Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

Араздашуудан алып чыгуунун жалгыз мыйзам жолу гана бар


Масилет кеңешинин отуруму, 4-июнь.
Масилет кеңешинин отуруму, 4-июнь.

4-июнда Убактылуу өкмөттүн масилет кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Ага саясий партия, бейөкмөт, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, конституциялык реформа, улуттар ортолук жаңжалдардын алдын-алуу жайында кеп болду.


Кеңешмеде эмне кеп?

Масилет кеңешинин катышуучуларынын кызуу талашын жараткан маселе 7-апрелден кийин күчөп кеткен улуттар ортолук жаңжалдарды болтурбай коюунун, учурунда токтотуп калуунун амал-аргасы болду. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Жалал-Абаттагы жаңжалдын ыкчам басылып калышына Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча атайын өкүлү И.Исаковдун кадыр-баркы, ишти мыкты уюштура алгандыгы себеп болгонун белгилеп, Убактылуу өкмөт алдында Коопсуздук кеңеши эртерээк уюштурулушу зарыл экендигин билдирди.

Кыргызстандын түштүгүндө түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуунун жападан-жалгыз жолу бийлик өкүлдөрү мыйзам чегинде иштеп, талашту маселени жаатташкан тараптарга тартпай, калыс, так чечиши керек. Ансыз ортодогу нааразылык күчөй берерин Убактылуу өкмөттүн өлкөнүн түштүк аймагындагында өкүлү И.Исаков атайын белгиледи:

- Биз аягына чейин эч жакка бурулбай, Кадыржан Батыров жагына да тартпай, берки тарапка да тартпай, бир гана мыйзам чегинде түз алып барсак, ошондо гана чыгабыз. Кимдин ким экени билинет. Азыр кимдир бирөөнү күнөөлөш туура болбойт.

Бир топ себептердин топтомунан чогулган, кыйла убакыт, кыйла учур ичтен түйүлүп, учуру келгенде “дүрт” жанып чыкчу жалынды токтотуштун кыйынчылыгын 1990-жылдын 4-июнунда башталган Ош окуялары көрсөткөн. И. Исаковдун маалымдашынча, Жалал-Абаттагы чырдан эки адам набыт болуп, 67 адам жарадар болгон. Алардын отуз бешине ок жаңылган. Ушу тапта жаңжалдын себеп-жөнү, ага күнөкөрлөр кимдиги такталууда. Ошол себептүү бир топ маалыматтар тергөө кызыкчылыгы үчүн азырынча ачык айтылбастыгын И.Исаков атайын белгиледи.

Жаңжалдын үч жерден бир убакта чыгышы да такталууда

“Туран” партиясынын лидери Таирбек Сарпашев чатак бир эле убакта үч жерде – Ала-Бука, Ош, Жалал-Абатта чыгыш себебине токтолуп, И.Исаковдун алдына момундай суроону алдыга жайды:

- Сүйлөшүлгөндөй болуп чыкты. Кийинчерээк алар болбой калгандан кийин азыр эми Баткенде аракеттер жүрүп жатат. Сохто мисалы үчүн. Анан менде мындай бир ой кетип жатат. Менде эле эмес, коомчулукта деле ушундай бүдөмүк ой бар. Кадыржан Батыров деген кишиге гана шек туулуп жатат. Мунун аркасында андан дагы олуттуу күчтөр турган жокпу?

Андай олуттуу күчтөр деген табышмактуу түшүнүктүн артында кимдер турушу мүмкүн суроосу көпчүлүк эл, саясат таануучулар, атүгүл бийлик өкүлдөрү тарабынан көп эле коюлуп, толгон-токой божомол-жоромолдор айтылып келатат. Анын кайсынысы чын, кайсынысы калптыгын тергөө-иликтөө иштери аныктамакчы.

Масилет кеңешинин жыйынында жергиликтүү “Ош ТВ”, “Мезон ТВ” телеканалдарын текшерүү, сөз эркиндигине карата мамииле, журналисттердин жоопкерчилиги жайында да кеп болду. Көпчүлүктүн нааразылыгын жараткан эркин телеканалдардын материалдары атайын комиссия тарабынан текшерилүүдө. Убактылуу өкмөт башчы Р.Отунбаева комиссия эки телеканалдын жетекчилеринин өтүнүчтөрү боюнча түзүлгөнүн кабарлады.

Кыргызстандын түштүгүндөгү биртоп айылдарында болуп улуттар ортолук жаңжалдын чыгыш себептерин иликтеген бейөкмөт уюмдардын маалымдашынча, жөнжай калктын арасында жаңжал дагы чыгып кетеби деген чочулоо күчтүү. “Анан биздин чочуганыбыз эле 90-жылдагыдай болуп кетпейби деген чочулоо болуп турат”, деп билдирди “Эрайым” коомдук фондунун жетекчиси Рахиля Жусупова.

Убактылуу өкмөттүн Кыргызстандын түштүгүндөгү атайын өкүлү И.Исаков шектелинип жаткан К.Батыров тууралуу аркыл маалыматтар түшүп жатканын билдирди:

- Бизде маалыматтар бар. Текшерүү органдары иштеп атышат. Ал акча чогултуп курал-жарак сатып алабыз деген фактылар чыкты дегендей маалыматтар бизге түшүп атат. Бирок аны текшериш керек. Далилдеш керек.

Исмаил Исаков Өзбекстандын Сох анклавындагы жайыт, суу боюнча талаштуу маселе негизинен чечилгенин, коңшу өлкө оор аскердик техникаларын ал жерден чыгарып кеткенин ырастады.

Өзбекстан, Тажикстан менен чек араны аныктоо, тактоо боюнча Кыргызстандын өкмөттүк комиссиясын түзүү жөнүндө маселе Убактылуу өкмөттүн 3-июндагы отурумунда каралып, бирок ал кийинкиге калтырылган.

Масилет кеңештин жыйынында 27-июнга белгиленген референдум даярдыгы, конституциялык реформаны өткөрүү маселеси да талкууланды. Р.Отунбаева кезектеги референдумду өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы 130 миллион сом сурап жатканын, 1,5 миллион нускада Башмыйзам долбоору басылып чыгарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG