Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

“Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы алдыдагы парламенттик шайлоо, мамлекеттин келечек маселелери жана кадр саясатына арналды.

Талкууга катышкандар:



Президенттин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев








“Ак жол” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Муратбек Жетимишбаев






“Азаттык”:
Муратбек мырза, 10-августта парламенттик шайлоо жарышы расмий түрдө жарыяланды. “Ак жол” партиясы парламенттик шайлоого катышабы?

Муратбек Жетимишбаев: Мен бул суроого жооп берердин алдында бир нерсени айтып коеюн: 7-апрелде болгон окуя моралдык жагынан “Ак жол” партиясын аябай сындырып койду. Себеби ачыгын айтыш керек, жананча баланын каны төгүлүшү “Ак жол” партиясынын баш көтөрүшүнө аябай тоскоолдук кылды. Ошондуктан бул маселе толугу менен чечиле элек. Катышпаса да кандайдыр бир партияга максатташ болсо бир партияны колдоо иретинде барышы мүмкүн. Ошондуктан азыр толук чечим бул боюнча чыга элек.

“Азаттык”: Топчубек мырза, парламенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин азыр Кыргызстанда кадр саясатында болобу, дегеле мамлекеттик көп маселелер боюнча тазалануу процессии жүрүш керек деп люстрация жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну сиз сунуштап жатасыз. Сиз апрель ыңкылабынын талаптары да аткарылган жок деп билдирип жатасыз. Деги мыйзам эгер кабыл алына турган болсо, анын ишке ашышына өзүңүз ишенип турасызбы?

Топчубек Тургуналиев:
Люстрация деген латын сөзү, кыргызча бул – мамлекеттик бийликти тазалоо деп эле жаздым мен. Мен бул мыйзамдын кабыл алынышына көзүм жетет. Себеби бул жерде 2-3 тарыхый улуу себептер бар: Коммунисттик партия, андан кийин Акаевдер, бөтөнчө Бакиевдер мамлекетти да, коомду да, адегенде мамлекеттин жетекчилерин, башкаруу системасын ушунчалык жаман кылып бузуп кетти. Ошондуктан Кыргызстан алдыга ийгиликтүү жылам десе, анда мамлекеттик бийлик сөзсүз тазаланыш керек.

“Азаттык”: Аларды тазалоонун кандай механизмдери бар? Аларды ушул тазалануу мыйзамына дал келет деп кантип далилдейсиңер?

Топчубек Тургуналиев: Биринчиден, атайын мамлекеттик комиссия түзүлүш керек. Мен ошону мыйзам долбоорунда жазып атам. Ошол мыйзамдуу комиссияга жөнөкөй эле адамдар, коомдук уюмдар, партиялар ж.б. бардыгы кайрылса болот, баланча киши мамлекеттик кылмыш жасаган, ошого шайлануу жана мамлекеттик башка бийликтерге дайындалуу укуктарынан ажыратыш керек деп.

“Азаттык”: Кылмыш жасаган жасабагандыгын сот гана чечет да. Эгерде сотко чейин комиссия чече турган болсо алардын адамдык укугун басмырлоо болбойбу?
Акимдин баары алмашты. Ошонун баары эле Бакиевдин эшигинин алдында жүргөн жок да.


Топчубек Тургуналиев: Басмырлоо болбойт, бул соттун чечиминен да, же болбосо мыйзамдан да жогору турган нерселер бар. Адам укуктары дегенде мисалы Акаевдер өзүнчө, Бакиевдер 5-6 эле адам эмес, миллиондогон адамдардын укугун бузуп, атүгүл атып, тоноп, уурдап Кыргызстанды бүтүндөй дүйнөгө шерменде кылып кетти. Ошондуктан бул жерде адам укуктарын кимдер бузган? Кеп ошондо.

“Азаттык”: Демек ошол комиссияга укук берилет деп мыйзам чегинде негиздер түзүлөбү?

Топчубек Тургуналиев: Албетте бул мыйзам да. Эң негизгиси элдин басымдуу көпчүлүгү талап кылып атат. Мага күнүгө келип атышат, телефон чалып атышат, кайрылуулар болуп атат, атүгүл чоң-чоң жыйындарда да ушул маселе көтөрүлүп атат.

Атасы үчүн уулу жооп бербейт

“Азаттык”: Муратбек мырза, эгер тазалоо жөнүндөгү мыйзам кабыл алына турган болсо бери дегенде эле мурдагы Акаевдин, Бакиевдин бийлигинде иштеген адамдарды карап көрө турган болсок, мамлекеттик деңгээлдеги ири олуттуу маселелерди кабыл алган адамдарды карап көрө турган болсок 200-300 адамдан ашып кетчүдөй. Алар азыркы бийликке каршы өзүнчө топту түзбөйбү?

Муратбек Жетимишбаев:
Мен Топчубек агайдын иши боюнча мамлекеттик деңгээлде тазалоону утопия катары карайм. Себеби ушунун толук ишке ашышына мен күмөн санайм. Себеби бул өтө узак процесс. Сотто эле бир адамдын күнөөсүн коюш үчүн канча нерселер чогулуп атат. Ошондуктан Кыргызстандын азыркы акыбалында бул өтө оор жана татаал нерсе дейм. Бул ишке ашышы өтө оор. Бирок кээ бир өтө ашыкча кеткендер өз деңгээлинде сөзсүз өздөрүнүн жазаларын алышы керек.

Жалпы Кыргызстан боюнча карасак биз ушунчалык көп мүдүрүлүүгө барганбыз, коррупцияга белчебизден малынганбыз, ошол эле сүйлөп аткандардын азыр артын казып көрсө таза чыга бербейт. Ал эми ошол эле суроо партиянын ичинде болсо, мисалы, “Ак жол” партиясы азыр тазаланышыбыз керек, эгерде партияны сактап калабыз десек.

Раззаковдун сөзү бар, мамлекеттик качан сүйүш керек дейт. Мамлекет мүңкүрөп, бутуна туралбай, кыйналып турган сүйүш керек дейт. Биздин партия азыр кыйналып турат, көбү сатып кетти. Мисалы, мен депутат болгон жокмун, же бир фракцияны жетектеген жокмун, же бир чоң кызматка илинген жокмун, мен жөнөкөй мугалиммин. Өз абийрим менен мен ушул жерде отурам. Мага окшогон Кыргызстан боюнча жөнөкөй партиянын көп мүчөлөрү бар, көбүнүн күнөөсү жок. Алар да башын бийик көтөрүп жүргөнгө акысы бар. Чоң кылмыштарга бирөө да аралашкан жок.

“Азаттык”: Тактап койчу нерсе болуп жатат, сиз буга чейинки маектериңизде айтып жүрөсүздөр, “Ак жол” партиясынын катарына 150 миңден ашык адам кирген деп. Сиз 2007-жылы “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө катышкан кезиңизде мүчөлөрдү кантип алганыңыздар жөнүндө ой айттыңыз эле. Азыр ошону көрүп алсак.
Жети-Өгүз районунда бир мектеп курулган жок, «Ак жол» партиясына киргенде 3 жылдын ичинде 11 мектеп курулганда менден сүйүнгөн киши болгон жок.


“Азаттыктын” архивинен. Муратбек Жетимишбаев: “Алга Кыргызстан” деген партиясында өзүңүздөр билесиздер койчу эле айдап киргизген, бүт галстук тагынгандын баары ошол жерде болчу каалайсыңбы, каалабайсыңбы. Ага чейин «Адилет» деген да партия түзүлгөн. Ушуга чейин мен «Эмгек жана биримдик» партиясынын мүчөсү болчумун. Мен ушул партияга өткөндө революциядан кийин бүт кан-жаным менен киргем. Мен буга чейин бир да партияга өткөн эмесмин. Ошол Жети-Өгүзгө барганда 300дөн ашык мүчөсү бар, ошонун 80 пайызы карапайым эл. Мен таң калгам, карапайым эл эмнеге кирип атат деп. Мен ойлойм эл козголушту, өзгөрүштү самап калган.

