Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

2015-жылы Кыргызстанда адабият таануу илимине тиешелүү жарык көргөн китептердин саны арбын болду. Ошол эле учурда классик акын-жазуучулардын томдуктары кайрадан басылып чыкты. Бирок китеп сатуу менен алектенгендер китеп соодасы төмөндөгөнүн белгилешет.

“Сабат” китеп борборунун жетекчиси Нурбек Карагулов 2015-жылы андан мурдагы жылдарга караганда китеп сатып алуучулардын саны бир топко азайганын айтты:

- Мисалы, былтыр, мурдагы жылдары такыр болбой калды дегенде 2000-3000 сомго соода болчу. Ал эми өткөн жылы бир жумадан ашык бир да китеп сатпай калган учурлар көп болду. Күндө чыгабыз. Соода болбойт. Кайра жыйнап келебиз. Тогузунчу күнү араң соода кылдык. Бул биз китеп ишмердигин баштаган алты жыл ичинде биринчи жолу болгон көрсөткүч.

Карагулов экономикалык кризистин тийгизген таасири мындай көрсөткүчкө себеп болду деп эсептейт.

Узак жылдардан бери жайма базарда китеп сатып иштеген Орозбек Бөрүгулов да Нурбектин айтканына кошулат. Сатуучунун айтымында, учурда көчөдө сатылган жеңил-желпи деп эсептелген китептер да мурдагыдай өтпөй калды:

- Азыр өтө жакшы өткөн китеп жокко эсе. Мисалы, буга чейинки жылдарда Айгүл Шаршен кызынын китептери жакшы өтүп келген. Ал каза болду. Китептеринин өтүшү да токтоду. Эл акырындап анын стилинен жадай баштады. Учурда эл өзгөчө кызыгат деп айта турган деле китеп жок. Былтыр “Кантип ишкерлик кылуу керек?” деген сыяктуу китептер өтүмдүү болуп жаткан. Азыр ал тема да кызыгын жоготту. Эл окуп көрүп, ал китептер жөн гана алдамай экенин түшүндү окшойт.

Китеп базары

Китеп базары

“Улуу Тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров жыл сайын кыргыз окурмандарынын көркөм табити өсүп, китептерди тандап окуп калган деп эсептейт:

- Былтыр китеп өндүрүшүндө кризиске карабай жалпы бир көтөрүлүүлөр болду окшойт. Анын үстүнө мааракеси болгон авторлор көп болду. Алардын мемуарлары чыкты. Чыккандан кийин өтүмү жакшы болгон да бир нече китеп болду. Мусакун Сатыбалдиевдин “Бөрү киши” деген детективи жарык көрөрү менен сатылып кетти.

Кадыров өкмөттүн каражаты менен да бир нече китептер жарык көргөнүн белгиледи:

- Өкмөттүн каржылоосу менен Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгү” чыкты. Ошол эле учурда Илимдер акдемиясынын буюртмасы менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2015-2020-жылдагы программасынын негизинде казынанын эсебинен көркөм жана илимий адабияттардан турган 63 китеп чыкты. Мындай жакшы жөрөлгө эгемендик алгандан бери боло элек болчу.

Кыргызстанда ар жылы түркүн аталыштагы миңге чукул жаңы китеп жарык көрөт. Чыккан китептердин жалпы нускасы бир миллиондун тегерегинде. Анын ичинде окуу китептери, усулдук жана көркөм адабияттар бар. 1990-жылдарга чейин Кыргызстанда жылына 10 миллиондон ашык китеп чыгып турган.

Адабий сын жана “Ачылбаган дүйнө”

Адабиятчы Абдыкерим Муратов 2015-жылы көркөм адабиятта жалпы окурмандарды уу-дуу кылган жаңы чыгарма жарык көрбөгөнү менен кыргыз адабиятынын тарыхын жараткан классик акын-жазуучулардын китептери көп чыкканы жакшы жөрөлгө экенин айтты:

Китеп күнүнө арналган китептер көргөзмөсү

Китеп күнүнө арналган китептер көргөзмөсү

- 60, 70, 80 жашка келгендердин, анан көзү өтүп кеткен келемгерлердин томдуктары чыгыптыр. Маселен Жолон Мамытовдун эки томдугу, Байтемир Асаналиевдин үч томдугу чыкты. Сагындык Өмүрбаевдин да мааракеге байланыштуу китептери чыкты. Дагы бир топ акын-жазуучулардын китептерин санай берсек болот. Алар авторлордун мурдагы чыгармалары болгону менен томдуктардын кайра басылышы адабияттын өнүгүшүнө кошулган зор салым.

Муратов бул жылы айрыкча адабият таануу жаатында бир топ эмгектер жасалганын белгиледи:

- Өзгөчө Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата эки энциклопедия жарык көрдү. Бирин Улуттук илимдер академиясы, бирин Мундузбек Тентимишов чыгарды. Түркияда үч-төрт журнал Алыкул Осмоновдун чыгармаларын жарыялады. Ошол эле өлкөдөн котормосу чыкты. Абдылдажан Акматалиевдин өзүнүн демилгеси менен “Манас” үчилтиги баштаган, “Токтогул” энциклопедиясы коштогон бир топ китептери түп нускасында кайра басылып чыкты. Садык Алахандын “Адабият аруу дүйнө” деген адабий сын макалалары топтолгон көлөмдүү жыйнагы жарык көрдү. Ошондой эле адабиятчылар Бекташ Шамшиевдин, Динара Асакееванын, Гүлбара Орозованын, Курманбек Абакировдун адабий изилдөөлөрү жарык көрдү.

Жомоктор көп сатылды

Жомоктор көп сатылды

Абдыкерим Муратов проза жаатындагы мыкты китеп деп Султан Раевдин “Топон” аттуу романын, Мамат Сабыровдун “Көкөй кести” аттуу аңгемелер жыйнагын, поэзиядан азыркы мезгилдеги жаштардын жоон топ өкүлү чыгарып жаткан китептердин көпчүлүгүн айтса болот деп эсептейт.

Дагы бир адабиятчы Рысбек Эшматов да 2015-жыл айрыкча кыргыз адабий өнүгүүсүн изилдеген китептер көп жарык көргөнүн айтат. Алардын арасында маектешибиздин өзүнүн “Адабий түстөрдүн көркөм табияты” аттуу илимий китеби да бар:

- Мисалы, Бекташ Шамшиевдин “Кыргыз согуш прозасынын поэтикасы”, Омор Соороновдун “Биз билген жана биз билбеген Токтогул” аттуу изилдөөсү кайрадан жарыкка чыкты. Динара Асакееванын “Советтик идеология жана 20-кылымдагы улуттук адабий көркөм процесс” деген эмгеги жарык көрдү. Ал китептин өзөгүндө негизинен 20-30-жылдардагы адабиятка көбүрөк басым жасалат экен. Китеп жалпылаштырып берилсе да негизинен Токомбаев менен Тыныстановдун ортосундагы мамилелер жөнүндө кенен сөз кылып, ошону кадимкидей илимий алкака тартып, тереңден ачып көрсөтө турган жакшы эмгек жаратыптыр да.

Рыспек Эшматов бул жылы жалпы окурмандардын кызыгуусун арттырган китеп болбогонун айтта кетти:

- 2015-жылы жалпы окурмандарды уу-дуу кылган китеп болбоду. Мисалы, “Агындыларды” окугандар аябай көп экен. Анын тегерегинде оң-терс пикирлер да бар экен. Эгер китеп ушундай талкууга түшсө, демек ал китептин мыкты чыкканы. Мен жакшылап ойлонуп көрсөм бул китеп мемуардык чыгармаларга жаңылык киргизген жанрдагы китеп болгон экен. Бир жагы реалдуу, бир жагы поэтикалуу, бир жагы ирония менен синтездеп жеткирип жаткан кызыктуу жыйнак болгон экен.

Эшматов өткөн жылдарда “Агындылар” менен катарлаш Акбар Рыскуловдун “Атакенин ак болоту” аттуу романы да бул жылы адабий чөйрөдө чоң талкуу жаратканын кошумчалады. Мындан сырткары адистин айтымында, маркум акын Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүнүйө” аттуу ырлар жыйнагы да поэзия күйөрмандарынын кызыгуусун жараткан мыкты поэтикалык жыйнак болгон. Бирок аны ачып берген адабий сынчы болбоду.

Балдар адабиятындагы башталыш

Нурбек Карагулов балдар үчүн жазылган китептердин өтүмү да башкаларга салыштырмалуу жакшы болгонун айтат:

- Кыргыз эл жомоктору деген китеп чыккан. Ошол китеп аябай жакшы сатылды. Андерсондун кыргызча которулган жомоктору да тынбай сатылды. Анан “Куйручуктун бала чагы” деген китеп бар. Аны да жакшы саттык. Негизинен балдарга арналган китептер жакшы кетти.

Карагулов мындан сырткары учурда мурда өтүмдүү деп эсептелген жеңил-желпи китептерге караганда кыргыз адабиятынын Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Алыкул Осмонов сыяктуу классик акын-жазуучуларынын чыгармаларын сурагандардын катары калыңдап баратканын ырастады.

Учурда Ош шаарында чакан китеп дүкөн иштетип жаткан акын Зинакан Пасаңова бул тууралуу мындай деди:

- Сапарбек Закировдун “Кыргыз санжырасы” деген китеби кайрадан басылып чыгыптыр. Шаршенбек Үмөталиевдин “Өзөктөгү өрт” деген китеби да кайрадан басылып чыгыптыр. Ушул китептерге биздин орто жана жогорку муундагы окурмандар көп кызыгып жатат. Мындан сырткары биздин классик акын-жазуучулардын китептерин көп сурап жатышат. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун томдорун, Алыкул Осмоновдун 100 жылдык юбилейине байланыштуу акындын китептерин сурагандар көп болду. Бирок ошолордун баарынын бизге жетиши кыйын.

Маектешибиз учурда Ош шаарынын жаштары кызыккан китептер төмөнкүлөр экенин айтты:

- Жаштар азыркы замандын талабына ылайык “Кантип ийгиликтерге жетүү керек?”, “Кантип ишкерликти баштоо керек?” деген суроолорго жооп издеген китептерге жана тил үйрөнүүчү сөздүктөргө кызыгышат экен.

Зинакан Пасаңова эң башкысы жаштарды китепке кызыктырууда китеп сатуучулар өздөрү ошол китептерди окуп, билгени оң болорун кошумчалады.

Дүйнө жүзүндө китеп окуу боюнча Жапония биринчи орунда турат. Андан кийин Америка, өнүккөн Европа мамлекеттери турат. Жапонияда бир адамга 10-11 китеп, Америкада 8-9 китеп туура келет. Ал эми эгемендик жылдары чыккан китептердин саны калктын санына карата 0, 02 пайызга түшүп кеткен. Бул ар бир киши жылына китептин эки барагын гана окуйт деген кеп.

Улуу муун өкүлдөрү эгемен Кыргызстан 25 жыл аралыгында китеп окубаган эки муунун жоготконун, эми жаш муунду китеп окуганга тарбиялоо зарылдыгын айтып келет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG