Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:39

"Чоң жети" Ооганстан боюнча чечим кабыл алат


Бала көтөрүп турган америкалык аскер. 22-август, 2021-жыл. Кабулдагы Хамид Карзай атындагы аэропорт.
Бала көтөрүп турган америкалык аскер. 22-август, 2021-жыл. Кабулдагы Хамид Карзай атындагы аэропорт.

Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн жети мамлекеттин лидерлери 24-августта чукул виртуалдык жыйын өткөрүп, Ооганстандагы кырдаалды талкуулашат. Ошондой эле Евробиримдик «Талибан» кыймылын расмий таануу же тескерисинче ага санкция киргизүү боюнча да бирдиктүү чечим кабыл алары күтүлүп жатат.

АКШ аскерлери Ооганстанда калабы?

Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан өз жарандарын жана алар менен кызматташкан оогандыктарды шашылыш чыгарып кетүү аракетин көрүп жатышат. Пентагон 23-августта билдиргендей, соңку 24 саат ичинде Кабул аэропорту аркылуу 17 миң киши эвакуацияланды. 14-августтан бери жалпысынан 37 миң адам чыгарылды.

АКШ, Британия, Италия, Франция, Германия, Канада жана Жапониянын лидерлери эвакуация маселелерин жана америкалык аскерлерди толук чыгарып кетүү мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Жо Байден.
Жо Байден.

Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аскерлерин 31-августка чейин чыгарып кетерин жарыялаган. Бирок бул мөөнөткө чейин жарандардын баарын эвакуациялап кетүүгө үлгүрбөй калабыз деген кооптонуудан улам Британия, Франция жана Германия аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн андан ары узартууга туура келерин айтып жатышат.

Талибдер чет жактын аскерлери азырынча мөөнөтүнөн ашыгыраак калуу тууралуу кайрылышпаганын, андай сунуш четке кагыларын билдиришти.

Байден буга чейин аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтүн узартуудан баш тартып келген. Бирок соңку чечимди өнөктөш мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алары күтүлүүдө.

Ак үй тараткан маалыматка ылайык, Байден менен Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон «эвакуациянын баштапкы баскычы аяктагандан кийин да айрым адамдарды чыгарып кетүү үчүн бирдиктүү аракеттерди улантууну сүйлөштү».

Бен Уоллес.
Бен Уоллес.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Кошмо Штаттардын аскерлери белгиленген убакытта толук чыгарылса, башка мамлекеттер да ушундай кадамга барууга аргасыз болорун маалымдады. АКШ Кабул аэропортун коргой алган жана эвакуация аракеттеринин коопсуздугун камсыздаган алдыңкы аскердик держава болуп саналат.

Евробиримдик "Талибанды" тааныйбы же санкция киргизеби?

«Чоң жетиге» кирген Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ошондой эле «Талибан» кыймылын расмий таануу же ага тескерисинче санкция салуу боюнча бирдей саясатты иштеп чыгууга ниеттенип жатышат. Бул кыймылдын адам укуктарын сактоо жана эл аралык мамилесине көз каранды. Талибдер санкциялар күчөтүлсө ооган элине кедергиси тиерин моюнга алышат.

Жыйындын алдында Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо «Талибан» террордук уюм бойдон кала берерин белгиледи.

Жастин Трюдо.
Жастин Трюдо.

«Канада талибдер террорчулар экенин жана аларды жашырып келгенин мурда эле тааныган. Ошондуктан алар террорчулардин тизмесине киргизилген. Биз санкциялар тууралуу сүйлөшсөк болот»,-деди Трюдо.

«Чоң жетинин» лидерлеринин саммитинде Ооганстанга жана качкындардын агымын күтүп жаткан коңшу мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси да кабыргасынан коюлмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG