Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Ууланган тамак өмүрдү кыскартат


Иллюстрация
Иллюстрация

Республика боюнча тамак-ашка уулануу фактылары былтыркы жылга салыштырмалуу арбын катталууда.

Ошондуктан адистер колго жасалган консервадагы азыктардан баш тартууга чакырат.

Өткөн жумада Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында сегиз адам ууланып ооруканага түшкөн. Алардын төртөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатса, калгандары ден соолугу калыбына келип дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын директору Алмазбек Мырзасапаров бейтаптардын абалы боюнча буларга токтолду.

- Үч бейтаптын абалы өтө оор. Бирөө салыштырмалуу оор абалда. Ал эми жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан төрт бейтаптын абалы орточо. Облустан кошумча дарыгерлер келип биздин кызматкерлерге кеңеш берип кетишти. Бейтаптарга оор түрдөгү ботулизм деген диагноз коюшкан. Анткени булар консерваланган козу карын жешкен.

Таш-Көмүрдүн тургуну Бейназарова төрт баласы жана коңшусу менен бирге 7-апрелде колдо жабылган козу карын жеген. Бирок ооруканага эки күндөн кийин, абалы оорлогондо келип түшкөн. Учурда үй кожейкеси төрт, алты жана сегиз жаштагы кыздары менен бирге жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Республика боюнча быйыл жыл башынан бери тамак-ашка ууланган 31 учур катталып, 64 адам жабыркаган. Бирок бактыга жараша каза болгондор жок.

Ош базары
Ош базары

Республикалык оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаев:

- Күн жылып, аба ырайы өзгөргөн сайын колдо жасалган азыктар бузула баштайт. Бирок сатуучулар аны көчөдө ачык эле сатып жатат. Эл арзанына кызыгып, ошол жерлерден алууда. Бизге тамак-аш жасаган жайларга күтүүсүз барып текшерүүгө укук берилген эмес. Экономика министрлигине билдирип, ишкерлерге алдын ала эскертип гана бара алабыз. Ошондуктан мен көчөдө мыйзамсыз жана санитардык талапка жооп бербеген абалда сатылган тамак-аштарды көзөмөлдөөгө милиция кызматкерлерин чакырат элем.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Үлпат Назирбекова ботулизм тууралуу буларга токтолду:

- Адам ботулизмге анын бактериясы бар тамак-аштарды жегенде чалдыгат. Ал көбүнчө топуракта болот. Тамак-ашка жугуп, аба жок жерде активдешип, уулуу затты бөлүп чыгарат. Үй шартында туура эмес даярдалган ар кандай консервалар ботулизм микробунун көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп берет. Ошондуктан кимде консерваланган азыктар болсо абайлагыла. Жаш балдарга бербегиле жана мүмкүн болсо ишканаларда даярдалган консерваланган азыктарды колдонгону оң.

Былтыркы жылы Кыргызстанда ботулизмден сегиз адам каза тапкан. Алардын ичинен эң көп учуру Жалал-Абад облусунда катталган. Тогуз-Торо районунда эки, Базар-Коргондо эки жана Сузакта эки адам каза болгон.

"Азаттыктын" архиви: Ууланган тамак-аш. 13-январь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG