Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Йемен оппозициясы Салехтин Саудияда калышын каалайт


Ал-Ахмарды колдогон уруулардын согушчандары ал-Ахмардын Санаадагы үйүнө жакын жерде күзөттө. 6-июнь 2011
Ал-Ахмарды колдогон уруулардын согушчандары ал-Ахмардын Санаадагы үйүнө жакын жерде күзөттө. 6-июнь 2011

Йемен оппозициясы Саудияда дарыланып жаткан президент Али Абдулла Салехтин өлкөгө кайтып келишине жол бербесин айтып, бардык күчтөрдү убактылуу президенттик кеңеш түзүүгө чакырууда.

Али Абдулла Салех жума күнү өлкө байтакты Санаада президенттик сарайдын ныптасындагы мечитте намаз окуп жатканда козголоңчулар аткан ракетадан жарадар болгон жана кийинки күнү Сауд Арабиясына дарыланууга учуп кеткен. Чабуулда Салехтен башка премьер-министр жана парламент төрагасы жарадар болушуп, дагы жети адам курман болгону маалымдалган. Аскерлер менен козголочуңчулар ортосундагы тирешүүлөрдө ага чейин кеминде 200дөй адамдын каны төгүлгөн.
Анти-өкмөттүк күчтөр Салехтин өлкөдөн чыгып кетишин жеңиш ирети майрамдашууда. 5-июнь 2011


Бийликти азыр, Йемендин конституциясына ылайык, вице-президент Адб-Раббу Мансур Хади жетектөөдө.

Саудиянын бийликтеринин маалымдашынча, Али Абдулла Салехтин салматтыгы жекшемби күнү көкүрөгүнө жасалган операциядан кийин тез калыбына келүүдө. Ал эми Йемендин борбору Санаа жекшембиден-дүйшөмбүгө караган түнү уктаган жок. Шейх Садык ал- Ахмардын башындагы анти-өкмөтчүл козголуштун тарапкерлери Салехтин 32 жылдык бийлиги ушуну менен бүттү дешип, жеңишин майрамдап жатты.

Ал-Ахмар башындагы анти-өкмөтчүл күчтөр Салехтин жана аны менен кошо 30дан ашуун жакын туугандарынын Саудияга чыгып кетүүсүн “Йемендин тарыхындагы улуу күндөрдүн бири” деп аташууда. Оппозиция лидерлеринин бири Уасем Куреши 5-июнда Санаадагы маалымат жыйынында бардык партияларды убактылуу өкмөттү түзүүгө чакырды:

- Пландоо комитети өлкөнүн куралдуу күчтөрүнү жана бардык саясый партияларыны Йемен элинин кызыкчылыгын жактаган Убактылуу президенттик кеңешти түзүүгө үндөйт. Бул кеңеш өткөөл өкмөттү түзүп, эркиндикке жана демократияга умтулган Йемен элинин талабына жооп берген жаңы конституциянын долбоорун даярдоого тийиш.

Жекшемби күнү мамлекет башчынын милдетин убактынча аткарып жаткан вице-президент Адб-Раббу Мансур Хади менен козголоңчулар өз ара элдешүүгө жетишкени маалымдалды. Ага карабай, бүгүн Санаада кагылышуулар болду. Өтө күчтүү түндүк урууларынын башын кошкон ал-Ахмардын кеңсесинин билдиришинче, Санаанын түндүк бөлүгүндө
Йемендин байтакты Санаа шаары. 31-май 2011

аскерлердин огунан 6-июнда үч козголоңчу катардан чыккан.

Йеменде абал кандай өнүгөрү белгисиз. Бирок Салех убакытты созуп, бийликти уулу Ахмедке өткөрүп бергенге аракет кылат деген кооптонуу күчтүү. Ахмед атасынын бийлигине каршы көтөрүлүш башталгандан тарта өтө кубаттуу Улуттук гвардияны жетектейт.

Маалыматтарга караганда, Абдулла Али Салех Саудияда эки жума болот. Бир жума жараатынан дарыланса, экинчи жумада ырасмий жолугушууларды өткөрөт.

Серепчилердин баамында, президент Салехтин тагдыры аны узак жылдар “ал-Каидага” каршы согуштагы негизги союздашы катары колдоп жүргөн Саудия менен АКШнын позициясына жараша болот. Сауд Арабиясы үчүн Йеменде анти-өкмөттүк козголуштун деми басылбай турганы маанилүү. Бул Перс булуңундагы өлкөлөрдүн планына ылайык, Салехтин бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүсүн тездетмек. Салехти жоопкерчиликтен куткарган мындай планды Вашингтон да жактырган жана Салех эр-Риядга чыгып кеткенде Йемендеги “бийликти тынч жана ырааттуу алмашууга” чакырган. Бирок Салех Ак Үйдүн чакырыгына көнөбү, беймаалым. Анткени, Али Абдулла Салех - Перс булуңундагы мамлекеттердин сунушуна жараша өмүрүнө кепилдик алып, президенттикти өткөрүп бергенден буга чейин үч жолу баш тартып койгон.

XS
SM
MD
LG