Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Улуу муундагы көпчүлүк жарандар өткөн жашоосун советтик көсөмдөр аркылуу баалашат. Койчукул Ырыскулов карыя алардын бири. 85 жаштагы аксакал ичкилик говорунда сүйлөйт. Бул муун менен кошо ошол мезгилдин тирүү күбөлөрү жана ал муундун сүйлөө маданияты да кетет.

Койчукул карыянын аңгемеси Сталиндин культун жана андан кийинки коммунист көсөмдөргө болгон жөнөкөй жарандардын мамилесин түшүнүүгө көмөктөшөт.

Маектешибиз, 85 жаштагы Койчукул Ырыскулов ичкилик говорунда сүйлөйт. Койчукул аксакал 1940-жылдардын аягы, 50-жылдардын башындагы мурдагы советтик Кыргызстандын элет жериндеги катаал жашоонун жана коммунисттик идеологиянын акыркы күбөлөрүнөн. Ал тарыхый окуяларды өкмөттүк чечимдер жана расмий пропагандага ылайык эмес, жеке жашоосундагы жакшылык-жамандыктар аркылуу кабыл алат. Аксакал кепти азыркы Ноокат районундагы Беш-Буркан айылынан бүгүнкү Кадамжай районундагы Чаувай кыштагына кантип барып калганын айтып баштады. Ал кезде аталган айыл-кыштактар Үч-Коргон районуна карачу.

- Чашта-а ойгондум. Барсам эми мен ишке барам да. Ачмын. (Колхоздо) же чөп ордурат же мака1 чаптырат. Ал маалда шондой эде2 да. Анан тиктеп-тиктеп туруп, анан кийин шу жакты карадым-у Чаувайга карап жөнөй бердим. Сыртка чыктым. Кырга чыгып анан арыган нерсе дем алып жатып уктап калыптырмын. Бир убакта ойгонсом түш ооп кеткен экен (чайдан шуу этип уурттап алды). Анан Баймат акаларга3 түшкөн сырт бар. Жалпактын үстү. Шону менен түшүп келсем Баймат акалардын нар жагындагы түздө үчта үй турган экен. Бирар бирөө нан берер бекен дедим да. Кардым ачып, көзүм бозоруп, кеч болуп калды да. Кимисиге барсам экен? Кимиси берет? Кимиси бербейт деген (ойдо). Энди4 о Тактекте5 бербейт. Буерде мына шу рудниктин күчү менен гана үмүт кылып турасың да. Адамдар пул таап жеп тургандар да. Шондо тууру келип эле бир үйгө анан кирдим. Кирсем как раз өзүм тагам Нуралынын атасы жашаган үйгө кирипмин. Алар да келген экен. Нуралы поссоветте секретарь болуп иштейт экен. Садык аксакал - Нуралынын атасы - бир тууган тагам. Ал менин энем менен бир тууган. Шондон ал нан берди. Кардым ач. Бир-эки нанды дароо эле жеп койдум. Жарты туурам, бир туурамга алымсынбайт экенсиң ачка жүргөн адам. Анан кечке маал Эралы келди иштен. Нуралы келди. Бир эки күн жанагыдай болуп жүрдүм. Анан Эралы киного барабыз дейт. Мен жаңгы акыбалым менен каякка барамын. Киного баары кирет, мен эшикте каламын. Уяласың да. Мода да, алгидай да: ыштандын баары жамачы. Шүнтип анан үч-төрт күн жүргөндөн кийин Нуралы акылды тапты: шуякка ишке киргизем деп.

Ал кезде Чаувайда шахтерлер кен казып, сымап эритүүчү завод күнү-түнү күжүлдөп, геологиялык чалгындоо партиясы жаңы кендерди издеп жаткандыктан нандуу жай эсептелчү. 17 жаштагы Койчукул Ырыскулов жерди тереңге бургулап, кен издечү буровойго бургулоочу болуп орношот. Ошондо биринчи жолу жумушчу кийимин кийип, төбөм көккө жетип сүйүнгөм дейт карыя кенчи.

- Начальник оформление кылды. Саар менен жумуштан чыгып жуундум. Кийимим оошулган эмес, ылайы бар. Буровой бап-бап деп иштеп, (ылай) чачыратат эде. Көбүрөөк жүрсөң бар-жогуң капкара болот. Начальник көрүп калып кийимиңди кийбейсиңби деди. Жок менде дедим. Колун жаңсады артымдан жүр дегендей. Конторго ээрчитип барып, аванс жазып берди. Анан кассирди чакырды. Дагы экинчисине зырың эткирди. Ал завхоз экен. Кассирде пул бар да. Мынча сом иштетесиң, калганын буга бересиң деген экен. Аванс да, аванс. Боору ооруп, ахывалга карап, сразу аванс кылып жатат да ал.

Үстү-башы жаңыланып, алгачкы маяна колуна тийген жигит ошол күнү биринчи жолу пивонун даамын татат.

- Шону менен магазиндин ичинде кийингизди жылаңачтап. Чечпесем болбойт да. Кийгизип болгондон кийин мен айтам го, мен 17де болсом, бир 25 жаштагыдай чатырадым. Жерге-сууга батпайм сүйүнгөндөн. Центрге баргычам костюмду кармалаймын. Шонтип бир катар оокат алып ичтим. Балдар зору-кичиги баары пиво ичип турат. Биттани алдым да ичип көрсөм кыйгыл экен. Ха-ха-ха... Экинчи күрүжкө ичкенден кийин бирөө бир нерсе десе күрөшкүм келип атат. Ха-ха-ха. Экинчи күрүшкө пиво мени арстан кылып жатат. Ичпей жүргөн адамга эки күрүшкө жакшы эле действовать кылат экен. Акылыңды унутпайсың го... жибишип жакшы эле болуп калат экенсиң.

Койчукул Ырыскулов өз башынан кечирген оор турмушу ата-энелүү балдарга тиешелүү эмес экенин, апасы жок, атасы улгайган куракта болгондуктан берегидей кыйынчылыктарга кез келгенин белгилей кетти.

- Тактектин центринде окудум: Авиз6 дейт эде. Уруш убакты да. Атам карыган. Ошондо нан да жок, дептер да жок, китеп да жок. Эч нерсе жок. Бир дептерди бир кыздын коюнунан сууруп алып, ошого бар нерселерди жазасың. Ата-энелүүлөрдүн дептери бар. Ата-энеси таап бергендики бар. Ата-энеси таап бербегендики шондо да жок да. Күчүң жеткен баланын бир ручкесин алып аласың бир муштап. Мындайча айтканда, мен жарды коомго окшош. Бирди жазып, бирди жазбадың. Ал уже окуу эмес да. Бүгүнгүнү биче жазган болсоң, эртеге жок. Зарыгып карап тура бересиң балдарды. Ушинтип 7-класска чейин баргам.

Советтик жетекчилик Сталинди акыр сапарга узатуу салтанатында. Кызыл аянт, Лениндин мавзолейи. 9-март 1953-жыл.

Советтик жетекчилик Сталинди акыр сапарга узатуу салтанатында. Кызыл аянт, Лениндин мавзолейи. 9-март 1953-жыл.

Азырга чейинки көпчүлүк тарыхый булактарда СССР элдеринин улуу жол башчысы, кеменгер Сталин өлгөндө жалпы журт өз атасын жоготкондой ыйлашып, аза күтүшкөнү айтылат. 1953-жылы 5-мартта Сталин өлгөндөн кийин жергиликтүү жетекчилер жалпы элдик аза күтүүнү кандай уюштурганын Койчукул Ырыскулов мындайча сүрөттөдү:

- Иштен чыгып кетип жатсам, жанагы начальник өзүнө караштууларды: «Ийлагила!7 Сталин өлдү. Ийлагила» деди. «Кандай турмушка калдык? Ийлагила» деп зордоду. Анан күчкө салып болсо да ии деп ийлаганбиз. Ийла дейт да карап турат да.

- Чын эле корктуңуздарбы, СССР эмне болот деп?

- Аа, ишенесиң да. Падыша болгондон кийин ишенич болот экен да. Падыша учкандан кийин кандай болот деген коркуу пайда болот экен. Неге дегенде зорго Германияны жеңдик. Ушу турмуштан энди жакшы чыктык эде. Энди чыгып жатканда манандай (ушундай) болду деп айтып атат да! Онон ол жагы жанагыдай кыйынчылыкты көрүп келе жатканбыз да... Анан коркунуч пайда болот экен да. Ийлабаган да ийлади, эй (күлөт).

Сталин өлсө өлкө эмне болот, биз эмне болобуз деген коркунуч элди малдай башкарган бийлик системасынын жана күчтүү пропаганданын туундусу экенин Койчукул карыянын сөзү тастыктайт. Көпчүлүк ошон үчүн Ники́та Хрущёвдин Сталиндин керт башына сыйынууну ашкерелегенин жана экономикадагы волюнтаристтик саясатына ичтен нараазы болгон.

- Сталинди Хрущев жамандады да. Ондо натуура сезип эле кала бердик. Сталиндики туура деп эле. Хрущев бузган да. 61-жыл бекен Хрущев бузган да. Хрущев бузгандан кийин эки жылда жашоо татаал болуп кеткен. Ак унду бербей койгон. Кара ун. Кант да жарым килограмм положенный деп жарым кило берет. Макарон 1 килограмм, мурда канча кааласаң алчу картошканы да эсеби менен. Хрущев ушундай кылып койгон.

- Хрущевден кийин жакшы болуп кеттиби?

- Хрущевден кийин Брежнев. Как раз шондон кийин турмуш оңолуп кеткен да. Ак ун да, кант да пайда болуп кетти магазиндерде. Ченеп бермей жок. Сразу эле өзгөрдү.

Түшүндүрмө:

* Койчукул Ырыскулов аксакалдын сөз түзүмдөрү анча-мынча гана редакцияланып, негизи өзгөртүлгөн жок.

1 мака – жүгөрү.

2 эде – эле.

3 ака (æкæ) - аке.

4 энди –эми.

5 Тактек- жердин аты, Ноокат району.

6 Авиз –жасалма көлмө.

7 ийла-ыйла.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG