Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Израил Газ тилкесине бараткан гумжардам кемесин кармады


 Израилдин согуштук кемеси жана "Рейчел Корри" гум-жардам кемеси, 5-май
Израилдин согуштук кемеси жана "Рейчел Корри" гум-жардам кемеси, 5-май

Израил аскерлери камоодогу Газ тилкесине гумжардам ташып бараткан кемени кан төгүүсүз өз көзөмөлүнө алды. Мындан бир нече күн алды ушундай эле операцияда тогуз киши набыт кеткен.

«Рейчел Корри» деп аталган ирландиялык менчиктеги кеме эл аралык сууларда Израилдин портуна кайрылгыла деген буйрукка баш ийбегенден кийин басылып алынды.

Израил армиясынын маалымат катчысы, лейтенант-полковник Авитал Лейбовичтин айтымында, кемени алууга андагы активисттер каршылык көрсөткөн жок:

– Израилдин армиясы эч кандай тирешүүгө кызыкпайт. Бардыгы кемедеги жүргүнчүлөрдүн колунда. Алар Газага товар алып бараткан чынында да гум-жардам уюмубу же провокация издегендерби, кеп ушунда.

Тартылып алынган жүк Израилдин Ашдод портуна жеткирилди. Кемеде жүздөгөн тонна жардам, анын ичинде майыптардын арабалары, дары-дармек, цемент болгон. Кеме 2003-жылда Газада палестиндердин үйүн буздурууга каршы демонстрацияда Израилдин булдозери астында калып көз жумган америкалык активист Рейчел Корринин ысмын алып жүрөт.

Кемедеги ирландиялык жана башка активисттер Газанын үч жылдан берки блокадасын бузууга үмүттөнүшкөн. Израил бул блокада аркылуу Газаны көзөмөлдөгөн исламчыл радикал Хамас уюмунун курал-жарак алышына бөгөт коюлганын айтууда, бирок санкциялардын айынан тилкенин бир жарым миллион калкы жакырчылыктын сазында күн көрүшүүдө.

Газада Хамастын маалымат катчысы Сами Абу Зуяри кеменин кармалышын каракчылык деп айыптады.

XS
SM
MD
LG