Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныктайт?


Убактылуу өкмөт жарыя кылган Конституциянын жаңы долбоору боюнча «Акыйкат» партиясынын төрагасы, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ой бөлүшөт.

-Убактылуу өкмөт элге жарыя кылган Конституциянын жаңы долбоорунда Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныктаары так жазылган эмес экен. Бул тышкы саясатты жүргүзүүдө өз кесепетин тийгизиши мүмкүнбү?

- Биздин мамлекет чакан болгон үчүн жалпы тышкы маселелери, тышкы экономикабыз дагы абдан кооптуу маселелер. Тилекке каршы ал так жазылбай калыптыр, бул мени өкүндүрөт. Мен айткандай, шашып Конституцияны кабыл алгандыктын белгиси болуп атат. анткени тышкы саясат Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Ким аныктайт, же президентпи, же парламент, же өкмөт аныктайбы, аны так жазыш керек.

- Дагы бир урунттуу маселе, өткөөл мезгилдеги президент болуп жаткан Роза Отунбаеванын эл аралык макамы кандай болот? Ал мамлекет башчысы катары эл аралык жыйындарга катышып, эл аралык макулдашууларга ушул аралыкта кол коюшу мыйзамдуу болобу?

- Бул жерде эгер рефрендум жакшы өтүп, эл ишеним көрсөтсө анда мыйзамдуу болот. Эгер эл колдобой койсо анда мыйзамсыз болуп калат да.

- Сиз буга чейин Конституциясы жок эле өнүккөн мамлекеттер бар деп жүрбөдүңүз беле. Эми жаңы долбоор референдумга коюла турган болду. Аны жалпы эл түшүнүп колдойт, эми мындан кийин өзгөртүүгө дуушар болбойт деген ишеним барбы сизде?

-Жок, менин ишенимим жок. Анткени мурун дагы айтып келгем, негизинен эки суроону добушка коюш керек болчу, кайсы башкаруу керек, же парламенттик, же президенттик-парламенттик. Ошону тактап калгандан кийин Шайлоо кодексине декрет менен өзгөртүү киргизип туруп, анан кийин парламентти шайлап туруп, анан парламент аныктаса жалпы эл аралык тажрыйбадагы, биздин жаңы тарыхыбыздагы иш болмок. Өзүңөр билесиңер, 20 жылдан бери баш мыйзамыбызы 8 жолу өзгөрдү. Ар дайым шашып эле, бир айдын ичинде ушундай оңдоп койгонбуз. Аягында тилекке каршы, тескери натыйжалар чыкты биздин саясий-коомдук турмушта. Мындай деп айтылбадыбы, референдумга 30 пайыз шайлоочу катышса болот, жарымы эле добуш берсе болот деп. Ойлоп көрсөңөр, элдин 15 пайызы добуш берсе эле, калгандары унчукпай койсо бул туура эмес болуп калат го деген ойдомун.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG