Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Париж: Абаны булгоону токтотуу аракети


Абаны булгоочу газдарды азайтуу табиятка кандай таасир этерине байкоо салуу үчүн жылуулук станциясынын жанына отургузулган гүл бакча. Язеншвальд, Германия.
Абаны булгоочу газдарды азайтуу табиятка кандай таасир этерине байкоо салуу үчүн жылуулук станциясынын жанына отургузулган гүл бакча. Язеншвальд, Германия.

Парижде климат боюнча дүйнөлүк саммит өтүүдө. Жыйында глобалдык жылуулуктун күчөп кетишин алдын алуу үчүн булганч газдардын абага бөлүнүшүн кыскартууну караган жаңы макулдашууга жетүү аргасы изделүүдө.

АКШ президенти Барак Обама Париж саммитинде сөз алган учурунда дүйнө өлкөлөрүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча жоопкерчиликти бөлүшүүгө даярдыгын көргөзүүгө чакырды:

- Климаттын өзгөрүшү боюнча коркунучтардын өсүүсү бул кылымдын багытын башкаларга караганда чукул аныктай алат. Бизге бул бурулуш учур экендиги үмүт бериши керекпи? Бул акыр-аягында биз планетабызды сактоону чече турган учурбу? Биздин өлкөлөр бул чакырыкка тезирээк жооп берүүнүн зарылдыгын сезип, бир нерсе жасоо биздин колубуздан келерин аңдап, билип жатат. Мен жеке өзүм бул жерге дүйнөнүн эң ири экономикасынын жана экинчи ири булгоочусунун лидери катары Кошмо Штаттар бул проблемаларды жаратуудагы салымын моюнга алат деп эле эмес, бир нерсе жасоого жоопкер экенин да билет деп айтуу үчүн келдим.

АКШ президенти кошумчалагандай, Вашингтон мындан алты жыл мурдагы акыркы саммитте булганыч газдардын бөлүнүшүнүн көлөмүн 2020-жылы 2005-жылдагы деңгээлден 17% кыскартууну убада кылган.

Ал эми былтыр жаңы максат- 2025-жылга карата 2005-жылкы деңгээлден 26-28% кыскартууну мерчемдеген.

БУУнун климат боюнча буга чейинки акыркы саммити 2009-жылы Копенгагенде майнапсыз аяктаган эле.

Париж саммитин утурлай глобалдык жылуулукка каршы күрөшүүнү талап кылган демонстрацияларга дүйнө боюнча 800 миңге жакын киши катышты.
Париж саммитин утурлай глобалдык жылуулукка каршы күрөшүүнү талап кылган демонстрацияларга дүйнө боюнча 800 миңге жакын киши катышты.

Быйылкы cаммитке 150дөй өлкөнүн лидерлери чогулуп, БУУга булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча пландарын 180ден ашуун өлкө берген.

Глобалдык жылуулукка себепкер делген булганыч газдардын 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет.

Кытай менен Индиянын кадамы

Абанын эң ири булгоочусу Кытай азырынча эч кандай убада бере элек. Болгону бөлүнгөн булганыч газдардын көлөмү эң жогорку чекке 2030-жылы чыгарын гана ачык айткан. Демек, ушул мезгилден тарта анын өсүшү токтотулушу керек.

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин кечээ саммитте сүйлөп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Париж макулдашуусу ар өлкөнүн улуттук шарттарын эске алып, практикалык жыйынтыктарга басым жасашы керек. Ар өлкөнүн айырмачылыктарынын урматталышы, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ички саясатта потенциал жаратуусу жана экономикалык структурасы урматталышы абдан маанилүү. Климаттын өзгөрүшү менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жакырчылыкты жоюу, өз элинин жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча мыйзамдуу муктаждыктарын жерибеши абзел. Орток өнүгүүгө жетүү үчүн өлкөлөр диалогду күчөтүп, тажрыйба алмашып, бири-бирин үйрөтүшү керек. Ошол эле учурда өлкөлөрдө улуттук шарттарына абдан шайкеш келген чечимдерин ишке ашыргыдай мүмкүнчүлүк калышы зарыл.

Кытай президенти Париж саммитин “сызыктын бүтүшү эмес, жаңы башталышы” деп атады.

Өзү буга чейинки пикир келишпестиктер көргөзгөндөй, өнүгүп жаткан өлкөлөр булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуудагы негизги жүктү индустриалдык революцияны бүтүрүп койгон өнүккөн өлкөлөр көтөрүшү керек деген турумда.

Ал эми өнүккөн мамлекеттер тескерисинче Кытай жана Индия экономикалык экспансиясынын кеңейүүсү менен абаны көбүрөөк булгап жатат деп эсептешет.

Бирок 2009-жылкы жана азыркы саммиттин аралыгындагы өзгөрүү катары АКШ менен Кытайдын климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташа баштоосун көргөзүүгө болот.

Барак Обама менен Си Цзиньпиндин Париждеги эки тараптуу сүйлөшүүсү. 30-ноябрь, 2015-жыл.
Барак Обама менен Си Цзиньпиндин Париждеги эки тараптуу сүйлөшүүсү. 30-ноябрь, 2015-жыл.

Былтыр Вашингтон менен Бээжин жерден казылып алынган отунду колдонуудан башка альтернативдүү булактарга өтүү жараянын бирге баштоону, ага катар ар ким өз ылдамдыгы жана жолу менен кете берерин макулдашкан.

Булганыч газдардын бөлүнүшүн 2030-жылга карата 1990-жылкы деңгээлден 40% кыскартууну мерчемдеген Евробиримдик жана айрым өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бул багыттагы эл аралык келишим аткарууга милдеттүү болушун колдошот.

Бирок АКШ администрациясы аткарууга милдеттүү макулдашууга каршы. Анткени, андай келишим Конгресстен өтпөсү анык. Мындан улам Вашингтон улуттук өкмөттөрдүн убадалары камтылган гана документ түзүлүүсүн жактайт.

Париж саммитинде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди күн абдан ысык тийген 100дөн ашуун өлкө күндөн энергия алууну көбөйтүүнү максат кылган альянс түзгөнүн жарыялады.

Ал эми Билл Гейтс өңдүү дүйнөнүн бай адамдарынын тобу алдыдагы беш жылда таза энергия боюнча изилдөөлөргө жана аны өнүктүрүүгө сарпталуучу каражаттын көлөмүн 10 миллиард долларга чыгарууну убада кылышты.

Саммитте ошондой эле дүйнөнүн эң жакыр 48 өлкөсү 2020-2030-жылдардын алкагында климаттын өзгөрүшүнө каршы өз пландарын ишке ашыруу үчүн дээрлик бир триллион өлчөмүндөгү жардамга муктаж экени да айтылды.

Эки Цельсийден ашырбоо чакырыктары

Метеорологдор менен экологдор Жер планетасында аба температурасынын ысышын 2100-жылга карата индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен 2 Цельсий градустан ашырбоо зарылдыгын айтып келишет.

Париж саммитин утурлай Метеоролгия боюнча дүйнөлүк уюм быйыл январь жана октябрь аралыгындагы эсептер аба температурасы индустриалдык доорго чейинки, 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 1 Цельсий градуска жогорулаганын көргөзгөнүн, 2015-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болуп каларын мурда эле жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG