, кач!» деген кыйкырык угулду. Аялдар «үйүңөр кайда?» деп сурашты, биз айттык. Бир бала өмүрүн тобокелге салып, «Старекс» машинасы бар экен, бизди үйлөрүбүзгө жеткирип койду.

Бүт денеси көгөргөн, эти тытылып, башына сокку жеген Камилянын абалы оор болчу, абийирим ачылып калбасын деп коркуп, дарыгерге кайрылбайт, анын үстүнө коога эми күчөп жаткан сааттарда ал, шаардын миңдеген тургундарындай эле, балдары менен чымындай жанын алып качат:

- Ооруканага барган жокпуз. Ал жакка бара турган кез эмес эле, мүмкүн болгон эмес. Үйгө барып да болгонун айта алган жокпуз. «Мейманга барган жерде кордук көрдүк» деп кантип айтат элек?! Абдан этийет болдук. Азыр мен бирөөнүн көйнөгүнүн учу тийип кетсе да, чочуп кетем, 40 күн дегенде өзүмө келдим. 40 күндө. Жаңжалдан бери беш ай өттү, мына эмдигиче этимдин көгөргөн жерлери бар.

Үйүнө эптеп жетсе, үйдөгүлөр дүрбөп жатышкан экен, анын абалына деле көңүл бурган киши болбой, зордуктоо тууралуу жакындары билбей калат:

- Кийин үйгө бардык, үйгө барганда, үйдөгүлөр кеткенге даярданып жатышыптыр. (Коңшулаш) Фурхат айлында тополоң башталыптыр деп уктук. Машина менен кеттик. Апакем башка үйгө түшүп калыптыр, мен башка жерге, келиндерибиз, бала-чака башка жерде калган. Ошондуктан менин абалымды, канчалык кыйналганымды көрбөй калышты.

Сыртынан күлүп, ичинен сыздаган күндөр

Камиля жыныстык коркунучтуу оору жуктуруп алышы толук мүмкүн болчу. Ошондуктан, ал оору балдарыма да өтүп кетпегей эле деп айласы куруйт:

- Согуш токтогондон кийин, өзүм алтын шакек, сөйкөмдү сатып, текшерттирттим. Ал кезде жардам берген уюм, эч ким жок болчу. Микроб, вирус болдубу деп корктум. Балдарым бар, аларга тамак жасайм, кир жууйм, жалгызмын да.

Кийин дарыгерлер андан жугуштуу оору таба алышпайт, бирок жыныстык органдарына оор залал келгенин тастыкташат:

- Догдурлар оору, инфекция жок деп айтышты. Бирок жатыным жырылган, убагында тигиш салынбай бүтүп калыптыр. Он-Адырдагы ооруканада жакшылап карашкан, спирт менен тазалап, чычырканактын майы менен дарылашкан, жакшы акушеркалар бар экен.

Кооганын мезгилинде көп адамдар жарааттарын таңдыра албай, үйлөрүндө жатып калган учурлар көп эле болду. Ал сыңарында, Камиля да көп күн кыйналат:

- Доктурга барганча 35-40 күн өтүп кетти. Канча күн катуу кыйналдым. Бир мүнөттүн өтмөгү тозок. Балдарымды да карай албайм. Алардын ойноп жүргөнүн көрүп, ошого гана көңүлүм көтөрүлөт, алардын тирүү калганына шүгүр дейм. «Мен айыгышым керек, ооруп жатып калбайын» деп кудайга жалынам.

Кийин Камиля дарыгерлерге да зордукталганын айта алган жок. Аргасыздан «темир шиштин үстүнө отуруп калдым» деп калп айтты, анын абалы чындыгында да оор болгондуктанбы, врачтар деле көп сураштырган жок:

- Алар деле билишти, бирок мен доктурларга «темирге отуруп калдым» деп айттым, (чындыкты) айта алган жокмун. «Мени зордукташты» деп кантип оозум барат. Бирок алар мага ишениши мүмкүн болчу, анткени мен чынында да темирге отуруп калгандай абалда баргам.

Жесир келиндин балдары жаш болгондуктан, алар энесинин кордугун анча элес албай калышкан сыяктанат, бирок түн ортосундагы ач айкырык, куу-сүрөөн, энесинин канжалаган кейпи алардын психикасына терең так салды:
- Балдар уктап жаткан, бирок тоз-тополоңдон ойгонуп кетишти. Үй ээсинин чоңураак кызы бар экен, ал балдарды ыйлатпай, кармап калыптыр. Бирок жүрөктөрү түшүп калган. Азыр ооздоруна улам учук чыгат, катуу оорушту. Түнкү саат 2де, эң таттуу уйкуда жатканда ойгонуп (чочуп калышкан). Балдардын алты саны аман, бирок ден соолугу бузулду. Азыр эшик "шарак" деп ачылса да, чочуп, орундарынан ыргып кетишет.

Оор кылмышка эч ким жооп бербей калабы?

Камиля сотко кайрылса, балким кылмышкерлер табылмак. Анткени өзү да, конок ээси да кол салгандардын айрымдарын таанып калган:

- Бирөөсү соткасын унутуп калыптыр, үйдөгү аял анын телефонун издеп
Бетме-бет жолугуп калса эмне болот билбейм, бирок тааныйм. Алардын ар бир сөзү кулагымда жаңырып турат
кайра келатканын угуп калган. Эже бекинип алып, эшиктин артынан карап турган экен, аны тааныйм дейт. Мен да, мага жакындашкандарын, эсим ооп калганга чейинки болгондорду тааныйм. Бир жолу көчөдөн көрдүм, ал мени байкаган жок...  Бетме-бет жолугуп калса эмне болот билбейм, бирок тааныйм. Алардын ар бир сөзү кулагымда жаңырып турат.

Бүгүн Ош тополоңунда жапа тарткан өзбектер сот органдарына оңой менен кайрылышпайт, себеби бийлик органдарына баргандарды сабап кеткени, арызын албай, убара кылып сүйрөгөндөрү, ал тургай арызданып келгендин өзүнө айып тагышыптыр деген кептен улам, колдон келсе сыртка чыгышпайт.

Соода кылып балдарын баккан Камилянын базардагы ордунда азыр башка аялдар отурат. «Тааныш кыздар барса, аларды жолотпой коюшуптур, ошондуктан мен да барган жокмун» дейт.

Зордуктоо боюнча Камиля дагы сотко кайрылбайын деп чечти. Жаш келин эл алдында сөзгө сөлтүк болом деп коркот, балдарын, карган энесин ойлойт. "Кудай жазасын берсин" дегенден башка айласы жок:

- Бул дүйнөдө баарыбыз - мен да, сиз да, алар да мейманбыз. Жараткан берсин жазасын. Менин башыма түшкөндү эч ким билбейт, энем да билбейт. Энем карган киши, кант диабет, полиартрит оорулары бар. Менин айыман анын шал болуп жатып калышын, менин аркаман өлүп калышын каалабайм. Балдарымды да чоңойтуп, үйлөндүрүшүм керек. Ошон үчүн айтпай жатам. Алардын да энеси, эже-карындаштары бар. Аларга миң наалат айтам. Алла-таала жазасын берсин.

Камиля кыргызча жакшы сүйлөгөнү - түпкүлүгү алайлык. Биз жолукканда ал башына жоолукту ороп салынып, узун этек көйнөк кийип келди. Жолдон ал тааныган кишилерге жолугуп калдык эле, кадимкисиндей алик алып, жадырап-жайнап сүйлөп жатты.

Ачыла электе соолуган гүл

Көрбөгөн кордукту көрүп, ден-соолугунан ажыраган келин бирде ачка, бирде ток, балдарын бага албай кыйналса да сыр билгизбей, күйүтүн ичине катып жүрүүгө аргасыз.

Берки Черемушкадагы күйөөсү ичип келип, чаң салган курбусу, кийин түнөгөнү барган, күйөөсү Орусияга кеткен аял эмне болду, Камиля билбейт. Бирок өзү менен кошо кордук көргөн 18 жаштагы курбусунун алын сурап, жакында үйүнө барды. Барса, ал кыз үйүндө камалып, эч ким менен сүйлөшпөй калыптыр.

Өзүнүн абалы канчалык кейиштүү болсо да, Камиля он гүлүнүн бири ачыла электе кордолгон курбусуна ичи эңшерилет:

- Өңдөн азган, көздөрү чүңүрөйүп кеткен. «Алтыным, жүр сейилдетип келейин» десем, «Мага эми эч нерсенин кереги жок, мен акыретке кетишим керек» дейт. Наар албайт, бир жерди карап, мелтирейт. Акылынан айнып калгандай. Нерв системасы жабырлап калган. Апасын көрсөңүз, зээниңиз кейийт. Бир пияла чай ичпестен, аманатымды бердим да, кетип калдым. Эгер жардам керек болсо айткыла дедим.

Автордон: Ош күндөлүгүндө зордуктоонун дагы башка, анын ичинде кыргыз курмандыктары тууралуу репортаждар болот.
 
Тасмада: Камиля менен маектен үзүндү

Loading
12:00:00 / -:--:--
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Kg каяктан: Ru
11.01.2011 00:00
Ош шаарында Ата журтун коргоп окко тошун арнаган кыргыз жигит терине чон ракмат айтам , а бирок кыз келиндерди зордуктага таш бор адамдар кудай жазасын берсин

кимден: Нур каяктан: Бишкек
24.12.2010 20:00
Бул келиндин абалы албетте ото оор жана аянычтуу.Мындай нерсе эч кимдин башына тушпосун.

кимден: Эрк каяктан: Ж-А
22.12.2010 11:02
Айнанын айтканына кошулам. Бул темада этият мамиле жасасанар. Так далил болбогондон кийин жаза беруунун коп деле кажети жок. 10-июньда Кыргыздар шаардын четинде болсо, Черемушкадагы Кыргыздар оздорунун жанын сактоо менен алек болушкан, анан кайдагы зордуктоо. Камилага табаа кылбай тооба келтирип жатабыз, бирок чындык туура айтылыш керек.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
21.12.2010 15:00
Камиляга айтаарым башынызды жерге салбаныз.Бул да болсо тагдырдын буйругу экен.Айла жок.
Белинизди бекем бууп,эки баланызды жакшы билим берип чонойтунуз.Озунуз ден-соолукта болуп,балдарыныздын келечеги кен, омурлору узун болуп,экинчи жамандык корбонуздор.Откон жамандыктарды коп ойлоно бербей,астыга жакшылыктарга умтулунуз.Кудай бар!
Баарын коруп турат.Ал эми тиги айбандар бул айбанчылыкты сизге кылган жок ,алар оздорунун кыздарына,эже-карындаштарына кылды.
Жакшы нерсе жасаса озуно кайтып келет,жаман нерсе жасасан да озуно кайтып келет.
Ушул Ош окуялары боюнча Аялдар Конгресси деген уюм кандай иш алып барып жатат болду экен? Ош окуялары боюнча Акбагышова эженин иштери жонундо такыр эле уккан жокмун.

кимден: muslima каяктан: america
21.12.2010 09:18
Астагфируллах адам баласы ушунчалык дагы мерез болобу?! Камилага жана башка жапа чеккен кыз-келиндерибизге Аллахым ден-соолук берсин, озу туура жол корсотсун! Ал эми беркилерге олук жашоону каалайм. Тентиреп жолун таппай кочодо калышсын, Кудай аларга олум бербесин (олум бул Кудайдын белеги!) же олук эмес же тируу эмес болуп тентиреп жолун таппай журо беришсин бул жалган дуйнодон кете албай! Ал эми аркы дуйнодо тозок оту кутоп алсын!! Субханаллах аминь!!

кимден: Бир кыргыздын кызыда каяктан: Бишкектен
20.12.2010 15:54
Сагын Айнакулов июньда болгон тополондо канчама кыргыз да, озбек да кыздары. аялдары зордукталганын биле тура ошолоргр кантип жардам берууну, андайдын кайталандырбоосун айтуунун орнуна озунду жазып мактанасын,
Камилага айтарым. Синдим, айбандар ар бир коомдо, ар убакта болгон. Булар улутка, жашка, адамга карашбайт.
Синдим озуно озун этият бол эми. Ден соолугунду кут, даарылан, коносун да эми башка тушкон туйшукко. Балдарын аман болсун, жаманчылык корбой бактылуу болуп оссун

кимден: Улан каяктан: Ош
20.12.2010 12:38
Озбек кыргызстанга. Сен андай деп суйлобо сен билбейсин экен кыргызбы озбок бардыгы Кудай жараткан ал кыз мен шундай болойн деп ойлойбу жок албет. Сенида апан,эжэн барго

кимден: озбек каяктан: кыргызстан
20.12.2010 10:57
Эмнеге мынча жалганды жазасынар. Ошто мына черемушкада 11 куну танга маал кыргыздар кире албай турган абалда эле го. Канча кыргыз ошол куну эрте менен черемушкада олуп кетишти. Анын устунон 11 кунун черемушкадан чыгып кетууго озбектерге да мумкун эмес эле. Себеби айланасы бут кыргыздар тосуп калган болчуу. Дагы бири кантип шиш темирге отурдум десен врачтар ишенишсин. Эмне ал эркектер темир менен зордукташтыбы. Анан дагы зордукталган денелерим кан кийимим айрылган деп жатасын. Кантип эле ошентип барсан уйундогулор билбей калды.

кимден: Айна каяктан: Ош
20.12.2010 10:00
Жаныл Жусубжан, сиз жакшы маселе которупсуз, бирок этияттык менен жазсаныз болмок экен. Оштогу 15-16 жаштагы 4 кыздын зордукталып олтурулгондугу жонундо азыр интернет беттеринде журот.Ошол кочот кыздардын, сиз айтып жаткан Камилянын убал-сообу кимде экендигин ойлободунузбу. Озу бул тополондун негизги куноокорлору кимдер, провокациянын кимдер чыгарды деген суроолорго жооп берип, андан кийин маектешсениз жакшы болмок.

кимден: Бек каяктан: Ош
20.12.2010 09:34
Мен ушул макаланы жазган журналистке кайрылып кетет элем. Келиндин атын жашырыпсыз, улутун деле жашырып койбойсузбу, кыргыз кыз-келиндер зордукталып, кордук корбоду дейсизби? Ансыз деле фергана.ру ж.б.у.с. редакциялар бир тараптуу эле маалымат жаза беришип, адамдын жанын кашайтышты. Редакциядан суранам, созсуз жарыялап койгула
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине