Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

Улуу Памир - 35: Боз үй мектеп жана хан


Рахманкул хандын боз үй мектебиндеги китеп кармаган бала, 1970-жылдар.

Рахманкул хандын боз үй мектебиндеги китеп кармаган бала, 1970-жылдар.

Ооган кыргыздарында мурда мектеп болгон эмес, бирок Рахманкул хан баш болуп, орток түрк, фарсы, алтургай орус тилдеринде радио угуп, китеп окушкан жана мамлекеттик карым-катнаш жүргүзүшкөн.

Бүгүн ооган кыргыздарынын Түркиядагы урпактары өз эне тилин азыраак билип, көбүнчөсү түркчө сүйлөп калышты. Ал эми Ооганстанда калган урук-туугандары заманбап билим алууга чамасы жетпей кала беришүүдө.

Программаны бул жерден угуңуз:


Боз үйдөгү сабак

Бул мектепте чыт курсак балдар кийиз-шырдактын үстүндө бири тизелеп, бири мандаш токунуп отурушат. Алдыларында араб тилинде жазылган, барактары түйрүлгөн эски китеп. Окуучулар мугалим айткан сөздөрдү бир ооздон кайталашат. Көзү бүтүйгөн, болтойгон кызыл бет бала эрке окшойт, сөз кулагынын сыртынан кеткендей, көңүлү алагды. Бирок мугалимдин айтканын кайталап, окуган киши болот.

Рахманкул хан боз үйдө кызга китеп окутуп жатат, 1970-жж. Кичи Памир, Ооганстан

Рахманкул хан боз үйдө кызга китеп окутуп жатат, 1970-жж. Кичи Памир, Ооганстан

Бул - дүйнө чатырындагы боз үйдөгү мектеп. Окуучулар ооган кыргыздарынын балдары. Ал эми мугалими кадимки эле айтылуу Рахманкул хан.

Мындан 40 жылча мурда ооган кыргыздарында мектеп болгон эмес, балдарды хан же башка молдолор окуткан. Ал кезде Советтер Союзунда бардык балдар эчак жаркыраган мектептерде, жогорку билимдүү мугалимдерден билим алышчу.

Ооган жергесинде далай балдар турмуштун айынан мал артында болуп, хандын Боз үй мектебинен сабатын ача алган эмес, ал эми колунда барлардын балдары Кабулдан бери китеп, журналдарды алдырып, окушкан. Алар фарсы, түрк же чагатай тилдерин билишкен.

Назиф Шахрани Индиaна университетинин профессору. Ооган кыргыздарын 40 жылдан ашык мезгилден бери изилдеп келаткан профессор ооган кыргыздарында ар кыл китептер болгондугун белгилейт. Алардын билим деңгээли советтик кыргыздарга караандабаса да, илим-билимге болгон умтулуусу өтө күчтүү болгон деген ойдо:

- Алар балдарын негизинен кышында, мусулманчылыктын негиздерине окутушкан. Муну менин тасмамдан да көрүүгө болот. Мен аларга 1986-жылы жолуккам. Алар Ооганстанда коммунисттик төңкөрүш болгондон кийин оокаттарын Памирге таштап, Пакистанда төрт жыл качкын болуп жашап, андан учак менен Түркиядагы Ван аймагына барган кези болчу. Ошондо өздөрү менен кошо ала келген 50 чакты китепти көрсөтүшкөн. Памирде жүргөндө "силерде кандай китеп бар?" деп сурабаптырмын. Орусиядан, Казан шаарынан, Пакистандын Лахору менен Пешаварынан, Ташкенден чыккан китептер экен. Көбү эски түрк же чагатай тилинде жазылган. Мен 23 китептин көчүрмөсүн алгам, алар азыр текчемде турат. Арасында суфизм боюнча чыгармалар, акындардын китептери, дин боюнча "Чор китоб" деп аталган төртилик бар. Бул китептер фарсы, түрк тилинде. Ооган кыргыздары караңгы эл болгон эмес, алардын китептери болгон. Алар китепке кызыккан, үн чыгарып окушкан. Эл көп нерсени билген.

Тилек кабыл болгондо

Бүгүн Түркияда жашаган ооган кыргыздарынын уул-кыздары атайын салынган, татынакай мектепте окушат. Алардын ата-энелери түркчө окушкан эмес, ал эми балдары кыргызчаны билбей баратышат. Улуу Памир айылындагы бул мектепте болгонумда, мен сегиз-тогуз жаштардагы балдар менен сүйлөшөйүн деп, бирок бири - бирибизди такыр түшүнүшө албай койдук.

"Улуу Памир" мектебиндеги сабак, Түркия

"Улуу Памир" мектебиндеги сабак, Түркия

Бир кездери Улуу Памирге Кыргызстандан мугалимдер барып, окуудан тышкары мезгилде кыргыз тилинде сабак өтүшкөн. Ошол кезде балдар кыргызчаны жакшы сүйлөп калышкан экен. Бирок ал мугалимдер кетип калган. Азыр Түркияда улуттук азчылыктарга өз эне тилинде окуганга уруксат берилди. Бирок кыргыз тилин чет тил катары гана окушу мүмкүн. Демек, кыргызчаны тандаса, англис же башка, келечекте айлыгы жогору иш табууга мүмкүндүк берүүчү чет тилдерден кур калышат.

Мен мектептин завучу Эмра Гүналдан Улуу Памир мектебинде кыргызча окутса болобу деп сурасам, ал болот деди. Бирок бул үчүн кыргыздар өздөрү жолун таап, мугалимдин айлыгын төлөп бериши керектигин кыйытты:

- Балдар кыргыз тилин окуса болот. Биз тил курсун ача алабыз. Эгер кыргызча билген мугалим болсо, айыл башчысынын жардамы менен биз балдарды кыргыз тилине окута алабыз.

Түркияда мугалимдер миң, миң эки жүз доллар айлык алат, мындай чыгымды элинин көбү ишсиз, ар кайсы шаарларда кара жумушта иштеп, тапканын айылга салган жаштардын эсебинен жашаган айыл көтөрө албайт.

Tүркиядагы Улуу Памир айлындагы мектептин бүгүнкү окуучулары

Tүркиядагы Улуу Памир айлындагы мектептин бүгүнкү окуучулары

Бул айылда жогорку билимдүү жаш мугалимдер сабак берет экен. Балдар дээрлик 100 пайыз кыргыз болгондуктан, окутуучулар балдардан кыргызча үйрөнүп, алардын тилиндеги "жакшы көрөм”, «эмне болду?», «кандайсың?», «рахмат», «кудайга шүгүр» деген бир топ сөздөрдү билип алышыптыр.

Бишкекке артылган үмүттөр

Балдар кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын унутуп калбашы үчүн эмне кылуу керек? Мен ушул суроо менен айыл башчысы Касымбек Шакир уулу Варолго кайрылганымда, ал Кыргызстандын жогорку окуу жайларында көбүрөөк квота бөлүнсө деген тилегин айтты:

- Биз салтыбызды сакташ үчүн Кыргызстанга жылына 10-15 бала жиберсек жакшы болмок. Алар кайтып келсе, бул жактагылар да үйрөнүшөт.

Ошол эле убакта Улуу Памир айыл башчысы Кыргызстанда билим берүү системасына ичи чыкпаганын жашырган жок. Ал Түркиядан айырмаланып, Кыргызстанда кирешеден салык аз чогултулгандыктан, мамлекет чабал болуп жаткандыгына өкүнүчүн билдирди:

Бүгүн Кыргызстанда жогорку окуу жайларда билим алган Түркиядагы кыргыз айылынан келген жаштар бар. Алардын биринин энеси Гүласал Толубай кызы балдардын тили бурулуп кеткенин жашырган жок:

- Биздин тилибиз аябай аралашты. Пакистанда исмаили, суннит мусулмандары, Түркияда түрк, күрт тилдери аралашты. Ошондуктан биздин тил бучкак тил болуп калды да. Кыргызча деле сүйлөйбүз. Бирок көп аралашып кетти.

Ал арада Ооганстанда калган кыргыздарга америкалык бир киши мектеп салдырып берди. 2008-жылы Кичи Памирдеги Бозой-Күмбөз деген жерге жакын жерге Грег Мортенсон топоздор менен жыгач устун жеткирип, мектеп салдырган. Бул тууралуу Мортенсондун «Үч чыны чай» деген китебинен окуй алабыз. (Three Cups of Tea, Greg Mortenson). Ал кезде өлүм алдында жаткан Абдрашит хан акыбалын сурап келген Мортинсондун кишисине «Мектептин курулушуна көз салбай бул жакта эмне кылып жүрөсүң?» деп нааразы болуп, бүт тегерек-четтеги элдин топозун курулуш материалдарын ташууга салдырат.

Памирдеги мектептен көрүнүш, 2012-жыл.

Памирдеги мектептен көрүнүш, 2012-жыл.

Тажикстан аркылуу келген жүктү жол жок, машина барбаган Памир тоолоруна ошентип алдырышкан. Балким дүйнөдөгү эң бийик мектеп болгон бул мектепте азыр ооган, тажик мугалимдери жайкысын 200дөй балага үзүл-кезил сабак өтүшөт. Бул тууралуу мага ооган кыргыздарынын Кабулдагы өкүлү Турдакун ажыдан уктум.

Ооган Памиринде Мортенсон курдургандан башка дагы бир мектеп бар, бирок мугалимдин тартыштыгынан ооган кыргыздарынын жаштары дүйнөлүк өнүгүүнүн чоң жолунан четте кала беришүүдө.

Ооганстандын өкмөтү тээ Рахманкул хандын убагында, оорукана, тикучма конуучу жай жана мектеп салып беребиз деп убада кылган. Бирок убадасынын өтөөсүнө чыккан жок. Ал эми Турдакун ажы "Кыргызстандан ротация менен жок дегенде жайкысын мугалимдер келип турса" деп кыргыз бийликтерине бир нече жолу кайрылган. Өткөн айда президент Карзай менен жолугушууга барган Турдакун ажы эгер ошондой келишим болсо, Ооганстандын Билим министрлиги Тажикстандагы Мургабдан жана Кыргызстандан мугалимдердин келишине макулдук бергенин айтты. Бирок ооган кыргыздарынын өкүлү Памирдин турмуш-шарты катаал экендигин эскертти.

Кабулга телефон чалганымда, Турдакун ажы "Ушул сунушубузга "Азаттык" аркылуу жооп болобу?" деп сурады. Кыргызстандын Билим берүү же Тышкы иштер министрликтеринен жооп болсо, албетте, "Азаттыктан" аны жеткирүү мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG