Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

“Орус маршынын” алдында футбол күйөрманы өлтүрүлдү


"Зениттин" күйөрманы Роман Ловчиков
"Зениттин" күйөрманы Роман Ловчиков

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын соту Өзбекстандын үч жаранын “Зениттин” күйөрманын өлтүрдү деген шек менен камакка алуу чечимин чыгарды.

19-октябрь күнү “Зенит” футбол клубунун күйөрманы 22 жаштагы Роман Ловчиков каза болуп, бул өлүмгө мигранттардын катышы бар экендиги иликтенүүдө. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Икрам Разиков жана башка эки өзбекстандык мигрант жергиликтүү футбол күйөрмандары менен мушташа кетип, Икрам Разиков Ловчиковду башка темир менен чаап, бул өлүмгө алып келген.

Улутчулдар тарабынан жыл сайын 4-ноябрда өткөрүлчү “Орус маршынын” алдында футбол күйөрманынын дагы бир өлүмү радикалдуу маанайдагы жаштардын маршка активдүү катышышына себеп болушу мүмкүн, дешет байкоочулар.

Бул жаңылык заматта футбол боюнча сайттарда тарап, кийин маалыматты укук коргоо органдары тастыкташты.

Орусиянын тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча башкы тергөө бөлүмүнүн интернет баракчасында төмөндөгүдөй маалымат жарыяланган:

“Мушташтын айынан 41 жаштагы Икрам Разиков 22 жаштагы футбол күйөрманын темир түтүк менен башка чапкан. Футбол фанаты өз үйүнө жетпей, жетинчи кабатта көз жумган”.

Учурда Икрам Разиковдун 33 жаштагы иниси Низам Разиков жана 32 жаштагы Мамур Кудратов да кармалышкан.

Тергөө органдары тарабынан таратылган билдирүүдө бул иште улутчулдук себептер жок экенин баса белгиленгени менен, адистердин оюнда бул өлүм радикалдуу маанайдагы жаштарды толкутат деген кооптонуу жаралууда.

Орус маршынынын” алдындагы өлүм

Петербургдагы күйөрмандын өлүмү келе жаткан “Орус маршынын” өтүшүнө кандай таасир этет деген суроого Орусиядагы көз карандысыз журналист Алексей Аронов мындайча жооп берди:

- Өткөн жумада 3 маанилүү окуя болуп өттү. Биринчиден, бул “Зениттин” күйөрманынын өлүмү. Таң калычтуусу, өлүмгө катышы барлар дароо кармалышты. Экинчиден, Егор Свиридовду өлтүрдү деп шектелгендерге алар күнөөлүү деген өкүм чыкты. Үчүнчүдөн, Москванын шаардык сотунда “Спартактын” дагы бир фанаты - Юрий Волковдун өлүмү боюнча иш жабык каралууда. 4-ноябрга чейин бул иштер бүт каралып бүтөт деген маалымат бар. Бул күнү Орусиянын бардык ири шаарларында улутчулдардын марштары өтөт.

Анын айтымында, бул иштердин “Орус маршынын” алдында чыгышы жөн жерден эмес.

- Эмнеге бул окуялар “Орус маршынын” алдында чыгып жатат? Бир ай мурун эмес, бир нече күн калганда? - деп суроо берет журналист.
Ал эми 20-октябрда кечинде Москванын шаардык соту футбол күйөрманы Егор Свиридовдун өлүмүнө шектүү деп камалгандарга күнөөлүү деген өкүм угузду.

2010-жылдын 6-декабрында Москванын Кронштадт бульварында түндүккавказдыктар менен москвалык “Спартактын” күйөрмандары мушташа кетип, Аслан Черкесов травматикалык тапанча менен Егор Свиридовду атып, ал каза болгон. Милиция мушташтын катышуучуларын кармаганы менен, бир аз убакыттан кийин Аслан Черкесовдон башкалар коё берилген. Свиридовдун өлүмү 11-декабрда Манеж аянтындагы толкундоолорго себеп болгон.

Аслан Черкесов күнөөлүү деген өкүмгө 12 адамдан 8и гана добуш берди.

Отурумдан кийин Аслан Черкесовдун адвокаты Дмитрий Панков добуш бергендердин башы айланып, ушундай өкүм чыкты, биз өкүмдүн кайра каралып чыгышын талап кылабыз деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG