Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Tүркия Армения менен элдешүүнүн жолуна түшүштү


Пайдалануудан эбак чыккан бул жол убатында Түркия менен Арменияны байланыштырып турган, 16-апрел, 2009-жыл

Пайдалануудан эбак чыккан бул жол убатында Түркия менен Арменияны байланыштырып турган, 16-апрел, 2009-жыл

Түркия менен Армения элдешүүнүн жол-жобосун аныкташканын жарыялашты. Жарыяда мындан ары карала турган урунттуу маселелер аталбайт. Бирок ал Анкара да, Ереван да элдешүү аракетине шек келет деп кыйла чочулап турган мезгилде жарык көрдү.

Түркия менен Армения 22-апрелде шаршембиде билдирүү жарыялашты. Документ болгону 95 сөздөн турат. Анда элдешүү жараянында эки тарап конкреттүү жылышка жана өз ара түшүнүүчүлүккө жетишкени, эки жак тең кабыл ала тургандай таризде орток мамилени нормалдаштыруунун кеңири форматына макулдашканы айтылат.

Бирок арачы түшкөн Швецария менен бирдикте кабыл алынган документте эки ортодо такталышы керек болгон маселелер келтирилбейт, андан Анкара менен Ереван келишим түзүүгө канча жакын калгандыгын баамдоо да мүмкүн эмес.

Түркия Армения менен алакасын 1993-жылы Карабак жаңжалына байланыштуу токтотуп койгон.

Кошмо Штаттары соңку кабарды кубаттоо менен кабыл алды, бирок эки күндөн кийин Ак үй Биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде Түркияда жүз миңдеген армяндардын кырылышы боюнча билдирүү жасаганы жатат. Ал эми АКШнын президенти Барак Обама шайлоо өнөктүгүндө бул кыргынды «геноцид» деп таанууга сөз берген.

Арменияда 24-апрель- «Геноцидди эскерүү күнү» катары белгиленет. Ал кездеги Осмон империясында орун алган кыргын «геноцид» эмес дегенинен кайтпай келаткан Түркия буга чейинки администрация башчыларындай, АКШнын азыркы президенти да бул күнү ала кушту атынан атабаган билдирүү менен чектелет деп үмүттөнүп жаткан болуш керек. Ушул айдын башында Түркияда болгондо Обама Анкара менен Ереванды чогуу иштешүүгө чакырып, «кеп менин көз карашымда эмес, кеп түрк жана армян элдеринин көз карашында» деп айткан.

Бирок Түркиянын Армения менен элдешип жатканын ушул аптада жарыялашынын 24-апрелден башка да себеби бар. Ричард Гирогосян – Еревандагы Улуттук жана эл аралык изилдөөлөр борборунун директору. Анын айтымында, Анкара Армения менен элдешүүгө Азербайжандын каршылыгына туруштук берүүнүн амалында болуп жатат:

– Түркия Азербайжандан мынча катуу реакция болот деп күткөн эмес. Акыркы жумаларда «Түркия бизди сатып кетти» дегенчелик обочолонгон билдирүүлөрдү жасаган Азербайжан азыр Түркияга катуу таарынычта.

Азербайжан Түркия менен Армения элдешип кетсе, Тоолуу Карабак жаңжалында жалгыз калуудан чочулайт.

Гирагосяндын айтымында, Азербайжан Түркияга катуу кысым көрсөтсө, Анкара менен жакындашуу жараяны бузулат деп Армения да катуу кооптонуп турат. Түркия менен чек арасы жабылгандан Армения экономикалык кыйла жапа тарткан, канткен менен Европага эң кыска соода жол Түркия аркылуу өтөт.

Бирок Түркия менен Армениянын бийликтери элдешкен күндө да, аларга өз өлкөлөрүндө оппозиция күчөшү ажеп эмес. Гирагосяндын айтымында, армян өкмөтү үчүн коркунуч айрыкча чоң.

Ал эми элдешүү жараяны алга жылса, ал бир нече баскычта жүрмөкчү. Биринчиден чек араны ачуу чечими керек, андан кийин дипломатиялык мамиле калыбына келет. Гирагосяндын сөзү боюнча, эки ортодо өкмөттөр аралык чоң комиссия түзүлүп, ал биринчи кезекте «армян геноцидинин» маселесинин башын ачышы зарыл.
XS
SM
MD
LG