“Азаттык”: Мурат мырза, азыр ачык айтыңызчы, эки айдын ичинде “Ак жол” партиясына Кыргызстан боюнча 150 миң кишини Акаевдей койчу айдап кирбей кантип топтодуңуздар эле?

Муратбек Жетимишбаев:
Мен азыр тактадым, 150 миң эмес, 120 миң киши, 11 миңи Ысык-Көл облусунан. Мен партияга киргенде кудай акы бир кишини партияга өт деген жокмун. Партияда пенсионер кемпир-абышкалар бар, аларга кызматтын да, бийликтин да кереги жок. Эл тынч жашасын деп ушул партияга кирген.

“Азаттык”: Билим берүү башкармасынын жетекчиси катары мугалимдерди мажбурлаган жок белеңиз?

Муратбек Жетимишбаев: Мен азыр түз эфирде туруп атам, эгерде ошондой болсо эртең эле сизге чалсын, Жетимишбаев партияга өт деп айтты деп Ысык-Көл облусунан бирөө айтса анда мен уят болуп берейин.

Коорупциянын торунда, жакырчылыктын сазында

“Азаттык”: Топчубек мырза, азыр жаңыдан шайлана турган парламенттин, демек жарышка түшө турган саясий партиялардын сапатына көп көңүл буруш керек болуп турат. Себеби парламент өкмөттү түзөт, мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктайт. Мына азыр расмий каттоодон өткөн 150гө жакын саясий партиялар бар экен. Ошолор ушундай вазийпаны аткарууга татыктуубу? Болбосо кайсы партиялар татыктуу деген ойдосуз? Татыктуу партияларды элдин калыс тандоосу үчүн кандай шарттары зарыл деген ойдосуз? Президенттин кеңешчиси катары кандай аракеттерди көрүп жатасыз?

Топчубек Тургуналиев: Мукемдин мен эч кимди “Ак жолго” мажбурлаган эмесмин дегенине жооп айтсам: азыр да кеткен жокмун, мен сатпайм деп атканы бул жигиттиги. Бирок Муке эки нерсе бар да: сен мажбурлабасаң, көпчүлүгү элди мажбурлашкан. Анан мамлекеттик бийликти тазалоого мен ишенбейм, утопия деп айтып атпайсыңбы. Утопия деген сөз ишке ашпай турган сөз. Сен күлүп жайнап атасың, мен болсо айтып атам, мунсуз Кыргызстан алдыга жылалбайт. Себеби Кыргызстанды коррупциянын баткагына баткырган жалаң эле жогору жактагылар эмес, төмөн жактан ондогон, жүздөгөн миң долларларды алып, анан кыр чокуга отургандар бар.



“Азаттык”: Жагалданган кишилерби?

Топчубек Тургуналиев: Албетте, кызмат үчүн, башка үчүн ошону жеткирип турган да. Саясий партия боюнча өткөн жумада Адилет министрлигинен жаңы тизме алдым, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 148 партия түзүлүптүр, анын 42си 13-апрелден кийин түзүлгөн партиялар экен. Бир жагынан бизге тыюу сала турган бир да мыйзам жок, болбош керек. Ким кааласа партия түзө берсин. Бирок Кыргызстанда келечекте 148 эмес, мүмкүн 48 партия, мүмкүн 8 партиянын да кажети жок. Менин оюмча, мындан кийин үч багыттагы партиялар биригиши сөзсүз ыктымал, биригет. Күздөгү шайлоодон кийин өзгөчө биригет. Себеби 148тин 48и эмес, сегизи да өтпөйт, 405 партия өтүшү мүмкүн.

“Азаттык”: Элдин калыс тандоосуна шарт түзүлөбү?

Топчубек Тургуналиев: Бул – утопия. Күздөгү шайлоо деле 100 пайыз таза болуп кетет дегенге мен ишенбейм. Бул ишке ашпай турган нерсе. Себеби адамдын адаты консерваланып, кээ бир адамдар о дүйнөгө кеткенде ошону менен кошо кетет.

“Азаттык”: Жарышка түшкөн саясий партиялар эгерде ошондой кысымды жасабай турган болсо, административдик кысым болбой турган болсо эл өзүнүн тандоосун билдирет да?
Бурмалоолор болуп келген, ошондо эмне жарандык согуш чыкты беле? Айтып атпаймбы, жок дегенде 5-10 пайыз болушу мүмкүн.


Топчубек Тургуналиев: Саясий партиялардан бүгүн катышам дегендерди үч топко бөлсө болот, бирөөлөрү таза, адилеттүү жол менен кетет, экинчилерин билбейм, ар кандай болот, үчүнчүлөрү ачыктан-ачык тополоң салганга, же акча чачканга аракет кылат. Жакында маалыматтар боюнча Кыргызстанга 90 млн. доллар келди.

“Азаттык”: Кайсы партияга?

Топчубек Тургуналиев: Кайсы партия экенин мен колунан кармап албагандан кийин айта албайм. Бирок мен бир чындыкты айтып кетишим керек, кечеги күнкү жеңилгендер өлкөнүн ичиндеги тигил, же бул адамдарын сүрөп, ошолор парламентке келсе биринчи варианты көпчүлүк болуп кетсе алар өкмөттү да курат, азчылык болуп калган күнү анда фракция кылып туруп биздин адамдар кайрадан бийликке келсин деген контрреволюциялык күчтөр болот, ал жалаң эле Бакиевдер, сырта жүргөндөр эмес.

“Азаттык”:
Азыр эл арасында мындай сөздөр айтылып жатат, апрель ыңкылабын ишке ашырган кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү бардык облустардагы, райондордогу аткаруу бийлигин ээлеп турган адамдар деп. Ошолор да өздөрүнүн салымын кошот деген сөздөр айтылып жатат. Ага негиз барбы?

Топчубек Тургуналиев: Буга негиз бар, баары болбосо да, көп жерде ошондой, баарыбыз билебиз. Бирок эгерде ошолор бийликтин күчү менен өтөбүз десе, жүздөгөн эл аралык байкоочулар келет, андан башка миңдеген байкоочулар жана укук коргоочулар турат. “Ыңгайсыз суроо” деген бар, ал сазайын карматат, жөн эле бурайт. Ошондуктан эгерде тиги, же бул партия мыйзамсыз иш кылып, мисалы добуштарды сатып алып, же дагы бир айып иштерди кылып кармалса, үч күндүн ичинде соттолот, бүт баары тең соттолуп кетиши мүмкүн.

Тилек бир, максат башка

“Азаттык”: Муратбек мырза, азыр кээ бир саясат талдоочулар “эгер парламенттик шайлоодо бурмалоолор боло турган болсо жарандык согушту жаратышы мүмкүн” деп айтып жатат. Кандай деп ойлойсуз, добушту жасоочулардын чоң армиясын адатта мугалимдер, дарыгерлер, окуучулардын ата-энелери түзүшкөн. Билим берүү башкармасын мурда жетектеген адам катары айтсаңыз, азыр мугалимдерге ошондой басым жасала турган болсо көнүп беришеби, же тил албай коюшка шарт түзүлүп калдыбы?

Муратбек Жетимишбаев: Бул шайлоо башкачарак болот деп ойлойм. Себеби ушунчалык көп партия чыгып атат, ошол ар бир партия өзүнүн байкоочуларын коет, комиссия мүчөлөрүнө киргизишет, өзүнчө күрөштөр жүрүшү мүмкүн, бирок ачыгын айтыш керек, мурункуга караганда кичине тазарак болот деп ойлойм.

Бирок тышта көмүскө жерде катуу кармаш болот. Азыртадан баштады, биринин плакатын түнүчүндө барып бири тытып кетип атат, бул эң жаман нерсе. Демократия деп атып аксакалдардан ажырап баратабыз, аксакалдарды дүжүр чалдар деп атадык. Мурун Кыргызстанда жабыла башкаруу деген жок болчу. Мисалы, бир айылды бир эле аксакал башкарып койчу. Эми жабыла башкарабыз деп атабыз, кандай майнап чыгат билбейм. Эң негизгиси тынчтык болсун бизде.

“Азаттык”: Кармашты токтотуш үчүн кандай аракет көрүш керек?

Муратбек Жетимишбаев: Токтотуш үчүн адамдын аң-сезими керек, байкоочулар жакшы иштеш керек, анан шайлоо комиссиясы таза иштеп бериши керек. Бирок бурмалоонун ушунчалык көп технологдору бар экен, мен таң калам кандай жасашат, аны агай деле таңган жери жок. Аны жыйынтыгында көрөбүз. Кыргыз эли чоң окуянын алдында турат, ушундан жакшынакай өтүп кетсек деген эле тилек.

“Азаттык”:
Топчубек мырза, сиз Урмат Барктабасов митингге чыккан учурда анын жактоочулары менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөдүңүзбү. Алар Барктабасовдун талабы жазылган документти, кагазды Роза Отунбаевага бердик эле, бирок ага жетпей калыптыр деп айтып жатышат. Ачык айсаңыз У.Барктабасов чын эле премьер-министр болом деген талабын билдирди беле, дагы башка кандай талаптарды койду эле?

Топчубек Тургуналиев: Жарандык согуш болуп кетиши мүмкүн деп айттың, кимде ким Кыргызстанда согуш болот десе анда тилине айыкпас тибиртке чыксын.

“Азаттык”: Эгерде добуштарды бурмалоолор болсо кагылышка алып барышы мүмкүн деп саясат талдоочулар айтып жатышат.

Топчубек Тургуналиев: Бурмалоолор болуп келген, ошондо эмне жарандык согуш чыкты беле? Айтып атпаймбы, жок дегенде 5-10 пайыз болушу мүмкүн. Ал эми Урмат үч талапты койду: “бизди өткөрүп жибергиле, шаарга барып курултай өткөрөбүз” деди. Анда мен “бирөө таш ыргытса жаман болот, бүт жоопкерчилик мойнуңа илинет, кайрадан кайт ушул жерден” дедим.
Демократия деп атып аксакалдардан ажырап баратабыз, аксакалдарды дүжүр чалдар деп атадык.


Экинчиси, “мага каршы козголгон кылмыш иштердин бардыгын заматта жок кылгыла” дейт. Аны сот, же тергөөчү чечет дедим. Үчүнчүсү, “мени баш министр кылсын деп жазып да жибердим эле” дейт. Мен айттым, "баш министр бар, Роза эжеңден бийлик талашасыңбы. Андан көрө кылмыш иштериңен кутулуп алып партияң менен барбайсыңбы, эгерде кыйын болуп биринчи орунду ээлей турган болсоң ошондо баш министр болосуң, баарыбыз кол чабабыз, чыныгы жол ошол, анан тигил революциядан кийин келип төңкөрүш жасайм дедиң, бул революциядан кийин келип баш министр болом дейсиң. Мындай жол менен болбойт, бул өтө опурталдуу жол” дедим. Келер заматта мен Роза Исаковнага айттым. Анан калганын өзүңөр билесиңер.

“Азаттык”: 5-августта У.Барктабасов менен кошо 27 киши камакка алынбадыбы. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ошол камакка алынгандардын укуктары бузулуп жатат, мурдагы бийлик учурунда оппозиция өкүлдөрүнө кандай мамиле жасалган болсо, азыр да ошондой мамиле жасалып жатат деп тынчсызданып жатат. Ага негиз барбы?

Топчубек Тургуналиев: Ага негиз жок, ал эмне деген сөз өзү? Мен кечээ эле Кеңешбек Дуйшөбаев менен сүйлөштүм, 27синин 14 калды, алар бир күндөн кийин эле чыккан. Тиги 14тү түздөн-түз башаламандыкты уюштурганга, Балыкчыда 3 милиция кызматкерлерин сабап, чөнтөк телефонун алып, куралчан келгендер гана жооп бере тургандар калды. Мүмкүн 14нөн дагы бир тобу кетет, эгерде таза болсо.

Акты ак, караны кара деп айтчу убакыт

“Азаттык”: Муратбек мырза, “Ак жол” партиясы бийликте турганда Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугуна, экономикасына терс таасир тийгизген бир топ мыйзамдар кабыл алынган. Мисалы, энергия тармакты менчиктештирүү десек болот, кен байлыктарын жеке колго өткөрүүгө негиз бере тургандай мыйзамдар кабыл алынган. Бирок ошол мыйзамдарды кабыл алган адамдар ар кайсы партияларга кирип кайра эле бийликке умтулуп жатышат. Кандай деп ойлойсуз, “Ак жол” партиясынын өкүлдөрүнүн кайра бийликке умтулушуна моралдык укугу барбы?



Муратбек Жетимишбаев: Көбүнчө мыйзамдар Жогорку Кеңеште кабыл алынды, депутат болуп шайланган “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү аябай көп болгон. Эгерде Жогорку Кеңешти тааныбаса СДПК партиясы чыгып кетсе да болмок. Жанагыдай мыйзам кабыл алынгандан кийин аны депутаттардын абийирине коюш керек. Экинчи партияга өтүүнү да жеке адамдын абийрине коюш керек. Адамдар ар кандай болот экен, мен көбүн көрдүм көрдүм, телефондорун алмаштырып, партия эмне болот десең, ай деп колун шилтеп коет. Оогон адамдар ооп кете берет экен, адам бирөөнү алдашы мүмкүн, бирок ички сезимин, өзүнүн абийирин алдай албайт.

Кандай учурда болгондо да оомалуу-төкмөлүү деген дүйнө Кыргызстанда аябай көп болду. Мисалы, ошол эле Бакиевди И.Исаков, Р.Отунбаева, А.Бекназаров колтуктап келип кыргыз элине алып келип берген да, мына ушул эң сонун президент болот деп. Андан кийин эле Топчубек мырза 2-ноябрда Бакиев деп колдоп турду да. Мен митингди көрүп, тиги жакта бир топ адам Бакиев кетсин дейт, бул киши калсын дейт. Ошол мезгилде балким бул киши мынчалык колдобосо биздин заман башкача болуп калат беле деп да ойлойм. Бул кишини да мен өзүм колдогом, абамдын артынан мен да кетейин деп. Көрдүңүзбү, мезгил деген ар кандай болот экен да.
7-апрелде болгон окуя моралдык жагынан “Ак жол” партиясын аябай сындырып койду. Себеби ачыгын айтыш керек, жананча баланын каны төгүлүшү “Ак жол” партиясынын баш көтөрүшүнө аябай тоскоолдук кылды.


Мен 14 жыл районо болуп иштедим, Жети-Өгүз районунда бир мектеп курулган жок, «Ак жол» партиясына киргенде 3 жылдын ичинде 11 мектеп курулганда менден сүйүнгөн киши болгон жок. Мурунку бийлик иштебей койду деп атасыңар, акимдер атаандашып иштеп калган кийин, мурун айтарга сөз жок болчу, бир мектептин үстүн жаптым деп айта алчу эмес. Кийин мектептер салына баштады, зуулдап бири-бири менен атаандаша баштады. Ошолорду көрүп туруп мен “Ак жол” партиясына өткөм.

“Азаттык”: “Ак жол” партиясынын катталуусун мыйзамдуу, же мыйзамсыз экендигин териштирүү маселесин 7-апрелдеги окуяларды иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия тиешелүү органдарга тапшырды. Кандай деп ойлойсуз, “Ак жол” партиясы мыйзамдуу катталды беле, же эл арасында жүргөн сөздөр боюнча түн ичинде, жекшемби күнү мыйзамсыз катталды беле?

Муратбек Жетимишбаев: Кадимкидей эле съезд болгон. “Ак жол” партиясынын курамында «Солидарность», «Эмгек жана биримдик», «Моя страна» партиялары бар, ушулар биригип анан партия түзгөн. Мурун съезди “Ак жол” партиясы өткөрүп атчу эле, азыр «Ата мекен» партиясы филармонияда өткөрүп атат. Бийлик алмашты, бирок бийликтин партиясы ошондой эле өзгөрүүсүз кетип атат.

Мыйзамдуу катталган, аны юристтер изилдеп чыгат, карайт. Анан бир кишинин күнөөсү менен бүткүл партияны чийип салыш бул болбогон нерсе. Мен айтып атпаймбы, таза жүрөк, жаштар да бар. Күнөөлөрдү көп коюп атабыз, эгерде күнөөсү болсо жазага тартыш керек да, мына Акаевдин учурунда бир адам күнөөгө тартылдыбы? Тартылган жок.

Кадр саясаты көңүл жылытпайт

“Азаттык”: Азыркы бийликке Акаевдин, Бакиевдин кадрлары бийликтен кетсин деген талап менен Кочкор, Жалал-Абад облусунун тургундары чыгып жатышат. Ал эми саясатчылар болсо тазалоо жөнүндөгү мыйзам кабыл алына турган болсо, аны дүңүнөн ишке ашырбай, 1-2 баскычтан өткөрүш керек деп атат. Мисалы, азыркы ушул тапка парламенттик шайлоого чейин эле 10-20 көрүнүктүү саясатчыны мамлекеттик бийликке жолотпой турган чечимдерди кабыл алыш керек деп атат. Ушундай талаптарды бийлик орундата алабы?

Топчубек Тургуналиев:
2-3 тепкич менен өткөрүш керек деп атам. Бул киши айтып атпайбы, бери жагы 200-300 деп сен да айттың. Андан көп. Ошондуктан эгерде биз бардыгын бир эле чалгы менен чаап салсак анда өкмөттүн айлана-тегерегинде чоң тынымсыз митингдер болот. Ошондуктан мен сунуш кылып атам, 10-15, ашып кетсе 20нын айланасындагы бир нече кечирилгис кылмыш жасагандардын эң ана башчыларын өмүрүнүн аягына чейин шайланууга жана дайындалууга укуктарын алыш керек деп атам. Экинчилерин 5-10 жылга, ал эми калгандарын болсо жаңы өкмөт, жаны парламент түзүлгөндөн кийин аны да этияттап, баарын шыпыра бербестен чыныгы күнөөлөрүн далилдеп туруп анан тазалаш керек.

“Азаттык”: Сиз 2006-жылы Бакиев менен Рысбек Акматбаевди коргогон митинг өткөрдүңүз эле эски аянтта. Эл арасында ошондон кийин Бакиевдин бийлиги менен кылмыш дүйнөсү жуурулушуп кетти деген сөз бар. Кандай дейсиз, ага өз салымыңыз жокпу?

Топчубек Тургуналиев: Бакиевдердин бийлиги кылмыш дүйнөсү менен жуурулушуп кеткенин биз кийин билип калдык, ал чындыгында болгон экен. Экинчиси, Бакиевдердин өзүнүн бийлиги, өзүнүн үй-бүлөсү кылмыш дүйнөгө айланып кетти, тилекке каршы. Тургуналиев ошол митингди уюштурган эмес. Ооба, менин күйөө баламды атып таштагандан кийин мен колдоп баргам. Бирок митингди мен уюштурган эмесмин. Андан башка ошолордун башчыларын мен жолуктургам, мен муну ачык эле айтам. Кимде ким күнөөсүз өлтүрүлсө ал күнөөлүүлөрдү таап туруп анан эл алдында чөгөлөтүү бул мамлекеттин милдети. Андай болгон жок, тилекке каршы.

“Азаттык”: Муратбек мырза, парламенттик шайлоого карата карапайым элдин тандоосу ачык, калыс болот, ага шарт түзүлөт деп ойлойсузбу? Элдин ошого ыкласы күчтүүбү?
Бакиевдер 5-6 эле адам эмес, миллиондогон адамдардын укугун бузуп, атүгүл атып, тоноп, уурдап Кыргызстанды бүтүндөй дүйнөгө шерменде кылып кетти.


Муратбек Жетимишбаев: Чындап айтып келгенде Конституция, шайлоо карапайым элге анча деле кереги жок. Элге тынч жашоо болсо, курсагы ток болсо ошол керек. Азыр эле Топчубек агай айтып кетпедиби кадр саясаты боюнча, Убактылуу өкмөт келгенден бери кадр саясаты боюнча эмне гана болгон жок. Жети-Өгүз районунда бир кабинете эки аким отурду, бирөө «Ак шумкар», бирөө СДПК, бул жактан Убактылуу өкмөттөн экөөнү экөө колдоп турду. Бул эмне? Эл тетири карап атпайбы.

Топчубек Тургуналиев: Болду, болду.

Муратбек Жетимишбаев: Андан тышкары бүт акимдин баары алмашты. Ошонун баары эле Бакиевдин эшигинин алдында жүргөн жок да. Анан эле Акаевдин, Бакиевдин учурунда деп эле баарын тазалай бериш болбойт. Тигилер келип калды деп 1-2 министр жөнүндө айтып атат болушуңуз керек. Алар профессионалдар да. 8-класс билими менен Нарынга губернатор коюп койдуңар эле, эмне кызык болду.

Топчубек Тургуналиев: Элге шайлоонун кереги жок дегениңе мен кошула албайм. Сен деле билесиң, мен «Манастын» 4-5 вариантын окудум. Манас абабыз өзү 2-3 жолу шайлоодо хан болуп көтөрүлгөн. Элге керек.

Муратбек Жетимишбаев: Элди бузуп алып атпайбызбы, мен ушул жагынан айтып атам.

Топчубек Тургуналиев: Бүтүндөй система бузук болсо элдин бир тобу бузулат да. Бирок бул киши туура койду элдин ыкласы деген сөз. Эл ар заманда адилеттик болсун деген ыклас менен турат.

“Азаттык”: Топчубек мырза, сиз Токой чабасынын башчысы болуп иштедиңиз, ал жерде чуу чыкты. Ошондой чууну чыгарбай жаш кадрларга ордуңузду берип койсоңуз болбойт беле? Психологдор айтат экен саясатчыларды түзүүчү жана бүлүндүрүүчү саясатчы деп. Сиз өзүңүздү кандай саясатчымын деп ойлойсуз?

Топчубек Тургуналиев: Мен өзүмдү прогресске, өсүү жолуна умтулган саясатчы катары эсептейм. Мен жөнүндө көп пикирлер бар, карама-каршы пикирлер да бар. Ал эми Токой чарбасына мен өз ыктыярым менен барган эмесмин, бир добуштан 14 мүчөсү кабыл алып, 13-апрелден 14-апрелге караган түнү саат бирде жиберишкен.

Эң негизги бир гана милдетим бар эле: ошол жерде мамлекеттик саясатты орнотуу, талкаланып аткан, май-талканга айланган биздин кереметтүү байлыктарыбызды талкалоону токтотуу. Мен токтоттум. Адилеттүүлүк үчүн айтыңыз, мамлекеттик бийликтин кайсы тармагы баштады? Бир жеринде да баштала элек.

“Азаттык”: Топчубек мырза, сиз Акаевге, Бакиевге ишенгениңиз үчүн элден эки жолу кечирим сурадыңыз эле. Эми дагы кечирим сурабаш үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыз?

Топчубек Тургуналиев: Роза айым “мага келиңиз, саясий маселелер боюнча” деп өзү сунуш кылды. Кыргызстанда эң татаал маселе ушул саясий жагы болуп атат. Кудай буйруса, мен колумдан келишинче аракет кылам. Кыргызстаным эртең-бүрсүгүнү, өзгөчө күздөгү шайлоодон кийин жакшы жолго биротоло кайтарылгыс болуп, жаман жолго экинчи барбай турган болуп түшүп кеткенин көрсөм мен саясаттан биротоло кетем.

“Азаттык”: Муратбек мырза, сиз Кыргызстанга күчтүү президент зарыл болчу деп айттыңыз. Азыр Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өттү. Демек бул системаны калыптандыруу керек. Калыптандыруу үчүн сиз өзүңүз жаран катары милдетим эмнеде деп турасыз?

Муратбек Жетимишбаев: Жаран катары менин милдетим элди ынтымакка, кандай мыйзам кабыл алынса да мыйзамдуулукту сактоого чакырыш керек. Бул жалгыз эле менин милдетим эмес, жалпы бардыгыбыздын милдетибиз.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG