Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Кыргызстанда айына төрт жүздөн ашуун аял эмчек рагынын оор формасынан жабыркап операцияга жатышат. Алардын дээрлик 15 пайызга жакыны кыркка чыга электер. Аялдардын өздөрү эле эмес, үй-бүлөсүнө оорчулук алып келген бул мүшкүлдүн жүгүн жеңилдеткен психологиялык жардам көрсөтүү жагы унутта калган.

Ага карабай, ракты жеңем, мүңкүрөп калбай, жашоо үчүн талыкпай күрөшкөн кайраттуу аялдар да жок эмес. Кыз-келиндердин саламаттыгына чоң сокку урган бул илдетке чалдыккандардын 43 пайызы каза табышат. Алардын ичинен 11 пайызы 40 жашка чыга электер. Бирок биз бул ирет катаал ооруга мөгдөп калбай, күрөшүн улантып келаткан эрктүү аялдардын аракетин айтып бермекчибиз.

Алардын бири педагог Айгүл Тилегенова элүүгө чыга элек келин. 2009-жылы аныкталган дарты менен күрөшүүнүн жолун ал башкача ыкма менен издеген. Комузду шаңкылдата чертип, оорусун тоготпой, аны менен күрөшүүнүн жолун өз алдынча мээнеттен таап отурат. Өзү сүйгөн музыканы таштабай, алтургай 130 орундуу мамлекеттик балдар бакчасын ачкан:

- Мен 2009-жылы көкүрөк безинин рагына чалдыгып, каттоого алындым. Онкологиялык оору дегенде эле бул бүттү, өлөт тура деген сөздөр айтыла баштайт экен. Мен ага жеңилгим келген жок, тыным албашым керек деп ойлондум. Ошол маалда кичүү уулум бир жарым жашта болчу. Аны бала бакчага берип жумушка чыгайын деп ойлондум. Өзүм Ат-Башыдагы балдарды окутуу борборунда комуздан сабак берчүмүн. Бирок уулумду бергенге бакча жок экен. Ат-Башы кыштагында эле бакчага барбаган балдардын саны үч миңге чукулдап калыптыр. Анан өзүмчө ойлондум да бир мектептин кароосуз турган төрт классын сурап, бакча ачсамбы деп пландадым. Ал планымды райондук билим берүү башкармалыгына айтсам колдоп, кубаттап, уруксат беришти.

"Ооруну унутуп койдум"

Ат-Башы районунун борборунда бакча ачуу демилгесин райондук билим берүү башкармалыгы колдогону менен, акимчиликтен жардам өтө аз болду. Айласы кеткенде ал өз үйүн күрөөгө коюп, насыя алып кароосуз калган мектептин эски имаратын толугу менен оңдоп, грант жазып, гранттык жардам менен бакчаны ачат. Ачылыш аземин ал мындайча эскерет:

- Ооруну унутуп койдум, ошондо дартым өзүнөн өзү эле айыгып кеткендей сезилди. Операция жасат дегенде андан баш тарттым. Химия терапиясын алып жүрдүм. Бирок бакча ачуунун машакаты менен жүрүп, ага да чолом тийбей калды. Ошентип ачылуу аземи болот деген күнү оң жак көкүрөгүмдөгү жарам канап, ириңдеп, кан агып турду. Бир нече метр марли менен таңып алып бакчанын ачылышын өткөрдүм.

Айгүл Тилегенованын мындай тоболкечилигинин аягында балдар бакчасы ачылып, жүздөгөн наристелер бакчага тартылышты. Ондогон киши иш орундары менен камсыз болду. Бирок анын саламаттыгына чоң сокку урулуп, азыр дарт өпкөсүнө чейин жетти.

Белгилүү алып баруучу, коомдук ишмер Салтанат Саматовага да рак диагнозу коюлганына бир топ жыл болду. Каарманыбыздын окуясын угуп, ага мындайча баа берди:

- Эң эле туура жолду тандап алган экен. Анткени ооруга баш ийбесең ал сени эч качан жеңе албайт. Маселен, мен ушул дартка чалдыккандан кийин көп адамдар менен сүйлөштүм. Өзүмдү абдан позитивдүү алып жүргөндөн улам ооруп калган кишилер менден кеңеш сурашат. Мен ооруга багынбайм. Анан менден кеңеш сурагандарга биринчи кезекте өзүн колго алып, жакшы көргөн ишин мурдагыдай, кадимкисиндей эле уланта берүүсүн айтам. Оору тууралуу ойлонгонго ошондо убакыт калбай калат. А бирок бул аялдыкындай канап жатса дагы дарыланбай жүрө берүү туура эмес. Сөзсүз түрдө кесипкөй дарыгерлерге кайрылып, тийиштүү дарылануусун алышы керек. Анан булар жакындарынан, досторунан колдоо таап, психологиялык жардамга муктаж болушат.

Психологиялык жардам берилбейт

Психологиялык жардам демекчи, Кыргызстанда ракка чалдыккан аялдарга психикалык колдоо көрсөтүү акыркы планга жылып кеткен. Айыккыс дарттын дарылоосу эң кымбат болгондуктан, ага чалдыккандардын ой-сезими, жалпы моралдык акыбалына кам көрүү жетиштүү деңгээлде ишке ашырылбай калып калууда. Улуттук онкологиялык борбордо атайын психологдун көмөгүнө муктаж болгондор көп болгону менен, комплекстүү жардам берилбейт. Саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперт Бурул Макенбаева акыркы мезгилде бул маселе өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлде козголуп жатканын белгилейт:

- Негизи рак менен ооруган адамдарга ар тараптуу психологиялык жардам көрсөтүү бизде таптакыр жок. Азыр ошол ооругандар эле өздөрү бири-бирине моралдык колдоо көрсөтпөсө мамлекеттик деңгээлде бул маселе чечиле элек. Бирок азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы долбоор иштеп чыгып жатат. Бул долбоор боюнча алдыда бир нече талкуулар болот. Атайын мамлекеттик программага ар түрдүү кырдаалдан жана оорулардан жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүү долбоору болмокчу. Эгерде ишке ашып калса анда рак оорулуулардын акыбалы кичине жеңилдейт болсо керек.

Оору күчөгөнү менен күрөш токтогон жок

Айгүл Тилегенова бала бакчаны ачып иштетип жатканда ага бир топ бут тосуулар болгон. Атайын педагогикалык орто билими тууралуу диплому болгонуна карабай, аны жогорку билими тууралуу диплому жок деген жүйө менен бакчанын жетектөөчү ордунан тарбиячылыкка түшүрүлөт. Мындай акыбалдан чыгуу үчүн оорусу өтүшүп, өпкөсүнө жеткенине карабай, жогорку окуу жайларынын биринде дипломдук ишин жактады. Ал комуз, пианинодо мыкты ойнойт, азыр эми скрипканы үйрөнгүсү келип жүргөнүн, кичине дем алганы жеңилдесе, скрипка үйрөнө баштарын айтты. Дартка карабай ачкан бала бакчасын абдан жакшы көрөт. Бирок аны чоң эмгек катары баалабайт:

- Колунда барлар мечит салып, тигил дүйнөгө барганда сооп табабыз дешет экен. Мечиттен кийин эле ушул балдар тарбия алган бакча ыйык болсо керек, менимче, мен да кичине болсо да элге пайдам тийсин деп, оорума карабай ушул бакчаны ачууга белсенген элем. Эми минтип толук кандуу иштеп жатат. Ушул оор жолдо мени колдобогон, бут тоскон да адамдар болду. Алтургай өз үйүмдө эле жөн эле курулай ишке чуркап жаныңды кыйнайсың дешти. Эгерде 2009-жылга кайра кайтып барсам, ошол диагноз коюлган күнгө кайра түшүп калсам, мен жашоомду эч өзгөртмөк эмесмин. Ушундай эле жашамакмын.

Бул сыяктуу мээнеткеч, жаркын мүнөз, жапакеч айымдар арабызда абдан көп болгону менен, өмүрдү тооруган дарт козголсо, психологиялык жардам көрсөтүү азырынча өлкөдө таптакыр баштала элек. Оорулуу аялдарга атайын мотивация берүүчү курстар же жок эле дегенде бейтапканаларда психолог адистер жетишсиз. Ушундан улам ансыз да саламаттыгы начарлаган айымдардын арасында өлүм саны кескин өсүп, рак диагнозу коюлгандан кийинки жашоосу эң көп дегенде 1-2 гана жылга созулуп жатканын адистер арман менен айтышат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда рак илдетине кабылган 25 миңдей адам бар. Адистердин айтымында, бул ооруга чалдыккандардын жарымынан көбү ооруканага кеч кайрылат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG