Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Өткөн айда Стамбулда өткөн чоң жыйында Кыргызстандын өкмөт башчысы эки жылдан бери талаштан башы чыкпаган “Камбар-Ата” ГЭС курулушу аягына чыгарыла тургандыгын ырастады. Ири ГЭС курулушу коңшу өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселеге айланып, расмий Ташкен аны эларалык экспертизадан өткөрүүнү талап кылып келатат.

Камбаратадагы ири ГЭС курулушуна эң чоң инвестиция Орусия өкмөтүнөн келгени калды окшойт. Айрым болжолчулар 1 миллиард 700 миллион доллардын эсесине расмий Бишкек “Манас” абамайданындагы эларалык антитеррордук күчтөрдү Кыргызстандан чыгарууга макулдук бергенин айтып жүрүшөт. Анын үстүнө “Камбарата – 1” ГЭС курулушу Кыргызстандын суу ресурстарын толугу менен жөндөөгө шарт түзчү долбоор. 5 миллиард ашуун кубометр суу сыйдырчу тосмо Нарын дарыясынын өйдөңкү агымында жайгашат.

Социализм заманында долбоору чийилип, бирок иши баштала элек ири курулуштун техника-экономикалык негиздемеси кайрадан даярдалды. ГЭСтин курулушу быйылкы жылдын аягында башталышы болжолдонууда. Айрым адистердин айтуусунда, Токтогул суу сактагычынын курулушу деле учурунда коңшулардын тымызын каршылыгына учураптыр.

Кар калың жааганы менен быйыл деле суу тартыш болчудай. Аны Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Илияс Давыдов да ырастап, эмдиги кышка жетерлик сууну Токтогул суу сактагычына кантип суу толтуруу өкмөттү ойлонтуп жатканын айтты.

- Быйыл 1-апрелге карата суунун көлөмү 6 миллиард 396 миллион кубометрге жетери күтүлүүдө. Биз аны 6 миллиард 150 миллион болобу дегенбиз. Токтогул суу сактагычынан кое берилген суудан дарыя менен агып келчү суунун өлчөмү апрелдин ортосунан тарта көбөйөт, деп жатабыз. Ага чейин суу азая берет.

Айрым адистердин болжолунда, суу тартыш коңшулар ортосундагы буга чейин ачык-тымызын тирешүүлөрдү дагы күчөтүшү мүмкүн. Анын үстүнө дүйнөлүк баага таянып, Өзбекстан газын Кыргызстан менен Тажикстанга 1000 кубометрин 240 долллардан сатууда. Дарыя башындагы республикалардын экономикалык мамиле-катыштагы айныксыз аргументи катары азырынча суу гана болууда. Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов:

- Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли экспортко толук көз каранды,- экенин айтат.

Күзгө чейин Токтогул суу сактагычында канча суу топтолору белгисиз. Өкмөт ушу тапта Өзбекстан, Казакстанга канча электр энергиясын сатышты ойлонуп олтурган чагы. Ортодон түшкөн акча Бишкек менен Оштогу жылуулук электр станцияларынын керектөөсүнө жумшалмакчы.

“Камбарата – 1” ГЭСинин курулушуна каршы расмий Ташкен канча электр энергиясын кандай баада алары да белгисиз. Өзбекстан президенти Ислам Каримов жыл башында кезектеги сунушн ачыкка чыгарды.

- Эки улуу дарыя агымынын түштүгүрөөк жагында жайгашкан элдер эмне үчүн эртеңки күнү чоң кыйынчылыкты тартышы керек! Айталы, бул элдерге эмне үчүн андай болуп жатканын түшүндүрүү кыйын. Биз айтабыз, Кудай жалгасын, кура бергиле! Керек болсо биз да ал курулуштарга катышабыз.

Чөлкөмдө суунун азайып кетишине байланышкан дагы бир орчун экологиялык проблема, тоолордогу мөңгүлөрдүн тез эрип баратышын биргелешип изилдөө маанилүү милдет экенине Кыргызстандын өкмөт башчысы Стамбул жыйынында токтолду. Борбор Азия республикаларынын андай проблемага анчалык деле баш ооруткан жери жок. Энергетикалык кризиске капталган Кыргызстан менен Тажикстан үчүн ири ГЭС курулуштарына инвестиция тартуу, кыш чилдесинде жарыксыз отуруудан эртерээк кутулуунун амал-айласын издөө маанилүү болууда. Андай экономикалык кызыкчылык дарыянын төмөн жагында жайгашкандарга азырынча бүдөмүк. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору академик Дүйшөн Маматкановдун айтуусунда, коңшу өлкөлөр суу деле товар экенин таанымайын, азыркыдай ачык-тымызын тирешүү сакталып кала берет.

- 15-20 жыл болду, айтып келатам. Суу өзү рыноктук товар болбогону менен социалдык-экологиялык, табигый товар. Ага төлөш керек. Эгер сууга төлөсө жылына биз 6 – 7 миллион доллар алат элек. Аны алалбай жатабыз. Анан суу товар деп мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзам иштебейт. Товар болгондон кийин товар пайда бериш керек.

Орусия өкмөтү убада кылган акчалардын алды келе баштады. Алардын кыйласы жай саратанда өтчү президенттик шайлоонун кам-чомуна деле жумшалып кетиши ыктымал экендигин айрым серепчилер болжоп отурушат.
XS
SM
MD
LG