Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

АКШ корей кризисин дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөөдө


Түндүк Кореянын артиллериялык аткылоосунан соң Йонпхендо аралында турак үйлөр талкаланган.

Түндүк Кореянын артиллериялык аткылоосунан соң Йонпхендо аралында турак үйлөр талкаланган.

Түндүк Кореянын коңшусуна артиллериялык соккусунан соң АКШ президенти Барак Обама Түштүк Кореяны аны менен ийиндеш болоруна дагы бир ирет ишендирди. Ал Түндүк Кореянын коңшусуна караштуу аралды аткылоосун чектен чыккан иш катары баалады. Бирок Вашингтон кризисти аскердик эмес, дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөөдө.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, президент Барак Обаманын администрациясы алгачкы кадам катары Кытайды өнөктөшү Түндүк Кореяны алдыда дагы башка агрессиялык кадамдарга барбоосу үчүн жоошутууга ынандыруу аракетин көрүүдө.

Кытай Пхеньяндагы коммунисттик режимдин жападан–жалгыз колдоочусу, аны азык-түлүк, курал-жарак жана башка керектүү нерселер менен камсыздап келе жаткан өлкө катары эсептелет.

Түштүк Кореянын төрт жаранын мерт кылган соңку артиллериялык чабуулдан кийин да Бээжин расмий Пхеньянды тикелей сындоодон оолак болду. Ал эми Кытайдын маалымат каражаттары шейшемби күнкү атышуунун чоо–жайы боюнча Түндүк Кореянын расмий түшүндүрмөсүн кабыл алууга ыктагандай.

Президент Барак Обама Түндүк Кореянын коңшу өлкөгө караштуу аралды артиллериядан аткылоосун айыптады жана Пхеньяндын маал-маалы менен кайталанып турган мындай жоруктарын токтотуу үчүн Кытайдын жардамы зарылдыгын баса белгиледи.

Вашингтондогу расмий өкүлдөрдүн ишара кылганына караганда, АКШ Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү өнөктөштөрдү да камтыган узак мөөнөттүү стратегия иштеп чыгууга киришүүдө.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Марк Тонер мындай дейт:

- Алдыга жылуу менен биз салмактуу жана окшош чара көрүүгө камданып жатабыз. Биз Кытай жана алты тараптуу өнөктөштөрүбүз менен иштөөгө даярдануудабыз. Бирок дагы бир жолу кайталап кетким келет, бул салмактуу жана жалпы жооп болот.

“Ассошиейтед Пресс” агенттигинин жазганына караганда, Вашингтондогу расмий өкүлдөр Түндүк Кореянын эл аралык коомчулук карманган турумунан кетенчиктөөсү же аны жумшартуусу үчүн чагымчыл аракеттерди колдонуусун токтотууну көздөөдө.

Түндүк Корея боюнча алтылыктын дагы бир мүчөсү – Жапония да маселенин көп тараптуу жол менен чечилүүсүнө кызыкдар.

Өлкөнүн премьер-министри Наото Кан өкмөттүн шаршембидеги чукул жыйынынан кийин буларды айтты:

Наото Кан


- Жапония кырдаалды жөнгөрүү үчүн Түштүк Корея жана Кошмо Штаттар менен тыгыз иштешет. Биз ошондой эле Түндүк Кореяга чоң таасири бар өлкө - Кытайга кайрылууну, Түндүк Кореянын кол салуусу боюнча алардын турумун аңдап-билүүнү көздөп жатабыз.

Бирок дипломатиялык арганы алга жылдыруу үчүн аскердик кадамдар да такыр эле унутта калбагандай.

Шаршемби күнү Түштүк Корея менен АКШ деңизде алдыдагы дем алыш күндөрү машыгуу баштай турганын жарыялашты. Эки тараптын ырастоосунда, машыгуу Түндүк Кореянын шейшембидеги чабуулуна чейин эле мерчемделген.

Алдыдагы жекшембиден (28-ноябрдан) шаршембиге чейин улануучу машыгууларга АКШнын өзөктүк куралы бар жана учактарды салып жүрүүчү кемеси да тартылган жатат.

Түштүк Корея армиясынын расмий өкүлү, генерал Шин Хун Дон буларга токтолду:

- Түндүк тараптан болочок чагымдарга каршы туруу үчүн армия Кошмо Штаттар менен чогуу кризистерди башкаруу боюнча биргелешкен системаны колдонууда. Биз күжүрмөн даярдыктын деңгээлин эки баскычка көтөрдүк. Акыркы 24 сааттан бери Түндүк Корея армиясынын кадамдарына тыгыз көзөмөл салуудабыз.

Түндүк Корея болсо кырдаалдын чыңалышы үчүн коңшусу Түштүк Кореяны айыптоодо.

Пхеньяндын ырастоосунда, шейшембиде артиллериядан окту озунуп Түштүк Кореянын күчтөрү аткан.

Бул өлкөнүн расмий кабар агенттигинин маалыматында белгиленгендей, “акылсыз аскердик чагым” жана “согуш босогосуна алып келген кырдаалдын” жаралышы үчүн Түштүк Корея күнөөлүү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG