Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Электрондук чылым канчалык зыянсыз?


Электрондук чылымдын ойлоп-табуучусу кытайлык фрмацевт Хон Лик жасалма тамекини Бээжинде даңазалап көрсөтүүдө. 25 -март 2009
Электрондук чылымдын ойлоп-табуучусу кытайлык фрмацевт Хон Лик жасалма тамекини Бээжинде даңазалап көрсөтүүдө. 25 -март 2009

Кадимки чылымдай түтүн бөлбөгөн электрондук чылым чегип жүргөн адамдар кийинки кезде көп кездешет.

Электрондук чылым тамекинин кургатылган жалбырагынан жасалган эзелки чылымга караганда зыянсыз экени айтылып жүрөт.

Дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде тамеки тарткандар эзелтеден чылымчы, маңзаттарына башы байлангандар наркоман, баңги деп аталса, түтүнсүз электр сигарета чеккендердин азырынча жалпы аты жок. Электрондук чылым чын эле тамеки чылымына караганда ден соолукка анча зыяндуу эмеспи?

Британияда ден соолук үчүн күрөшкөн Тамеки чегүү жана саламаттык боюнча соопкерчилик кыймылы (ASH) жакында өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, акыркы үч жылда электрондук чылым тарткан британдардын саны эки жарым эсеге көбөйгөн. Эгер 2010-жылы электрондук сигарета чеккендер жалпы чылымчылардын 9 процентин түзсө, 2012-жылы 22 процентке жеткен.

Чылымдын бул жаңы түрүнө өткөндөрдүн бардыгы дээрлик мурда тамеки тарткан адамдар жана алардын 40 проценти электрондук чылым аларды кадимки тамеки ден соолукка алып келчү дарттан сактайт деген тилек менен жашайт. Илимий изилдөөлөргө караганда, тамеки күйүп жатканда анын чайыры бөлгөн түтүндү жана башка уулуу заттарды дем алган адамдарда рак менен өлүү коркунучу чылым тартпаган адамдарга караганда алда канча чоң.

Аманда Сэндфорд Лондондогу Тамеки чегүү жана саламаттык боюнча соопкерчилик кыймылынын илимий иштер боюнча жооптуу кызматкери:

“Никотин чылымдын түтүнүнө салшытырганда зыяндуу. Бул адамды чылымга тартчу компонент. Ал, албетте, адамдарга чылым тарттырат. Бирок анын зыяны көбүн эсе чылымдын түтүнөн дем алаган адамга тиет. Никотиндин өзүн тамекиден бөлүп алып, таза түрүндө колдонсо, анын зыяны анча тийбейт”.

Чылым чегип жаткан студенттер. Москва, 16-октябрь 2012
Чылым чегип жаткан студенттер. Москва, 16-октябрь 2012
​Электрондук чылымда суюк никотиндин дозасын кендей кызыткыч таш-батарея ысытат, ал бөлгөн бууну же жытты чылымчы ингалятор аркылуу ичине тартып, өзүн тамеки чектим деп алдайт. Кумарын кандырат. Жанагы буу, албетте, суудан, солвенттен жана жагымдуу жыты бар пропилен гликолдон турат. Каңырсык жыт бөлчү солвент оңой эзилип кетпечү зат.

Аманда Сэндфорд айымдын айтымында, электрондук чылым Британияга кийинки эки-үч жылда көп келе баштагандыктан, азырынча анын зыяны аныктала элек. Мындай тамекилер көбүн эсе Кытай жана Азия өлкөлөрүндө жасалып, кутусунда никотини аз же көп деп көрсөтүлгөнү менен, алар жалпы бир стандартты сактабайт.

Каңырсык жыт бөлчү заттын сапатына да ушундай ар кыл стандарт колдонулгандыктан, тамекини контролдоочу улуттук мекемелер электрондук чылымдын сапатын кантип аныктоо боюнча бир орток бүтүмгө келе элек. Бул тушта кадимки тамеки өндүрүүчүлөр менен электрондук тамеки жасоочулардын кардарлар үчүн күрөшү курчууда. Эски өндүрүшчүлөр электрондук чылымды “тамеки” деп атаганга каршы.

Рэй Стори АКШдагы Тамеки жыттуу электрондук чылым чегүүчүлөрдүн ассоциациясын жетектейт. Анын айтышынча, Европа өлкөлөрүндө электрондук чылымды медициналык дары-дармекке кошуу тенденциясы байкалат. Андай болгондо электрондук чылымга кадимки тамекиге караганда талап чоң болуп, аларга тамеки өндүрүшчүлөр атаандаштык артыкчылыкка ээ болушат.

“Нормативдик мекемелер мурдагыдай эле электрондук чылым наркотик деп санайт, -дейт Рэй Стори.- Бирок аларда бир да далили жок. Бул бизди өз сигаретабызды кайсы бир өлкөдө кандай гана жол менен болбосун сатканга аракет кылдырат. Ал эми нормативдик мекемелер кандайдыр бир чектөө киргизет же кардарды укуктук жактан коргогонго же бизди жоопкерчиликке тартканга аракеттене баштайт. Биз болсо сотто эмне үчүн чылымды соода бийликтеринин уруксатысыз сатканыбызды түшүндүрөбүз жана эмне үчүн бул товарга тыйуу салынды деп суроо коёбуз”.

Мындай тоскоолдуктарга байланыштуу электрондук чылым кадимки тамекиге караганда дүкөндөрдө аз сатылууда.

Акыркы мезгилде Кошмо Штаттардын ири тамеки компаниялары электрондук чылым чыгара башташты. Бул, Сторринин баамдашынча, жаңы чылымды чегүүчүлөрдүн санын көбөйтөөрү калетсиз.

XS
SM
MD
LG