Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Секелек кезде эне болуу азабы


Иллюстрация
Иллюстрация

Ушул айдын башында Нарын облусунда 14 жаштагы кыз төрөп, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекованын билдирүүсү боюнча, секелек кыздар арасында кош бойлуу болуу жана төрөө фактысы жыл санап өсүп, өткөн 2015-жылы алардын саны 1200гө жеткен.

Бала туруп балалуу болууга эмне себеп? Эртелеп эне болуу аялдардын саламаттыгы менен улуттун генофондуна тескери таасир бербейби? “Азаттыктын” кезектеги таңкы талкуусу мына ушул көйгөйгө арналды.

Көйгөй боюнча Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Энелерди жана балдарды коргоо Улуттук борборунун дарыгери Анара Ордокова, педагог окумуштуу, Чүй университетинин проректору Назгүл Мазекова жана акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева ой бөлүштү.

“Азаттык”: Анара айым, расмий статистика боюнча Кыргызстанда жылына 16 жашка чыга элек жатып төрөгөн секелек кыздардын саны өткөн жылы 1194кө жетиптир. Врач катары айтсаңыз, жашы жетелек кыздын төрөшү эненин жана баланын ден соолугуна кандай таасир берет?

Анара Ордокова: Өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болушу боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда болуп жатат. Мисалы, кош бойлуу 1000 аялдын ичинен секелек кыздардын саны Орусияда 35, Грузияда 55, Англияда 28, Корея менен Сингапурда төрт болсо Кыргызстанда 38 болуп жатат. Буга экономиканын таасири абдан күчтүү. Ал эми жаш туруп бала төрөө эненин ден соолугуна абдан жаман таасир берет. Алар кош бойлуу кезиндеги талгактан, төрөттөн кийин ден соолугун жоготушат, психологиялык жараат да алышат. Аборт жасаткандардын айрымдары да кийин төрөбөй калышат, кан басымы жогорулап же аз кандуу болуп, ден соолугунан айрылышат. Мен бул жерде бир жагдайды баса белгилеп кетейин, бул кыздар сексуалдык зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп жатышат. Миграциянын айынан туугандарына калтырган кыздарды таекелери, туугандары зордуктап коюп, кош бойлуу болуп келишет. Анан педофилияга каршы жазаны катуулатуу керек болуп калды. Наристелер зордукталган учурлар абдан көп.

“Азаттык”: Назгүл айым, сиз педагог катары аялдардын, анын ичинде кыздардын көйгөйлөрүн иликтеп жүргөн адамсыз. Өспүрүм кыздардын эртелеп эне болуусуна, жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна башкы себеп эмне? Экономикалык абалдын таасири күчпү же билимсиздик башкы себеппи?

Назгүл Мазекова: Мурда секелек кыздардын эрмеги куурчакка көйнөк тигүү болсо, азыркылардын эрмеги бала кучактоо болуп калды. Мунун эң негизги себеби социалдык абалга байланыштуу. Өткөөл курактагы 12-16 жаштагы кыздардын көбүнүн ата-энелери мигрант болуп кетип, калыптануу учурунда жанында жок болуп жатышат. Ал эми билимсиздик дегенге кошулбайм. Анткени, мектепте боз үйдө, чатырда же шарты бар мектепте окутуп жатышса да тарбия берилүүдө. Бирок мектептен тышкаркы мезгилде бала ата-эненин көзөмөлүндө болбой, көчөнүн таасиринде калды. Мектептен кийинки тарбияны бала көчөдөн алып жатат. Постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда мурдагыдай идеология жок болгондуктан боштук пайда болду. Ошол боштукту батыштын жашоо образы, интернет, дин жана башка күчтөр ээлеп, бала ошол таасирдин негизинде тарбияны сырттан көбүрөөк алып жатат.

Ал эми жаш туруп бала төрөө эненин ден соолугуна абдан жаман таасир берет. Алар кош бойлуу кезиндеги талгактан, төрөттөн кийин ден соолугун жоготушат, психологиялык жараат да алышат.
Анара Ордокова

“Азаттык”: Арзыкан айым, сиз элеттеги аялдардын турмушуна көз салып келе жаткан адам катары айтсаңыз, Кыргызстанда 12 жаштан 17 жашка чейинки кыздар арасында жылына 1200 аборт жасатышат экен. 2011-жылы 1 214 баланы 15-17 жаштагы энелер төрөшүптүр жана алардын дээрлик бардыгынын күйөөсү жок экен. Мындай көрүнүштөр эмне себептен көбөйүп жатат? Элет жеринде мындай көрүнүштөргө мамиле кандай? Кадимки көрүнүшкө айланып бара жаткан жери жокпу?

Арзыкан Момунтаева: Бул жерде ата-эненин күнөөсү көп. Балдарды көзөмөлгө албай жатабыз. Анан жогоруда мугалимдин мектеп иш жүргүзүп жатат, деген оюна кошулбайм. Мектептер балдарды келечекке умтулткан тарбия берген жери жок. Мисалы, Таласта 9-класстан кийин кыздардын көбү окубай эле калышты. Алардын турмушка даярдыгы жок, эч нерсеге кызыгышпайт. Андан тышкары социалдык тармактардын түрдүү бутагына кирип алышып, Фейсбук, Твиттерден ар кандай оюн-зоокторду көрүшүп, ар кандай жигиттер менен таанышып, убактылуу кызыкчылыктарга берилип кетишти.

Угармандын пикири: Мен Жумабаев Үсөнбек, Баткенден чалып жатам. Бул абдан маанилүү тема. Биздин аялдар никесиз төрөгөн жагынан КМШда чемпион болушту. Алар кантип балдарды тарбиялашсын? Аялдар митингге чыгып, жол тосушуп, акчага сатылып кетишти. Булар эркиндиктен пайдаланып бузулуп баратышат, эркектерибиз бош болуп, аялдарыбызды башкара албай калдык.

Арзыкан Момунтаева: Бул кишинин айтканына мен каршымын. Аялдарды күнөөлөп коюш өтө оңой. Үй-бүлөнү кармаш атанын колунда, ата - мекен болушу керек. Эркектер ата катары аялын, кызын багып, тарбиялап, эркектин ролун чындап аткарышса, балким аялдар мындай жолго барышмак эмес.

“Азаттык”: Назгүл айым, кийинки кезде жашы жете элек кыздарын эртелеп күйөөгө берүү күч алды. Нике кыйдырып коюп эле ошону менен балдарынын бактысын тилеп отурган ата-энелер көбөйдү. Буга эмне себеп? Эмне үчүн ата-энелер кыздарын эртелеп балалыктан айрып жатышат?

Назгүл Мазекова: Бул деле мамлекеттик идеологиянын жоктугунан болууда. Ата-эне материалдык жүктөн арылгысы келип жатат. Айрым мектеп окуучулары арасында азыр эртелеп үйлөнүп алуу, келин болуп, окууга жоолук салынып келүү модага айланып баратыптыр. Бул ата-эненин “Ашка жүк, башка күчтөн” эртелеп арылуу жана бала тарбиялоо милдетинен кутулуу аракети, демек социалдык абал-каражаттын жетишсиздиги, жумушсуздук түрткү берип жатат деген ойдомун.

Айрым мектеп окуучулары арасында азыр эртелеп үйлөнүп алуу, келин болуп, окууга жоолук салынып келүү модага айланып баратыптыр.
Назгүл Мазекова

“Азаттык”: Арзыкан айым, айрым укук коргоочулар бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруп, чара көрүү үчүн Үй-бүлө кодексине жана башка тиешелүү мыйзамдарга “балдардын никеси” деген түшүнүктү киргизүү керек деп жатышат. Мындай кадам зарылбы? Ал жоопкерчиликти көтөрө алабы?

Арзыкан Момунтаева: Менимче, анын кереги жок. Себеби, жашы жетпеген бала баары бир турмушка даяр болбойт. Бул жерде ата-эне жаманатты болгучакты кызыбыз барар жерине эртерээк барсын деп чочулашы башкы себеп деп ойлойм. Мисалы, Түркиянын Себат мектебинде окуган кыздардын эрте турмушка чыкканын жана ажырашып кеткенин көрө элекмин. Демек, бизде билим берүү абдан катуу аксап жатат. Билимсиз, түркөй адам бардык нерсеге барат, караңгылык деген эң жаман нерсе да! Ата-эне, мектеп, коом келечектеги энелерге, аталарга жеткиликтүү тарбия бербегендиктен ушундай абалга жеттик.

Угармандын пикири: Бул абдан көйгөй кескен маселе. Азыр ата-энелердин жоопкерчилиги такыр жоголду. Айрыкча, аталардын жоопкерчилигин көтөрүү керек болуп калды. Эне намыстанып, бала-чакасын багайын деп мигрант болуп кетип жатышат. Аталар болсо балдарын тарбиялабай ичип же башка аял алып кетип, балдар таптакыр кароосуз калып жатат. Ошон үчүн аталардын жоопкерчилигин көтөргөн мыйзамды кабыл алуу зарыл.

Таласта 9-класстан кийин кыздардын көбү окубай эле калышты. Фейсбук, Твиттерден ар кандай оюн-зоокторду көрүшүп, ар кандай жигиттер менен таанышып, убактылуу кызыкчылыктарга берилип кетишти.

“Азаттык”: Жашырганда эмне, чын эле азыр кыргыз коомунда атанын жоопкерчилиги, намысы төмөндөп кетти. Кызды сыйлоо мындай турсун, ата болорун билгенден кийин дайынсыз жоголуп, атасыз өскөн балдар аз эмес. Атанын жоопкерчилигин көбөйтүү үчүн алименттен кесүүдөн тышкары башка мыйзамдык чара зарылбы?

Арзыкан Момунтаева: Бул мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Атадан тарбия көрбөгөн балдар кандай гана жоруктарга барып жатышат? Балдарыбыз ушундай абалда калса биздин келечегибизди ким ойлойт? Ошон үчүн аталардын ролун же жоопкерчилигин күчөткөн өзгөчө статус бериш керек болуп калды окшойт. Ошондо улуттун рухий саламаттыгы оңолор деп үмүттөнөм.

“Азаттык”: Коомдогу, үй-бүлөдөгү зордук да секелек кыздардын эртелеп төрөшүнүн бир себеби, деп бейөкмөт уюмдар коңгуроо кагып жатышат. Буга өгөй атасы, туугандары, классташтары зордуктаган кыздардын айласыздан төрөшү мисал. Бирок, мындай көрүнүшкө “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деген тартип коргоо органдарынын, үй-бүлө, жаштар жана аялдар маселеси боюнча иштеген аткаминерлердин кайдыгерлиги көбөйтүп жатат деген пикирге келишкен. Абалды жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек же атайын мамлекеттик мекеме керекпи?

Арзыкан Момунтаева: Ооба, мамлекет бул жагдайды колго алышы керек. Анан нике кыюудан мурун расмий никеге тургузуу зарыл. Себеби, молдо оомийин дегенден кийин баласын кучактап, эч кимге батпай мүлксүз көчөдө калган келиндер абдан көбөйдү.

Назгүл Мазекова: Бул көйгөйдү мамлекеттик идеология менен катуу тартипке салуу зарыл. Антпесек, мамлекетибиздин келечегине коопсуздук жаралат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG