Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Иран: кыздар менен балдар эки башка китеп окуйт


Ирандагы кыздар мектеби
Ирандагы кыздар мектеби

Ирандын Билим берүү министрлиги мындан ары окуу китептери кыздар менен балдар үчүн өзүнчө басып чыгарыларын жарыялады.

1979-жылкы Ислам ыңкылабынан кийин Иранда окуучуларды жынысы боюнча бөлүү, же сегрегация жараяны кеңири тарай баштаган.

16-январда өткөн маалымат жыйынында Ирандын орто билим берүү министри Хамидреза Хаджибабаи жакындан тарта мектеп китептери “Ислам жумуриятынын билим берүү системасына ылайыкташтырылып чыгарылат” деп билдирди. Башкача айтканда, кыздар менен балдар ар башка китептер боюнча окутулат.

Кийинки жылы билим берүүнүн бардык тармактарында реформалар күтүлүп жатканын айткан министр, кандай конкреттүү өзгөрүүлөр киргизилээрин тактаган жок.

Былтыр август айында Билим берүү министрлиги бала бакчаларда да кыздар менен балдар өз өзүнчө окуш керек деген токтом чыгарган.

Ирандык журналист Ниуша Богратинин айтымында, министрликтин сунушу азыр мыйзам түрүндө бекитиле элек, андыктан китептердин мазмуну иш жүзүндө кандай болоорун болжолдоп айтуу кыйын, бирок долбоор ишке ашса, андан мектеп окуучулары эле жабыркашат:

- Эркек балдар менен кыздар ар башка бала бакча, мектептерде окуп, 17-18 жашка чыккандан кийин коомдо бири-бири менен аралаша башташат. Иранда башка жерлердей эле жигиттер кыздар менен жүрүшөт, жаштар бири-бирин жактырышат. Бирок каршы жыныстагылар менен мамиле куруу аралашып өспөгөндө кыйыныраак болот.
Иранда кыздар менен эркек балдарды бөлүп окутуу бала бакчалар менен орто мектептерде мыйзам түрүндө каралган. Жогорку билим берүүгө келсек, айрым университеттер же кээ бир факультеттер гана өз өзүнчө окутушат.

Жыныстык сегрегация жараяны Ислам ыңкылабынан кийинки жылдары күч алган.

Ыңкылаптан кийин өлкөдө жашаган же турист болуп келген бардык аялдар хижабчан, же баш кийимчен жүрүүгө милдеттендирилген, аялзаттын өкүлдөрү сот болуп иштөө укугунан ажыратылган, пляждар менен спорт, бий аянтчалары аялдар менен эркектер үчүн деп өз өзүнчө бөлүнгөн, кыздарды 13 жашынан турмушка берүү мыйзамы киргизилип, күйөөгө чыккан кыз-келиндерге кадимки мектептерде окууга тыюу салынган. Бирок дал ошол 1979-жылдан бери Иранда студент кыздардын саны кескин өскөн.

2009-жылы Ирандын Жогорку руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейинин өкүлү Набиолла Фазлали университеттердеги сегрегацияны күчөтүү керектигин айтып, аралаш окутууга чекит коюуну жактап чыккан. Ал кыздар менен балдарды бир бөлмөдө кармоо чоң азгырык деп, бул - "карышкырга кой кайтартканга тете" деп салыштырган.

Ошондо жогорку билим берүү министри Камран Данесжу Фазлалинин сунушун колдоп, тиешелүү долбоорду иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Бирок көп өтпөй студенттер парламенттик шайлоо алдында нааразылык акцияларын уюштуруп жиберишет деген чочулоодон улам планынан баш тарткан.

Ниуша Бограти азыр жогорку окуу жайлардын айрымдарында кыздар менен балдар өз өзүнчө сабак өтүшөрүн, бирок андай университеттердин санын арттыруу аракеттери күчөп атканын белгилейт:

- Университеттердин бардыгында сегрегация киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Азырынча андан чоң майнап чыга элек. Эркектер менен аялдарды бөлүп окутуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменейинин билим берүү чөйрөсүндөгү стратегиялык идеяларына жооп берет. Анын “университеттер исламдын баалуулуктарына кайтышы керек” деп ачык эле айтканы бар.

Эң кызыгы, президент Махмуд Ахмадинежад жогорку окуу жайларда сегрегацияга каршы пикирин айтып келатат.

XS
SM
MD
LG