Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Тегеран менен Батыш мунаса издөөдө


Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр 15-октябрда Женевада башталды.
Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр 15-октябрда Женевада башталды.

Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда.

Кечээ башталган сүйлөшүүлөргө Ирандын расмий өкүлдөрү менен Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германиянын делегациялары катышууда.

Иран тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи кечээки жолугушууга оң баа берди. Анын айтымында, туңгуюктан алып чыга алат деген жаңы план сунуш кылынды. Маалыматка караганда, дүйнө державаларынын негизги талабына көнүп, Иран бийлиги уран байытуу процессинен баш тартышы мүмкүн.

Башка бир булактарда Иран өлкөнүн атомдук жайларына эл аралык инспекторлорду киргизүүнү караштырууда деген божомолдор да айтылууда. Муну менен Тегеран санкциялардын жеңилдетилишине жетишүүгө үмүттөнөт.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг санкцияларды жумшартууну конкреттүү өзгөрүүлөргө байланыштырып кароо керектигин белгилеп, Ирандын сүйлөшүүлөр жаатындагы жаңы турумун кубаттады:

- Алга жылууга жетишүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Иранды бүгүнкү жана болочок мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоого үндөйт элем. Кечээки сүйлөшүүлөрдө олуттуу маселелер козголуп, абдан пайдалуу өттү.

Аракчи менен АКШ делегациясынын жетекчиси Уенди Шерман Женевада өзүнчө да кездешти.

- Сүйлөшүүлөр уланып жаткандыктан, азырынча көп нерсе айта албайбыз. Бирок биринчи жолу биздин делегациялар өтө деталдуу талкуу өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр ортолоп калды. Менимче, алар жыйынтыкталганда көбүрөөк комментарий бере алабыз, - деди АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жен Псаки.

Позитивдүү жылыштарга карабай, Ак үйдүн маалымат өкүлү Жэй Карней сүйлөшүүлөрдөн тез жыйынтык күтүү эрте деди:

- Бул маселе боюнча Иран өкмөтүнүн маанайындагы өзгөрүүлөрдү баалайбыз. Бирок уран байытуу процессинин темпи жана масштабы, ядролук программасынын ачыктыгы, байытылган суюк отундун запастары өңдүү маанилүү маселелер боюнча конкреттүү кадамдарга байкоо салабыз. Коопсуздук кеңешинин 5 мүчөсү жана Германия бүтүндөй эл аралык коомчулукту камтама кылган маселелерди чечкен келишимге жетишүүнү көздөөдө. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кезде Иранга экономикалык кысым улана берет. Санкциялар жок дегенде мунаса перспективасына алып келди.

Тегеран атомдук курал жасоону көздөөдө деген Батыштын шектенүүлөрүн четке кагып келатат.

Ушул августта президенттик кызматка киришкен Хасан Роухани Тегерандын атомдук программасынан улам келип чыккан талашты 6-12 айдын ичинде жөнгө салууга убада берген.

XS
SM
MD
LG