Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Сузак: мугалимдерден кымтылган миллиондор


Сүрөттө Кыргызстандагы мектептердин бири
Сүрөттө Кыргызстандагы мектептердин бири

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жоон топ кызматкери коррупциялык иштер үчүн сот жообуна тартылды.

Мурдагы жетекчинин моюнуна айып акча илинсе, кассир менен бухгалтер 10 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылды. Камакка алынгандардын жакындары сот өкүмүнө макул болбой кийинки инстанцияга берүүгө камынууда.

Сузак райондук соту өткөн жумадагы чечими менен жемкорлук кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине карата өкүм чыгарды. Райондук соттун төрагасы Абибилла Тажибаев:

- Райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Наби Режевалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси менен айыбы угузулуп, 400 миң сом айып пул салынды. Райондук билим берүү башкармалыгынын башкы бухгалтеринин орун басары Алтынбек Исмаилов КЖКнин 315-беренеси менен кызмат абалынан пайдаланып, документтерди жасалмалаганы үчүн 500 миң сом айыпка жыгылды. Ал эми борборлоштурулган эсепкананын башкы бухгалтери Акмал Артыков КЖКнин 315-171- беренелери менен айыптуу деп табылып, 14 жылга жана кассири Болот Макамбаев да ушул эле айып менен 10 жылга эркинен ажыратылды. Тергөө жүрүшүндө жарым-жартылай келтирилген чыгым акчалар өндүрүлгөндүктөн, айыптуулар сот өкүмү менен 9,7 миллион сомду төлөөгө милденттендирилди.

Аталган мекеменин каржы тармагын өткөн жылдын апрель-май айларында Эсеп палатасы текшерүүгө алып, 2014-жылы 15 млн 200 миң сомго жакын акча каражаты кымырылганын таап чыккан. Бул багытта облустук прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн ишенип тапшырылган мүлктү коротуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, билим берүү мекемесинин төрт кызматкерин өткөн жылдын июль айында камакка алган.

Соттолгондор менен жолугуу мүмкүн болгон жок. Алардын ичинен эң жаш кызматкер саналып жаткан 30 жаштагы Болот Макамбаев 10 жылга кесилди. Ал камакка алынганга чейин мекеменин кассири болуп 10 ай иштеген.

Алгачкы эмгек жолун баштабай жатып абакка кесилген кызматкердин жакындары соттун бул чечимине макул эмес. Уулу камакка алынгандан бери атасынын саламаттыгы начарлап, өзүнө келе албай жатат. Анткени тергөө маалында 2 млн сом акчаны бардык мал-мүлкүн сатып жана насыя алып төлөө менен кутулганын билдиришет. Атын атагысы келбеген тууганы буларга токтолду.

- 30 жашта. Жаңы гана жумушка орношкон, эки баласы бар эле. Мен тууганымды жүз пайыз ак деп айта албайм, аралашып калышы мүмкүн, бирок анчалыкка жетпеши керек. Анткени документти бурмалап, кол коё турган адамдар башкалар болуп жатпайбы. Тергөө маалында бизге 2 млн сом төлөсөңөр үй камагына чыгат деп айтышкан. Атасы бечара мал-мүлкүн сатып, карызга банктан акча алып баарын төлөгөндөн кийин соттун өкүмү күтүүсүз болуп жатпайбы. Атасы ыйлап, азыр өзүнө келе албай жатат. Азыр документтерди даярдап, облустук сотко апелляция даярдап жатышат. Бул жерде туура эмес беренелер менен баланы соттоп жиберишти.

Белгилүү болгон маалыматтарга караганда, каржылоо эки баскычтуу бюджеттик системага өткөн соң 2006-жылы мектептердеги мугалимдерге маяналарды таратуу милдеттери айыл өкмөттөргө берилип, атайын бирден бухгалтер бекитилген. Кийин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ал система жоюлуп 2013-жылдын август айынан тартып маяналар кайрадан райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган эсепканасы аркылуу таратыла баштаган.

Эсеп палатасы төлөмдөрдү жасалма жасоо аркылуу мугалимдерге берилген айлык акыны алып алышты деген 15,2 млн сом каражатты таап чыгышкан. Бул сумма жалпы райондогу мугалимдердин маянасынан үнөмдөлгөн каражат болуп саналат. Ал кайра мугалимдерге кошумча шыктандыруучу маяна катары берилиши керек болгон.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ажимамат Орозалиев кызматкерлердин күнөөсүн сот гана аныкташ керек дейт.

- Режевалиев билим берүү бөлүмүндө 2005-жылдан бери иштеп келет. Ал эми кийинки бухгалтерлер 2013-жылы конкурстук негизде кабыл алынган. Убагында бардык эле документтер так жана шектенүүсүз толтурулуп жаткан. Кантип анан ошончо сумма чыгып калганы биз үчүн белгисиз. Адамды эми сыртынан карап туруп бир нерсе деп айтыш кыйын экен. Эми буларды сот гана акырына чекит коё алат. Жабырлануучу өкүл катары сотко катыштым. Жогорудагы жетекчи кызмат адамдарына тагылган айыптар далилсиз болуп, миллиондорду жегени соттук кароодо такталбагандыктан ушундай чечим кабыл алынды.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылык кызматы эки жылдан бери талаш маселени жаратып келет. 2014-жылдын февраль айында сот жообуна тартылган Наби Режевалиев башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2015-жылы июль айында кылмыш ишке байланыштуу камакка алынган соң, анын ордуна башка милдетин аткаруучу дайындалып ушул күнгө чейин жетекчинин маселеси бир жаңсыл чечиле элек.

Жалал-Абад облусу боюнча 15 миңден ашык мугалимдер маянасынын тең жарымын банктык эсептик карталары аркылуу алышат. Бул максат билим берүү тармагындагы коррупциянын алдын алуу максатында уюштурулган. Сузак районунда бул иштер азырынча толук аткарыла элек.

XS
SM
MD
LG