Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Чочко тумоосунан чочулоо чоң


Бүгүн Кыргыз өкмөтүндө чочко тумоосуна каршы даярдыкты жана илдеттин алдын-алуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү чараларын талкуулаган жыйын өттү.

Чочко тумоосу боюнча абал дүйнөдө өтө кооптуу болуп жатат. 160 өлкөнүн 151 656 жараны ооруп жаткан бул дарттан бүгүнкү күнгө 900гө жакын адам каза болду. Чочко тумоосу катталып жаткан мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосунда элдер каттап, байланыштар болуп жаткандыктан, Кыргызстанда да чочко тумоосунун пайда болуу коркунучу чоң.

Бүгүн Кыргыз өкмүтүндө болуп өткөн жыйында өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдыкаримов билдиргендей, Кыргызстанда Бишкектеги жана Кара-Суу борборлоштурулган санэпидстанциясындагы лабораториялар чочко тумоосунун А/H1,N1 вирустарын аныктоочу соңку заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалган. Бирок Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен аймактарында даярдыктар кыйла начар. Эгер туристтер жана Кыргызстандын жарандары эс алууда жүргөн Ысык-Көлдө непаада бирар-жарым адам тумоолоп кала турган болсо, Бишкекке алып келүүгө санавиация уюштурулган.

Сабыржан Абдыкаримовдун айтымында, непаада Кыргызстанда чочко тумоосунун эпидемиясы жүрүп кетсе, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан келип түшкөн “Тамифлю” препараты 8050 дарылоо курсун жүргүзүүгө гана жетет. Андыктан бул дарт күч ала турган күз-кыш алдында, тактап айтканда октябрь айында чочко тумоосуна каршы элди эмдөө үчүн өкмөт каражат бөлүшү керек:

- Октябрь айында балдарды жана чек ара постторунда, аэропорттордо иштеп жаткан бир жарым млн. чегиндеги калкты эмдөө күтүлүүдө. Непаада бул дарт массалык түрдө жайылып кетчү болсо, медициналык шаймандар, дары-дармектер жетишпейт. Тест-система да 200 эле кишиге жетерлик. Ошондуктан Каржы министрлиги каражат карашы керек.

Биз учурда элди чочко тумоосу менен кабардар кылуу максатында телеролик даярдап жатабыз. Жарандар көп өздөрүн чочулоого алдырбай, сактануу жолдорун жакшы билүүлөрү зарыл. Эгер кимдир бирөөдө чочко тумоосунун белгилери байкалса, дароо медициналык мекемелерге кабарлашы керек. Бул дарттын жугуп калышы көбүрөөк мүмкүн болгон шарттарда ооз-мурунду жапчу маска тагынуу – талапка ылайык.

Өкмөттө өткөн жыйында мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орунбасары Кубаныч Сарыбаев буларды маалымдады:

- Биз саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен иш алып барып жатабыз. Албетте маска тагынганга көнө албай жатабыз. Бирок чек арадан өтүп бараткан адамдарда аталган вирустун белгилери байкалчу болсо, оорулууну санитардык-көзөмөл пунктунун изоляторунда кармап, дароо Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышабыз

Жыйындын жыйынтыгында вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева чочко тумоосунун А/H1,N1 вирустарынын Кыргызстанда пайда болуу коркунучунун алдын алуу боюнча бардык министрликтерди милдеттендирди:

- Бардык министрликтер Кыргызстанда чочко тумоосунун А/H1,N1 вирустарынын эпидемиясынын алдын алуу жана сактануу боюнча чукул иш чараларды дагы бир ирет жакшылап иштеп чыксын. Өзгөчө калкка бул дарттын белгилери, андан сактануунун жолдору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Саламаттык сактоо министрлиги чочко тумоосунун вирусуна каршы калкты эмдөөнүн жалпы суммасын иштеп чыксын. Айрыкча чет өлкөлөрдөн келген туристтер, дегеле эл эс алууда болуп жаткан Ысык-Көлдө, өзгөчө Чолпон-Атада тиешелүү зарылдыктар шай туруусу керек. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө болуп жаткан Кыргызстандын жарандарынын саламаттыгы боюнча сурамжылоо иштерин күчөтсүн.

Сабыржан Абдыкаримов жыйында Лондондон келген бала текшерилип, ал кадимки тумоо менен эле ооруп калганы аныкталганын билдирип, ал эми бүгүн таңында Москва-Бишкек поездинен түшкөн күмөндүү болуп жаткан жаран лабораториялык текшерүүдөн өтүп жатканын маалымдаган болчу. Түштөн кийин лабораториялык жыйынтык бул адамдан гепатит дартынын вирусу табылганын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG