Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Кумтөр: маалыматты ким көзөмөлдөйт?


Казуу учурунда мөңгү талкаланып, башка жерге ташылат. 09.10.2012

Казуу учурунда мөңгү талкаланып, башка жерге ташылат. 09.10.2012

Кыргыз өкмөтү “Центерра голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча жаңы келишимдин шарттарын талкуулоодо. Эл аралык AMEК компаниясы кенде экспертиза жүргүзүп, экологиялык чыгымдарды эсептеп чыккан.

Кыргыз өкмөтү “Центерра голд” менен 50-50% үлүштө биргелешкен ишкана түзүү боюнча бир жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүүдө.

«Кыргызалтын» ишканасы жалдаган америкалык АМЕK компаниясы 2013-2014-жылдары алтын кенде экологиялык экспертиза жасаган. Эки жыл катары менен жүргүзүлгөн иликтөөгө АМЕKтин гидролог, геофизик, геотехник адистери, Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин, «Кыргызалтындын» эколог адистери катышкан.

2014-жылдын ноябрь айында АМЕK даярдаган соңку баяндамада кенди иштетүүдө биргелешкен ишкана түзүлгөнгө чейин биринчи кезекте аткарыла турган иштердин тизмеси сунушталат. Анда "Центерра голд" экологиялык чыгымдар үчүн канча каражат төлөшү керектиги дагы так көрсөтүлөт.

- Экологиялык милдеттенмелер боюнча камсыздандырууга 53 миллион доллар бөлүнсүн; Кыргыз өкмөтү каражат жетиштүү экенин жыл сайын текшерип турсун; Камсыздандыруу фондуна бул сумма биргелешкен ишкана түзүлгөнгө чейин которулсун.

- Кен жабылгандан кийин калыбына келтирүү иштери: эгер кен казуу мөөнөтүнөн мурда токтотулса 56 миллион доллар, пландалган убакта бүтсө 69 миллион доллар деп баалансын (бул сандарга бош контейнерлерди жана эски дөңгөлөктөрдү жок кылуу кошулган эмес). Эсептөөлөр биргелешкен ишкана түзүлгөн маалдагы чыгымдарды толук камтысын.

- Кен казуу аяктаганча рудасы жок тоо текти стабилдештирүү (2017-жылга чейин Чоң Сары-Төр, 2021-жылга чейин Кичи Сары-Төр өрөөндөрүндөгү тоо текти турукташтырууну моделдештирүү) үчүн келишимде көрсөтүлгөндөй 5 миллион доллар төлөнсүн;

- Суу ресурстарын башкаруу: сульфаттарды, аммиакты жок кылуу, саздуу жайыттарды түзүү үчүн 1-2 миллион доллар бөлүнсүн, эгер ал сууну тазалай албаса, суу тазалоочу станциялар үчүн 5-10 миллион доллар бөлүнсүн. Кумтөр дарыясындагы чөкмөгө мониторинг жасалсын;

- Петров көлүнүн ташып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн атайын система толугу менен орнотулсун; Көлдөгү суунун деңгээлин азайтууну моделдештирүү жана аны ишке ашыруунун чыгымдарын "Центерра голд" толугу менен көтөрсүн;

- Калдыктар сакталган жайдын дамбасын бекемдөө;

- Долбоордун стандарттарына ылайык буруп кетүүчү каналдарды өркүндөтүү; кеңири иликтөө жүргүзүп, эгер каналдарды жакшыртуу зарыл болсо "Центерра Голд" бир миллион долларга чейин төлөөгө кепилдик берсин;

- Казуу иштеринин таасири менен мөңгүнүн жылышын иликтөө: «Кумтөр оперейтинг компани» мөңгүнү жылдырбай кармап туруу үчүн тосмо коюуну иликтеп, мониторингдин жыйынтыгын толук билдирип турсун. Компания мамлекеттик инспектордун кооптонууларына көңүл бурсун;

- Биотүрдүүлүккө мониторинг жасоону жакшыртуу;

- Кыргыз өкмөтү ячейкаларды калдыктардан бошотууну талап кылса, анын чыгымдарын, бош калган транспорттук контейнерлерди жок кылууну "Центерра Голд" өз моюнуна толук алсын.

- Жер кыртышынын азыркы запасын сактоого, биргелешкен ишкана түзүлгөндөн кийинки чыгымдарды төлөөгө "Центерра" кепилдик берсин.

АМЕK компаниясы мындай сунуштарын кыргыз өкмөтү менен "Центерра голд" компаниясына берген. Эки жыл катары менен жүргүзүлгөн иликтөөдө Кумтөр дарыясына мониторинг жасоо, Петров көлүндөгү суунун деңгээли, "Кумтөр оперейтинг компани" жергиликтүү адистер, жамааттар жана маалымат каражаттары менен байланышты чыңдоодо эч кандай прогресстин жоктугу кызыл сыя менен баса белгиленет.

