Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Казак бекетиндеги зомбулукка нааразылык


17-сентябрда Бишкектен Орусияга багыт алган поездди Казакстандын “Жайсаң” бекетинде чек арачылар текшерип жатып, кыргызстандык жүргүнчү кызды түшүрүп калып, иш бөлмөсүндө зордуктап салышкан. Буга байланыштуу селки менен кошо бараткан мекендештери жолду тороп, поездди беш саат токтотуп, жорукка тиешеси барларды токтоосуз жазалоону талап кылышкан.

Казакстандын укук коргоо органдары чек арачыларды кармап, кылмыш ишин козгогондон кийин гана жүргүнчүлүр тынчып, сапарын улантышкан. Жолоочулар коңшу мамлекеттин аймагында мындай аша чапкан көрүнүштөр көнүмүшкө айлангандыгын, бирок ага кыргыз бийлиги көз жуумп келаткандыгын айтышууда.

“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, Бишкектеги темир жол бекетинен күн сайын 500-700 чакты жүргүнчү чет өлкөлөргө жөнөйт.

Мигранттын акчасы керек, укугу жокпу?

Жолдо жүргүнчүлүрдү Кыргызстан жана Казакстан чек арачылары алмак-салмак текшерип жүдөтүшөрүн Москвада кыйла жылдан бери соодагерлик кылган Айнура Сагынбекова айтты:

- Поездде орустар бизге таптакыр тийишпейт. Тескерисинче, өзүбүздүкүлөр болор-болбос нерсеге акча сурашат. Ушул Кыргызстан менен Казакстандан эсен-аман өтсөк, ары жагын орустар анчалык текшеришпейт. Эгерде мекенибизде татыктуу жумуш табылса, кыргыздын апалары жана кыздары минтип тентишмек эмес. Мен, мисалы, эки уулдун энесимин. Ошолорду таштап коюп көртирликтин айынан чет жакка кетип атам. Тигил тарапта, Москвада, тууган-уруктарыбыз жашайт. Бизден дайыма үмүт кылышат. Ошондуктан базарлык иретинде курут, жер-жемиш алганча барабыз. Ошону зерикпестен ачтырып, бир-бирден тинтишет.

Айнура Сагынбекова өз сөзүндө айрыкча казак чек арачылары кыргыз кыз-келиндерин көбүрөк мазакташарын кошумчалады.

Мигранттар кыштын суугуна, жайдын ысыгына чыдап иштеп жүрүшөт.
Нарындын тургуну Карамат Акынбаева поезддердин ичин мыйзамсыз топтор жойлоп, айрым мекендештерин опузалап талап-тоноп жатышкандыгын ачыктады:

- Казакстанда мыйзамдуу текшерүүчүлөр жакшы мамиле кылышат. Бирок кийинки күндөрү ортодо алдамчы шылуундар көбөйдү. Жасалма документтерди көрсөтүшүп, жүргүнчүлөрдөн акча өндүргүнгө көнүп калышкан. Айрым суу жүрөктөр укугун талашуунун ордуна айтканын кылып кутулуп атышат.

Бирок “Орустемиржолу” ишканасынын өкүлү Олеся Черникова Орусияга таандык поезддерде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жоктугун белгиледи:

- Биздин поезддерде, мен ойлойм, коопсуздук маселеси абдан күчөтүлгөн. Андыктан чочулоонун эч кандай кажети жок. Кокусунан кандайдыр бир пикир келишпестиктер өкүм сүрсө, поезддин башчысы аны дароо жөнгө салганга жардамдашат. Эгерде анын алы жетпей баратса, транспортту коштоп жүргөн милиция кызматкерлери баарын териштиргенге даяр. Канетсе да жалпысынан чоң көйгөйүбүз жок.

Бишкектеги темир жол бекетинен Орусиянын бир нече шаарына автобустар да каттайт. Алардын биринин айдоочусу Союзбек Камбаров Казакстандын аймагында жогорудагыдай аша чапкан көрүнүштөр көнүмүшкө айлангандыгын, бирок ага кыргыз бийлиги көз жуумп келаткандыгын билдирди:

- 7-апрель окуясынан кийин бизди адам катары эсептешпейт. Биздеги эң олуттуу проблема – Казакстандын Петропавловск шаарындагы бекет. Ал жердеги чек арачылар бизди абдан кыйнашат. Уялбастан “чет өлкөлүк баракчаңар жок экен. Беш миң рубль бергиле!” дешет. Ал эми Казакстандын аймагынан чыгып баратканда жөн эле “киши башына 100-150 рубль топтогула” деп кысмакташат. Айткандарын аткарбасак, автобусту токтотуп коюшат. Ошентип айдоочулдарды да, жүргүнчүлөрдү да жалдыратышат. Өкмөт деген жок. Миграция комитети ушул өңдөнгөн маселелерди жөнөкөйлөштүрүп чечип берсе жарандардын сообуна калмак.

Элчилик кабардар эмес

“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Нургазы Нарынбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 17-сентябрда Бишкектен Орусияны карай бараткан поездди Казакстандын “Жайсаң” бекетинде чек арачылар токтотуп, текшеришкен.

- Биздин поезддин башчысынын айтымында, ошол жерде чек арачылар бир кызды документиң туура эмес деп кабинетине алып кирип, зордуктап салышыптыр. Ал кыз ыйлап чыгып, кошо бараткан эжесине айткан экен, анан вагондордогу кыргыздар бүт угуп чогулуп, жолду тосуп, прокуратура чек арачыны жазаламайынча, поездди жылдырбайбыз деген талап коюшуптур.

“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын өкүлүнүн кебине караганда, ушундан кийин гана Казакстандын укук коргоо органдары чек арачыларды кармап, фактынын негизинде кылмыш ишин козгогондон кийин гана жүргүнчүлүр тынчып, сапарын улантышкан. Нургазы Нарынбаев:

- Өзү бул эл аралык жаңжал. Казакстандын Баш прокуратурасы жана улуттук коопсуздук комитети тигил кызды эжеси менен көрсөтмө бергенге алып калышыптыр.

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин өкүлү окуя туурасында массалык маалымат каражаттарынан гана билишкендигин, бирок аны комментарийлей албастыгын айтты.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 17-сентябрдагы окуя өлкөнүн Астанадагы элчилигинин толук көзөмөлүндө экендигин, учурда оперативдүү иликтөө чаралары көрүлүп жаткандыгын, фактыга шектүү чек арачы кармалып, ал эми кыргызстандык кыз соттук-медициналык экспертизадан өтүп аткандыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG