Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Журналист Сартбаев эки айга камалды


Журналист Аслан Сартбаев менен Самсалы Четимбаев.
Журналист Аслан Сартбаев менен Самсалы Четимбаев.

"Азия Ньюс" гезитинин редактору, бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Аслан Сартбаев Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Журналист ишкер Самсалы Четимбаевге ок аткан деп, “бейбаштык” беренеси боюнча айыпталууда. Сартбаевдин айрым кесиптештери эки тараптын өз ара элдешип алганына карабай камакка алынышын сындап жатышат.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, “Азия-Ньюс” гезитинин редактору, журналист Аслан Сартбаев 26-февралдын кечинде сот залынан камакка алынды. Буга ишкер жана Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Самсалы Четимбаев менен журналисттин ортосундагы чыр себеп болгон.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин белгилешинче, Сартбаев Кылмыш-процессуалдык кодексинин 234-беренеси ("бейбаштык") боюнча айыпталууда.

- Октябрь райондук соту журналисттин баш коргоо чарасын эки айга тергөө абагына деп аныктап берди. Ага Самсалы Четимбаевди атып жибергени үчүн кылмыш иши козголгон болчу.

Самсалы Четимбаев Сартбаев жергиликтүү сайттардын бирине аны каралаган материал жарыялаганын, чыр ошонун айынан чыкканын буга чейин билдирген болчу. Бирок кийин алар өз ара элдешип, Четимбаев тосмо арыз жазып берген.

- Мен тосмо арыз жазып бердим. Менин эч кандай доом жок, ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кетти. Аны беттешүүдө түшүндүк, элдештик. Бири-бирибизге койгон күнөө жок деп кол алышып кеткенбиз. Ал да өз күнөөсүн мойнуна алды.

Аслан Сартбаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. Анын адвокаты Азиз Турдалиев соттун чечимине макул болбой, Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Жактоочу журналисттин баш коргоо чарасы каралып жатканда тосмо арыз менен бирге көп жагдайлар эске алынбай калганын белгилөөдө.

- Тергөө муну оор кылмыш, курал-жарак колдонуу менен жасалган деген шылтоону бетке кармап атат. Сот да алардын айтканын эки кылбай, анын төрт баласы барын, аялы кош бойлуу экенин, туруктуу жашаган жери, иши бар экенин, мурда соттолбогонун эске албай туруп ушундай чечим кабыл алды. Биз буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна даттандык.

Аслан Сартбаев бир нече чуулгандуу макалалары менен таанымал. Белгилүү журналист, маркум Мелис Эшимкановдун шакирттеринин бири. Ал тууралуу кесиптештердин пикири бир кылка эмес. Айрымдары аны аткаминерлерди бетке чаап сындаган материалдарды жазган десе, кээ бирлери адамдардын беделине шек келтирген, ушак-айыңдын деңгээлиндеги макалаларды жазганга кынык алган, “тентек” журналист катары сыпатташат.

“Жаңы ордо” гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев Сартбаевге кек сактаган айрымдар ушул окуядан пайдаланышы ыктымал деп эсептейт:

- Кандай болгон күндө да Асланды Кыргызстанда белдүү, бийликти дайым сындаган журналист катары билем. Экөөнүн ортосунда кандай окуя болгонун билбейм. Бирок учурун күтүп тургандай бийликтеги кек сактап жүргөн адамдар ушундан пайдаланып жаткандай сезилди. Мындай нерсе мурунтадан эле болуп жүргөн. Өзгөчө шайлоонун алдында журналисттерди, редакторлорду коркутуу үчүн ар кандай кадамдарга барышы мүмкүн.

Ал эми ардагер журналист Үсөн Касыбеков Сартбаевдин камалышын журналистикага байланыштыруу туура эмес деген ойдо.

- Мунун журналистикага тиешеси жок. Эки адамдын ортосундагы эле маселе. Азыр журналистика болбой калбадыбы. Учурда айрымдар ушак менен алпурушуп калбадыбы. Өзүбүз көрүп турбайлыбы. Муну сөз эркиндиги менен байланыштырган болбойт. Жоопкерчилик болгондо сөз эркиндик болот.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев журналист Аслан Сартбаевдин камакка алынышына тынчсызданып, бул БУУ Башкы ассамблеясы менен Кыргызстан ортосунда адам укуктарын сактоо боюнча макулдашууну жана шектүүнүн баш коргоо чарасын кароо боюнча Токио эрежеси жөнүндөгү эл аралык документтин талаптарын бузарын билдирип чыкты.

Сартбаев буга чейин учурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, депутат Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана башка бир топ саясатчыларга байланыштуу чатагы менен белгилүү. Айрым саясатчылар аны менен соттошуп да жүргөн.

XS
SM
MD
LG