Кендеги 60 млн. метр куб калдыктарды сактоочу жай, 09.10.2012

Кендеги 60 млн. метр куб калдыктарды сактоочу жай, 09.10.2012

Кумтөр боюнча 2012-жылкы парламенттик жана 2013-жылы мамлекеттик комиссияда эколог-эксперт катары катышкан Динара Кутманова «Азаттыкка» курган маегинде алтын казылган жерге барып, өз көзү менен көргөнүн тизмектеди.

АМЕКтин сунушун ким угат?

Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана кендерди өздөштүрүү институтунун алдындагы «Геоприбор» илимий-инженердик борборунун директору, профессор Исакбек Торгоев Кумтөр кенинде экологиялык экспертиза жүргүзгөн америкалык АМЕК компаниясынын эки иликтөөсүнө катышып, эксперт катары өз бүтүмүн берген.

- 2014-жылкы отчетто бир маанилүү толуктоо бар. 2013-жылы АМЕK кендеги экологиялык-техникалык абалды жакшыртуу боюнча өз сунуштарын берет. Анда эмне иш аткарылышы зарыл экендиги жана ага кетчү чыгымдар кошо берилген. Маселен, кен жабылгандан кийин ал жерди кайра калыбына келтирүү үчүн атайын камсыздандыруу фондуна каражат топтоо, калдыктарды зыянсыздандыруу сыяктуу иштерди жасоо сунушталат. Ошол эле жерде экологиялык жактан алганда өтө маанилүү сунуш айтылган. АМЕK биздин катышуубуз менен Кумтөр дарыясындагы чөкмөнүн курамына такай мониторинг жүргүзүп турсун деп айтылган. Калдыктардын курамында оор металлдар бар. Саркынды суу дарыяга барып кошулганда, андагы металлдар дарыянын түбүнө чөгөт. Албетте, азыр анын көлөмү анча чоң эмес, бирок убакыт өткөн сайын 2 миллиард тоннадан ашуун калдык чыкса, суудагы чөкмө дагы көбөйөт. Анан жазында суу киргенде чөккөн металлдарды агызып, ал Нарын дарыясына кошулат. Ошон үчүн биз туруктуу мониторинг жасап турууну сунуштап, ага жылына 10 миң доллар бөлгүлө дегенбиз. «Кумтөр оперейтинг компани» болсо агы каршы болууда, эмне себептен антип атканы эми түшүнүктүү эле. Анткени такай мониторинг жасалса, ал жерде суу булганып жатканы көрүнүп турат. 2014-жылкы иликтөөдө болсо мөңгүлөр, калдыктарды сактоо боюнча бир катар суроолор такталган. Эң башкысы өткөн жылкы отчетто буга чейинки аткарылган, учурда жасалып жаткан жана аткарылбаган иштер таблица түрүндө берилген. Бул отчет "Центерра" менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрүндө экологиялык маселелерди койгонго негиз болду. Аткарылбаган иштерге ошол суу алдындагы чөкмөнүн анализи, калдыктарды зыянсыздандыруу жасалган эмес деп көрсөтүлгөн.

Экологиялык чыгымдардын эң чоңу, албетте, кен жабылгандан кийинки ал жерди кайра калыбына келтирүү иштери. 2013-жылка АМЕКтин адистери рекультивацияга кеминде 50 миллион доллар бөлүнүшү керектигин көрсөтүшкөн. Кен чыккан жерде рудасы жок тоо тек Кумтөр дарыясын көздөй жылып атат, зыяндуу калдыктар көбөйүп жатканын эске алганда, жогорудагы сумма эң минималдуу көрсөтүлгөн. Ал эми Кумтөр кенин камсыздандырган Лондондогу камсыздандыруу фондунда 2013-жылы болгону 11 миллион, айрым маалыматтар боюнча 13 миллион доллар гана бардыгы айтылган. Андыктан, АМЕКтин адистери бул акча жетишсиз, кенди камсыздандыруу үчүн фондго акча которгула деп "Центеррага" сунуштаган.

Кенден чыккан алтыны жок тоо тек мөңгүгө аралашып жатат, 09.10.2012

Кенден чыккан алтыны жок тоо тек мөңгүгө аралашып жатат, 09.10.2012

Экологиялык зыянды ким төлөйт?

"Кыргызалтындын" жетекчиси Токон Мамытов «өндүрүштүк, уюштуруучулук, техникалык маселелер негизинен 80-90% чечилип калды. Юридикалык жана экологияга байланышкан жагы азырынча чечилбей турганын» "Азаттыкка" берген маегинде айтып, февраль-март айларында сүйлөшүүлөр уланарын билдирди.​

Кумтөр кенинин экологиялык абалын иликтеген парламенттик жана мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Динара Кутманова кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөрдө экологиялык маселелерди чече албайт деген пикирде:

“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасын экологиялык мыйзам бузуулар боюнча сотко берүү, "Центерра голд" компаниясынын үстүнөн эл аралык арбитражга чейин арыздануу тууралуу жарандык активисттерден тарта Жогорку Кеңештин бийик трибунасына чейин айтылып калат. Кыргыз бийликтери сүйлөшүү процесси өтө татаал болуп жатканын байма-бай эскертип, “Центерра голд” улам бир талапты коюп жатат деп коомчулукка табышмактатып маалымдап келет. Мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" берген маегинде “канадалыктар экологиялык зыян боюнча дооматтан баш тарткыла, коррупциялык схемалар боюнча далилденген кылмыш ишти токтоткула деген талаптарды коюп жатышат" деп билдирген.

Профессор Исакбек Торгоев болсо кыргыз өкмөтү өзү жалдаган эл аралык АМЕK компаниясы берген сунуштарды аткаруу жагын "Центерра Голд" менен биргелешкен ишкана түзүлгөнгө чейин тактап, тастыктап алуусу зарылдыгын эскертет:

- Экологиялык маселелер боюнча АМЕК берген сунуштардын көбү учурда иликтөө, талдоо стадиясында. Тактап айтканда, ишке ашырыла элек. Мына эң жөнөкөй мисал, “Кумтөр оперейтинг компани” маалымат каражаттарына Барскоондо уникалдуу аппараттар турат, алар чаңдын топтолушун аныктайт деп айтууда. Ал сөз 20 жылдан бери эле кайталанууда. Ал тургай компаниянын жетекчилери өз маалында китеп чыгарып, чаңдан булгануу көп, ага көңүл буруу керек деп жазышкан. Эми алар кайрадан иликтөө жүргүзөбүз, мониторинг жасайбыз деп айта башташты. Алар бул маселелерди чечпей, атайын эле созуп жаткандай таасир калтырат. Менин жеке пикиримде, алар мунун баарын жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканага же дагы башка ишканага түртө салууну көздөөдө. Мындан сырткары дагы бир топ суроолор бар. Алар тууралуу мен көп эле айтып жүрөм, вице-премьер Т.Сарпашевге, “Кыргызалтындан” К.Шакировго жыйын маалында айттым. Алар экологиялык маселелерди чечүүнү атайын кечеңдетип жатат, ал болсо кийин кыргыздардын моюнуна, биргелешкен ишканага илинип калат.

Кендеги маалымат көзөмөлү

АМЕС компаниясы 2013-жылкы баяндамасында "Кумтөр оперейтинг компани" маалыматты өтө көзөмөлдөп турганын көргөзгөн. 2011-жылы Кумтөрдө иликтөө жүргүзгөн, цианиддер боюнча америкалык адис Роберт Моран "Кумтөр оперейтинг компани" экологиялык, социалдык, инвестициялык суроолор менен байланышкан бардык маалыматты тыкыр көзөмөлдөп турат. Көз карандысыз экологиялык жана социалдык маалыматтар коомчулукка жетпейт. Гидрогеологиялык, геохимиялык, металлургиялык отчеттор кыргыз коомчулугуна жабык. Техникалык отчеттор англис тилинде гана даярдалып, кыргыз, орус тилине которулган эмес, аларды Канададан гана тапса болот. "Кумтөр оперейтинг компани” долбоор боюнча техникалык маалыматты чогултуу жана жайылтуу иштерин каржылап, башкарып турат. Кыргызстандык маалымат каражаттары негизинен компанияны жактаган маалымат таратат", - деп жазган.

Профессор И. Торгоев болсо "Центерра Голд" АМЕКтин эки жылдык иликтөөсүндөгү сунуштарды аткаруунун ордуна, анын жетекчиси Ян Аткинсон экологиялык жана техникалык отчетторду өз кызыкчылыгына жараша пайдаланып, маалымат каражаттарына маек берип жүргөнүн белгилейт.

“Кумтор оперейтинг компанинин” интернет сайтында 2015-жылга мерчемделген иш-план жазылган. Үстүбүздөгү жылы кенде 14-16 тонна алтын өндүрүлөт; Жалпы чыгымдар 75 миллион долларды түзөт; Өнүктүрүүгө 26 миллион инвестицияланат жана карьерди иштетүүгө байланыштуу кыртыш ачууга 185 миллион доллар жумшалат деп болжолдонот. Компаниянын жылдык каржылык планында экологиялык чыгымдар көрсөтүлгөн эмес.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG