Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Евробиримдик 7 жылдык бюджетин тактап жатат


1 евролук сөлкөбай (монета) Европанын картасынын бетинде.
1 евролук сөлкөбай (монета) Европанын картасынын бетинде.

Европа Биримдигинин бюджет маселеси боюнча 7-февралда ачылган эки күндүк саммити белгиленгенден эки жарым жарым саат кеч башталды.

Маанилүү жыйындын кеч ачылышы Биримдиктин 2014-2020-жылдардагы бюджетине тактоолорду киргизүүнүн зарылдыгы менен түшүндүрүлдү. Былтыр ноябрда Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн лидерлери жети жылдык бюджет боюнча бир пикирге келе алган эмес.

Германия, Британия баштаган түндүк мамлекеттери чыгымдарды кыскартып, бюджетти сарамжалдуу сарптоо керек дешсе, экинчи тараптагы Түштүк жана Чыгыш Европа өлкөлөрү тескери көз карашта.

Еврокомиссия сунуш кылган бюджетте жети жылга 1, 033 трлн. евро(1,4 трлн. доллар) каралган. Анын 85 процентин Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ички дүң жыймынын өлчөмүнө жараша алынчу төлөмдөр түзөт. Бюджеттин бештен төртү Биримдиктин Жалпы айыл чарба саясатына жана Ынтымак саясаты коруна чегерилет. Бул кордон уюмдун жарды бөлүгүндөгү долбоорлор каржыланат.
Бейшемби күнү жыйын мерчемделгенден эки жарым саат кечигип башталганы - бюджет боюнча Евробиримдик өз ара тил табышпай жатканынын дагы бир белгиси.

Тараптар кантип мунасага келери азырынча беймаалым экенин Германиянын канцлери Ангела Меркел Брюсселдеги саммиттин алдында жашырбай айтты:

“Ажырым чоң болгондуктан бир жыйынтыкка келебизби, айта албайм. Германиянын атынан биз келишимге жетүү үчүн баарын жасайбыз деп айта алам. Пландын болгону экономика бүдөмүк абалда жана жумушсуздук бийик деңгээлде турганда абдан маанилүү. Биз каражатты кылдат сарпташыбыз керек; кошумча кошчулар менен алчулар да тилектештигин көрсөтүшү абзел. Биз үргүлжүң бюджет үчүнбү, же ар жылдык транштар үчүн добуш беребизби, мен бүгүн айта албайм. Бүтүн бир жыйынтыкка келгенди тилейли. Ал үчүн чыдап, катуу иштешибиз шарт. Мен ошентип жатам”.

Мындай келишпестиктин себеби: кошумчасы Евробиримдиктен алган дотациясынан чоң өлкөлөр бюджетти кыскартуу керек деп санашат.

“Сарамжалдуу сарптоонун достору” деп аталган бул топко Германия, Британия жана башка түндүк өлкөлөрү кирет. Алардын ичинен Британия менен Швеция сунуш кылынган бюджет 200 млрд. еврого азайтылсын дешүүдө. Ушул эле топтогу Франция бюджетти кыскартканга макул. Бирок айыл чарбасына бөлүнчү каражатты азайтууга каршы. Анткени Франция Биримдиктин куржунунан “көп жем жеген” “Ынтымактын достору” тобундагы Польша, Испания, Португалия, Чехия жана башка жарды өлкөлөр тейде орток фонддон айыл чарбасына олчойгон субсидия алат.

Аталган эки топтун ичинде да бюджеттен инновацияны жана илимди финансылоону көбөйтүү зарыл деген өлкөлөр бар. Алар Эстония, Латвия жана Дания.

1, 03 трлн. евро бул Евробиримдиктин ички дүң жыйымынын 1 гана проценти. Ага карабай, талаштын катуу болуп жатканы анын саясий мааниси чоң экенин көрсөтүүдө, дейт Брюсселдеги Европа саясий борборунун талдоочусу Янис Эммануилидис:

“Жалпы бюджет Евробиримдиктин жалпы дүң жыйымынын 1 проценти. Азыр ошол кичинекей 1 процент үчүн согушуудабыз. Акыр аягында биз чоң суммадагы акча тууралуу сөз кылып жаткан жокпуз. Бирок бул маанилүү. Себеби саясий макулдашуу жүрүүдө. Ар бир өкмөт үйүнө барганда өз элине биз улуттук кызыкчылык үчүн күрөштүк жана акыр аягында максатыбызга ылайыктуу мунасага жетиштик деп айткысы келет”.

Ал эми Брюсселдеги бейөкмөттүк Брейгел изилдөө борборунун аналитиги Бендедикта Марзинотто жети жылдык бюджет боюнча курч талаштын себебин Евромейкиндиктеги экономикалык кризиске байланыштырат:

"Эмне үчүн мындай болуп жатканын саясий жактан түшүнүү кыйын эмес. Анын жүйөсү - кризис Европаны мурдагыга караганда өз ичине көп карачу кылып койду”.

Экономикалык кризис Евробиримдикти тышкы саясаттан да үнөмдөөгө мажбурлоодо. Жети жылдык план долбоорунда тышкы саясат үчүн 70 миллиард евро каралган. Бул азыркы бюджеттегиден 15 млрд. еврого көп. Бирок инфляцияны эске алганда мурдагыдан аз болуп калат.

XS
SM
MD
LG