Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Кайсы лидер Москванын “батасын” алып келет?


В.Путин менен Д.Медведев кимге басым жасайт?
В.Путин менен Д.Медведев кимге басым жасайт?

Шайлодо жеңген айрым партия лидерлери Москвага сапар алышты. Саясат талдоочулар, орусиялык басма сөз каражаттары бул теманы байма-бай талкуулашууда.

“Ар-намыс”, “Республика” партияларынын жетекчилери жана “Ата Журттун” өкүлү 14-октябрда эле Москвага учуп келгенин айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. 15-октябрда КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев да Москвага келгени кабарланды. Саясат талдоочулардын баамында, орус бийлиги алар менен Жогорку Кеңеште коалиция маселесин талкуулашмакчы.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, КСДПнын лидери Алмаз Атамбаев, “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов жана “Ата Журттун” лидерлеринин бири Мыктыбек Алдылдаев Кремль менен кеңешкени келгени айтылууда.

“Время Новостей” гезити партия лидерлерин Кремль чакырганын, “Ар-намыс”, “Республика” жана “Ата-Журт” биригерин жазат. Макалада бул партиялардын башчылары Орусияны бел туткан көз карашта болгону, “Ата-Журт” менен “Ар-намыс” президенттик башкаруу системасына ыктары, алардын баасы боюнча Кыргызстан парламенттик башкарууга даяр эместиги айтылат.

Адис Ажар Куртовдун баамында, Кремлдин кеңешин угалы деп келген кыргызстандык саясатчылардын максаты өзгөчө:

- Кыргыз саясатчыларынын Москвага сапар алышы – Борбордук Азия аймагында Орусиянын дагы эле жетекчи орунда экенин далилдеди.

Социал-демократиялык партия да расмий Москва менен мамилени жакшыртуу жолунда. Бирок ал партия өлкөгө президентик башкарууну кайра киргизүүгө каршы. Ошондуктан “Ата Мекен” өңдүү КСДП да “кайра эле Москва, кайра эле “байкебиз” муну мындай кыл, тигини тигендей кыл деп тапшырма берип, жашообузду башкарышы – кордогондук” деп моюн толгошкон. Бирок шайлоодо жеңгендердин бири гана болгону үчүн такыр тетири басып кете да алышкан эмес.

Батыш өлкөлөрү менен кызматташууга белсенип киришкен “Ата Мекен” гана Москвага сапар тартпастан Бишкекте калган.

“Кыргызстанда орусиялык маанайда парламент уюшулса ал сөзсүз эле АКШга каршы көз карашта болот деген туура эмес” деп айткан АКШнын мамкатчысынын орун басары Роберт Блейк.

Адистердин божомолунда, Кремль Өмүрбек Бабановду өкмөт башчынын орун басарлыгына, Феликс Куловду премьер-министрликке дайындалышын каалайт. Ошол эле учурда “Ата Журттун” да Москвага чакырылышы анын лидерине Жогорку Кеңештин төрагалыгы үчүн батасын берет деп эсептейт саясат талдоочулар.

XS
SM
MD
LG