Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Клинтон жана Куреши "стратегиялык диалогду" баштады


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон(солдо) жана Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши(оңдо) эки күндүк "стратегиялык диалогдун ачылышында". Вашингтон. 24-март 2010
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон(солдо) жана Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши(оңдо) эки күндүк "стратегиялык диалогдун ачылышында". Вашингтон. 24-март 2010

Вашингтондо 23-мартта АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон менен Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Курешинин эки күндүк сүйлөшүү башталды.

Клинтон айым 23-мартта башталган сүйлөшүүдө Ак Үй мындан ары Исламабад менен жаңыча алака жүргүзөрүн айтты. Куреши мырза болсо АКШнын Пакистанга болгон мамилеси “180 градуска өзгөрөөрүн” туюп жатканын белгиледи.

Пакистанда талиптер талкаланмайын, АКШнын Ооганстандагы согушта ийгиликке жетүүсү татаал.



АКШ жана Пакистан "стратегиялык диалогду" баштады

Клинтон айым менен Куреши мырзанын Вашингтондо башталган эки күндүк сүйлөшүүсүн АКШ тарап “стратегиялык диалог” деп атады. Ак Үйдө Тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү эки өлкө арасындагы өз ара ишенбөөчүлүктөн айрылууга көмөктөшөт деген үмүттө.

Пакистандык эрди-зайып Мингор шаарында жолдогу тартипке көз салган жоокердин жанынан өтүп баратышат. Түндүк Батыш Чек ара провинциясындагы Сват өрөөнү. 20-март 2010
Акыркы жылдары АКШ-Пакистан мамилесинде өз ара ишенбөөчүлүк өкүм сүрүп келген. Анын бир жүйөсү: Вашингтон-Исламабад алакасы америкалык пилотсуз учактар Пакистандын Ооганстан жак чек арасына чектеш аймактадагы талип согушчандардын базаларына чабуулду күчөтүүсү болгон. Себеби авиачабуулдан карапайым калк набыт болгон учурлар бар.

Экинчи жүйөсү: пакистандык илимпоз Абдул Кадыр Ханга байланыштуу. “Пакистандагы атомдук бомбанын атасы” деген атка конгон Хандын ядролук технология боюнча маалыматтарды Иран жана Ирак менен бөлүшкөнү ашкере болгондон кийин, АКШ 170 миллион элдүү өлкөгө көп ишене бербей, этият мамиле кылып калган.

Мамкатчы Хиллари Клинтон 23-мартта сүйлөшүүнү ачып жатып, Барак Обаманын администрациясы өз ара ишенимге негизделген кызматташтык тараптар көздөгөн максатка жетирет жана регион үчүн да пайдалуу деп билерин баса айтты:

- Кошмо Штаттар Пакистан элине жана өкмөтүнө силерди толук колдойбуз деп сөз берет. Силер жүргүзүп жаткан согуш Пакистан эли үчүн эмес, регион жана дүйнө үчүн да абдан маанилүү. Ошондуктан, силердин коопсуздугуңарды чыңдоо жана жакшыртуу силер менен болгон мамиледе негизги орунда кала берет.
АКШнын " MQ-1 Predator" деп аталган пилотсуз учагы.


Пакистан талиптеринин башчысы Хекматулла Мехсуд(солдо) жана уруулар башкаруусундагы Түштүк Вазиристан регионундагы талиптердин командири Вали-ур-Рехман(оңдо) журналистер менен кездешүүдө. 4-октябрь 2009
Клинтон айым президент Обама Пакистан менен кызматташууда “сөз иш менен айкаш” болуп, жакшы нукта өнүгүүсүнө өтө көңүл бөлгөнүн астейдил эскертти.

Пентагондун пилотсуз учактарды Исламабадга берери күмөн

АКШ коңшулаш Ооганстанда согушуп жаткан шартта Исламабад Вашингтон үчүн баа жеткис союздаш. Анткени Пакистандагы талиптер талкаланмайын, АКШнын Ооганстандагы согушта ийгиликке жетүүсү татаал.

Акыркы айларда Пакистан коопсуздук күчтөрү талиптердин айрым лидерлерин камакка алып, согушчандарга олуттуу зыян келтирген.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши Исламабад-Вашингтон арасындагы мамиле эки жак үчүн пайдалуу экенин белгилөө менен азыр тараптар алаканы жаңы нукта жүргүзүүгө даяр болуп калганына токтолду:

- Келечекти карап иш кылчу мезгил келди. Биздин жаңыланып-жакшыртылган диалогубуз чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Бул узактан берки союздаштыгыбызды дагы бекемдөөгө жагдайды кенен түзөт.

Былтыр АКШ Конгресси Пакистанга 7,5 миллиард долларлык аскерий жардам бөлгөн жана Ак Үй энергетика, инфраструктура боюнча долбоорлорду каржылоого даяр экени кабарланууда.

Исламабад болсо АКШ Индия менен кызматташкандай эле ядролук технологияны бөлүшүүсүн, ошондой эле талиптерге каршы колдонуп жаткан пилотсуз учактарды сатуусун каалайт. Пентагон пилотсуз учактардын технологиясын купуя сактагандыктан берери күмөн.

XS
SM
MD
LG