Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Т.Тургуналиев: Карапайым калктын 99 пайызын күнөөлөбөйм


Элүү адамдан турган полиция тобу тогуз мамлекеттен тандалып алынып, сентябрдын башында алардын Кыргызстанга келиши күтүлүп жаткан меморандумга кол коюу белгисиз мөөнөткө жылдырылганы айтылып жатат. Ушул маселе боюнча президенттин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Бул маселе эмнеге белгисиз мөөнөткө жылдырылып калды? ЕККУнун полициясын киргизүүгө каршылыгын билдирген бир топ акциялар таасирин тийгиздиби?

Топчубек Тургуналиев: Бул маселеде эки себеп бар. Биринчиси бул тарыхый себеп. Себеби 1990-жылы ошол түштүк тарапта өзбек тобу менен кыргыз тобу кандуу кагышканда Москвадан прокурорлор, тергөөчүлөр келип, алар бир жактуу изилдеп, кыргыз улутун, кыргыздарды абдан күнөөлөгөн. Ошондо “Кыргызстан демократиялык кыймылы” жана башка уюмдар түздөн түз каршы чыкканбыз, анан аз-аздан туура маалыматтар бүтүндөй дүйнөгө таркаган.

Ал эми азыр болсо кээ бир эл аралык уюмдар, анын ичинде HRW жана дагы бир-эки уюм маалымат согушуна ушунчалык сүңгүп кирип, алар да капталдап туура эмес маалыматтарды бере баштады. Булар “геноцид”, “тукум курут”, “кыргыздар күнөөлүү” деп теңирден тескери нерселерди айта баштады.

Ошондуктан Ош, Жалал-Абад, Бишкекте өзгөчө жаштар уюмдары көтөрүлүп чыгып, улуттук намысына келип, “ЕККУнун полициялары кирбесин, Кыргызстандын адистеринин күчү жетет, аларга сырттан келип кеңеш айтуунун кежети жок” дешти.

Ошондой эле ЕККУнун бул жерде борбору бар. Андан башка Кыргызстанда эл аралык уюмдар жана өзүбүздүн да укук коргоочу уюмдар бар. Алардын арасында да туура эмес маалыматтарды берип алып, андан кийин суракка келип, башка өлкөгө качкандары бар. Ошондуктан бүгүнкү кырдаалга жараша ЕККУнун полиция тобунун азыр келишинин кажети жок деп эсептейм. Дагы бир сөз бар: алар Ош, Жалал-Абадка эмес, түндүккө кирет экен дейт. Алар түндүккө эмнеге келет? Ошондуктан менин жеке оюмда бул маселе башынан туура эмес коюлган. Бизге эң керектүү ошол эле ЕККУ, ошол эле башка уюмдар, шериктеш деген мамлекеттер да жардам бербей койду да.

- Кыргыз өкмөтү билдиргендей кыргыз тарап улуттук кызыкчылыктарына жараша бир топ шарттарды коюп жатканы айтылууда. Ал кандай шарттар экенин билсек болобу?

Топчубек Тургуналиев: Эми ийнесинен жибине чейин мен да ал шарттарды билбейт экем. Улуттук кызыкчылык деп эле кээде тигил же бул эл аралык уюмдардын кызыкчылыгы, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын айтып атышкандыр. Ошондуктан мен дагы бир жолу кайталайм, кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына караганда азыркы абалда, өзгөчө шайлоо алдында өзүбүздүн ичибизде да үгүттөр уламдан улам күчөп отурат. Ошондуктан бүгүнкү кырдаалды эске ала турган болсок, бул топтун Кыргызстанга киргизүүнүн кажети жок.

- ЕККУнун кеңеш берчү полициясынын кечеңдешин Ошто эмес, Бишкекте калтыруу маселеси да болуп атат деген пикирлер айтылып атат. Сиз кандай ойлойсуз?

Топчубек Тургуналиев: Ооба, бир айдан бери ушундай пикир айтылып атат. Эгерде Ош, Жалал-Абад тарапка кирбесе анда Бишкекке келүүнүн кандай кажети бар? Борбордук мамлекеттик уюмдардын баары бул жерде бар, бул жерде өтө жогорку деңгээлдеги адистерибиз бар.

- Эгерде чын эле эки тарап мунасага келе албай калса, алар Кыргызстанга келүүдөн баш тартса, жагдай кайсы жагына өзгөрүшү мүмкүн?

Топчубек Тургуналиев: Жагдай, менин оюмча, жакшы жагына өзгөрөт. Мүмкүн ЕККУнун айрым бир өкүлдөрү убактылуу ачык же тымызын нааразы болушу мүмкүн, бирок ал убактылуу нерсе. Эл аралык мамилелерде андай нерсе болот.

- Кыргызстан учурда ушундай жардамга муктаж эмес деп айтып атасыз. Эгер келсе канча мөөнөткө келиш керек деп ойлойсуз?

Топчубек Тургуналиев: Жок, мен өзүмдүн көз карашымдан бул кызматка келгенге чейин да тайган эмесмин, азыр да тайбаймын. Ошондуктан келүүнүн кажети жок. Мына Эркебаев баш болгон мамлекеттик комиссия абдан жакшы изилдеп, абдан жакшы корутундуларды чыгара баштады. Андан мурун 6-7-апрелдеги, анан май окуялары боюнча мамлекеттик комиссиянын ичинде мен да бар элем, ал жакта да абдан жакшы корутундулар чыгарган. Биз коммунисттик доордон бери улуттук мамилелерди кыйшайтып, туура эмес алып келдик. Өзгөчө мамлекеттик жетекчилер бир жагынан, экинчи жагынан өзбек тобунун ичиндеги лидер сөрөйлөр. Мен карапайым калктын 99 пайызын күнөөлөбөйм, аларда күнөө жок. Отунбаева муну абдан жакшы айтты.

XS
SM
MD
LG