Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Эски, жаңы акыйкатчы бир имаратта


Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште, 3-октябрь, 2013-жыл
Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште, 3-октябрь, 2013-жыл

Жаңы акыйкатчы Бакыт Аманбаев 7-октябрда кызматына киришкени менен эски акыйкатчы Турсунбек Акун иш бөлмөсүн бошотуп бере элек.

Турсунбек Акун Батукаев боюнча маселе бир жаңсыл болмоюнча, өз акциясын акыйкатчынын имаратында улантарын айтууда.

Жаңы акыйкатчы Бакыт Аманбаевди жамаатка Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Ратбек Эшмамбетов тааныштырды. Бакыт Аманбаев жамаатка сүйлөп жатып, аталган институтту көтөрүү, ишин жакшыртуу боюнча пландары бар экенин билдирди жана адам укугун коргоодо жаңы багыттарды убада кылды:

- Бизге жүздөгөн адамдар жардам сурап кайрылат. Биздин негизги милдетибиз - Кыргызстандагы бардык социалдык катмарлардын өкүлдөрүнүн, айрыкча карапайым адамдардын конституциялык укуктарын коргоо. Ошону менен бирге бийлик менен элдин ортосунда калыс, адилет арачылык милдетти аткаруу.

Анткен менен 19 күн ачкачылык кармап, 5-октябрда токтоткон жана өзүнүн кызматтан алынганы мыйзамсыз болгонун айтып келаткан Турсунбек Акун иш кабинетин бошотуп берген жок. Андыктан Бакыт Аманбаев Акунга маңдайлаш турган башка кабинетке жайгашты. Турсунбек Акун Аманбаевди акыйкатчы деп кабыл ала турганын айтып, анын ишине ийгилик каалады.

Бирок Батукаев боюнча парламент күнөөлүү деп тапкан бардык министрлер, аткаминерлер жазаланмайынча өз акциясын акыйкатчы имаратында улантарын билдирди:

- Батукаевдин бошотулушуна тийиштүү бардык мамлекеттик чиновниктер кетиши керек. Жалгыз гана мен күнөөлүү болуп калбашым керек. Мен аларды кетирүү боюнча аракеттерди өзүм ушул акыйкатчынын имаратынан кетпестен туруп жасайм. Күнөөлүү аткаминерлер кетер замат, мен да бул жерден кетем. Бирок ага чейин мен бул жерде “кызматынан мыйзамсыз алынган акыйкатчы” катары ушул жерде өзүмдүн укугумду коргоп турам. Жаңы акыйкатчы дагы ошого жардам берем деди.

Ал эми Бакыт Аманбаевдин айтымында, экс-акыйкатчынын бул аракети анын иш жүргүзүүсүнө тоскоол болбойт жана ал экс-акыйкатчы менен тил табыша алат. Ошондой эле ал Акундун талаптарын туура деп эсептейт:

- Батукаев маселеси боюнча парламент маселени талкуулап, чечим кабыл алган. Анда Батукаев маселесине тиешеси бар делген бардык мамлекеттик кызматкерлер өз жазасын алсын деген чечим кабыл алынган. Ошол чечим аткарылышы керек деп ойлойм.

Рита Карасартова
Рита Карасартова
Ал аралыкта акыйкатчылыкка талапкер болуп, бирок өтпөй калган бир канча адам дүйшөмбү күнү маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар акыйкатчыны тандап алууда жана добуш берүүдө мыйзам бузуулар болгон деп эсептешет. Маселен, Рита Карасартова Жогорку Кеңеш жаңы акыйкатчыны шайлоодо тарыхый жоопкерчиликти сезген жок деген пикирде:

- Чынын айтканда, көптөгөн мыйзамдар бузулду, Жогорку Кеңеш системалуу түрдө иштей албасын көргөздү. Бул парламенттин деңгээли жана жүзү. Шайлоодогу дагы ар кандай туура эмес иштер, былыктар чыга берет. Алар чыккан сайын жаңы акыйкатчыга ишти баштаганга оор болот.

Бирок Бакыт Аманбаевдин пикиринде, акыйкатчыны шайлоо Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн атаандаштык, ачыктык жана калыстык менен өттү.
Аманбаевди бул кызматка Жогорку Кеңеш 3-октябрда бекиткен. Кыргызстанда акыйкатчы беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул институт 2002-жылы түзүлүп, туңгуч акыйкатчы азыркы депутат Турсунбай Бакир уулу болгон.

Тасмада: Жаңы акыйкатчыны жамаатка тааныштыруу

Жаңы акыйкатчы ишке киришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG