Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Кроккер: АКШ Ирандан конкреттүү кадамдарды күтөт


Райан Крокер, АКШнын Ооганстандагы элчиси кезде Кабылдагы пресс-конференцияда. 2-апрель 2012.
Райан Крокер, АКШнын Ооганстандагы элчиси кезде Кабылдагы пресс-конференцияда. 2-апрель 2012.

Элчи Райан Крокер АКШдагы улуу муундагы дипломаттардын ичинен Жакынкы Чыгыш боюнча эң тажрыйбалуусу.

Ал Ливандагы, Кувейттеги, Сириядагы жана Пакистандагы элчиликтерде кызмат кылгандан кийин 2007-09-жылдары Кошмо Штаттардын Ирактагы, 2011-12-жылдары Ооганстандагы элчиси болгон. Багдадда жана Кабулда иштеп турганда Иран менен байланышып, АКШ-Иран кызматташуусуна “көпүрө” салган.

Кексе дипломат “Азаттык” радиосунун Нью-Йорктогу кабарчысы Ричард Солашка Ирандын ядролук программасына жана Башкы Ассамблеянын жыйынынын алкагында АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Шарифтин кездешүүсүнө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Элчи Райан Крокер өткөн аптада Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясына ирандык миссия тарабынан чакырылды. Элчи мырза Нью-Йорктогу жыйын кезде Ирандын ядролук программасы боюнча мартабалуу ирандык чиновниктер менен купуя жолугушууларды өткөрүп, Вашингтон менен Тегерандын бири-биринин позицияларын түшүнүүгө салым кошту. Элчи азыр Техас университетинин алдындагы Жорж Буш атындагы Өкмөттүк жана коомдук тейлөө факультетинин деканы (The Bush School of Government and Public Service at Texas A&M University). Андан тышкары АКШ өкмөтү алдындагы Эл аралык радиоуктуруулардын ишин көзөмөлдөөчү кеңештин мүчөсү (Broadcasting Board of Governors).

Белгилей кетели, эл аралык коомчулук Башкы Ассамблеянын минбарынан АКШ президенти Барак Обама менен Иран президенти Хасан Роухани эки өлкөнү жакындатуу үчүн эмне сүйлөшкөнүнө, Р5+1ге мүчө өлкөлөрдүн Иран менен кездешүүсүнө жана Керри-Зариф жолугушуусун кунт коюп байкап турду.

Райан Кроккер конокторго БУУнун Башкатчысы берген сый тамакка Роухани барбай, Обама менен саламдашкандан качканы менен Вашингтон-Тегеран жакындашуусу үчүн оңтойлуу жагдай пайда болду жана сөздөн ишке өткөнүн далилдөө үчүн Иран конкреттүү кадам жасашы керек дейт:

- Президент Роухани Ирандын программасы ядролук куралдуу болууга умтулбаганына көрсөтүү үчүн эл аралык коомчулук ишенчү бардык зарыл нерселерди аткарууга убада бергенден кийин биз конкреттүү аракет көрүшүбүз керек. Мурдакы күмөндүү суроолорду эске алуу менен көп татаал сүйлөшүүлөр болушу керек. Ирандыктардын Нью-Йорктогу сүйлөшүүлөрүнөн алар ортого ядролук программасына байланыштуу Батыштын тынчсызданууларын канааттандыргандай сунушту саларын уктум. Ал эмне экенин көрөбүз да. Бул жакшы башталыш.

Элчинин айтымында, Улуттар уюмундагы АКШ-Иран ортосундагы бийик даражалуу сүйлөшүүлөргө чейин, атап айтканда, 2001-жылдын 11-сентябрындагы Американын шаарларындагы террордук чабуулдардан кийин эки ортодо Ооганстан жана Ирак маселеси боюнча расмий сүйлөшүүлөр көп шарданаланбай эле жүрүп турган. Керри менен Зарифтин Р5+1дин жыйыны кездеги кездешүүсү да күтүүсүз боло калбады. Алдын ала даярдыктар болгон. Министрлер деңгээлиндеги ачык сүйлөшүү эки өлкөнүн президенттеринин ачык кат алмашуусунун туундусу болду дейт тажрыйбалуу дипломат.

Райан Кроккер мырзанын сөзүнө караганда, АКШ-Иран алакасындагы айрым оң жылыштар Ирандын коңшулары Ооганстан жана Ирак үчүн пайдалуу:

- Менин оюмча, бул эки өлкөдө тең мен мурда Американын элчиси болгом жана мамиленин оңолушун кубана колдойт. Ирактыктар өздөрүн такай АКШ-Иран ортосунда камалып тургандай сезишчү. Албетте, алардын өз тарыхы жана Иран менен проблемалары бар. Себеби, Иран Иракка эшиктеш чоң мамлекет. АКШ-Иран мамилеси оңолсо, ирандыктардын жашоосу бир кыйла жеңил болоруна мен ишенем. Бул жөнүндө мурда ирактыктардын өздөрүнөн да эшиткем. Бул Ооганстанга да тиешелүү. Биз ирактыктар менен Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу жөнүндө сүйлөшкөнүбүздө, аны Ооган бийликтери аябай колдошкон.

Элчи Кроккер ошондой эле АКШ-Иран ортосунда достук мамиле орносо, андан бүтүндөй регион пайда көрөт дейт. Баса, жума күнү Барак Обама жана Хасан Роухани телефондон сүйлөштү. Бул Обама айткандай, Иран жана АКШ президенттеринин 1979-жылкы Ирандагы ислам революциясынан берки биринчи баарлашуусу болду.

XS
SM
MD
LG