Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Бийликтин үчилтик арабасы, кимиси кандай тартат?


Конституциялык кеңешме
Конституциялык кеңешме

Конституциялык кеңешме тарабынан жактырылган жаңы Конституция долбоорунун тексти жакын арада жалпы элге жарыя кылынат. Ушу тапта ал укукчулар, филологдордун элегинен өтүүдө.

Көптөгөн талаш-тартыштардан кийинки Башмыйзам долбоору менен катарлаш жалпы элдик референдумга мамлекет башчысынын милдетин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирөөнүн аткарышы жөнүндөгү сунуш да коюлмакчы.

Көп түкүрсө - көл

Жаңы Конституциянын Убактылуу өкмөт долбоорун улай жыйырмадан ашуун варианттын сунуш кылынышынын өзү Башмыйзам жазуу ышкысы көптөрдү азгырганын көрсөтүп турат. Конституциялык кеңешме тарабынан жактырылган долбоор Убактылуу өкмөттүн жактыруусуна ээ болгон соң аны менен бирге жалпы элдик референдумга дагы бир суроо - утурумдук мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуну тандоо маселеси да коюлганы турат. Конституицляк кеңешме катчылыгынын башчысы Данияр Нарынбаевдин айтуусунда, ал суроонун коюлар-колбашын Убактылуу өкмөт мүчөлөрү чечет.

- Ошол жоболордун ичинен карап, анан орун таап киргизет деген ишенич бар.

Д. Нарынбаев кыйла кызуу талаш-тартыштарды чакырган дагы бир маселе Конституциялык сотту калтыруу оңуна чечилгенин белгиледи.

- Себеби Конституциялык сот бул адам укугун жактаган орган болуш керек. Мамлекеттин бир гана талаш-тартыштарын карабаган, адам укугун коргой турган, мыйзамдардын Конституцияга шайкештигин текшерген орган болуш керек.

Элдик курултай деле эстен чыккан жок

Ушундай эле мунаса чечимдин натыйжасында Конституция долбооруна бийликтегилердин көпчүлүк алдындагы жоопкерчилигин тергеп-тескеп турчу Элдик курултай институту да калтырылды.

Анткен менен долбоордогу мамлекет башчысына берилген укуктарга ичи чыкпагандар дагыле толтура. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу президент өкмөт жоопкерчилигин өзүнө алышы керек деп эсептейт.

- А.Акаев да шайланып алып туруп күнөөнү өзүнөн сезбей, үч мөөнөт президент болду. Бул убакта 13 премьер-министрди алмаштырды. Мына ушулар күнөөлүү, мен эмес деп. К.Бакиев 5 жыл президент болуп 7 премьерди алмаштырды. Жетиби-сегизби, мен да эсептен адашып калдым.

Ыйгарым укуктарынын кыйласы чектелген президенттин бир мөөнөткө жалпы эл тарабынан шайланышынын жөн-жайын Убактылуу өкмөттүн төрага орунбасарынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Текебаев момундайча түшүндүрөт.

- Эгер ал тигил же бул партиянын өкүлү болсо деле эл шайлагандан кийин анын табияты өзгөрөт. Эл шайлагандан кийин парламенттеги көпчүлүктү түзгөн партиядан элдин батасын алгандан кийин көз карандысыздыгы болбой калат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлү, элчи Эндрю Тесорьер жарым жыл ичинде конституциялык реформаны иш жүзүнө ашыруу өзгөчө оор жумуш экенин белгилеп, жаңы Башмыйзам эларалык стандарттарга шайкеш келиши керек, деп эсептейт.

- Конституциялык реформа жараяны ачык жүрүшү абзел. Ага кызыкдар тараптардын, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык, улуттук эксперттердин, жөнжай адамдардын баарынын катышуусу зарыл.

Жаңы Конституция долбоору шайлоого катышчу жалпы элдин жарымынан көбүнүн жактыруусуна ээ болсо гана кабыл алынды деп эсептелинет. Буга чейинки шайлоо, референдумдар тажрыйбасы көрсөткөн административдик ресурс да бул ирет колдонулабы же көпчүлүктүн өзү жогортон келчү көрсөтмөнү күтүп олтурбай, өлкө тагдырын чеччү маанилүү иш-чарага жапатырмак катышып береби – бул азырынча ачык калып жаткан суроо.

XS
SM
MD
LG