Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Эсептөөлөргө ылайык, бүгүнкү күндө миллиондой кыргызстандык чет мамлекеттерде жүрүшөт. Адистердин айтымында, таланттуулар, акылдуулардын агымын токтотуу үчүн олуттуу реформалар талап кылынууда.

Эгемендик алгандан берки жыйырма жыл ичинде Кыргыз Республикасынан 1 миллиондой эмгекке жарамдуулар чет мамлекеттерге чыгып кетишкен. Алардын арасында окумуштуулар, инженерлер, догдурлар ж.б. кыйла.

Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов берген маалыматка ылайык, ушул тапта 700 миңге чукул кыргыз жараны Орусияда жүрүшөт. 150 миң чамалуу адам Казакстанда. Дагы 150 миң чамалуусу АКШ, Европа өлкөлөрү, Түркия сыяктуу бардар мамлекеттерге кетип калышкан.

“Келечектүү иликтөөлөр” борборунун миграция, жумушчу күчүнүн агымы тууралуу сурамжылоосуна караганда, азыркы тапта 1 миллион 100 миң эмгекке жарамдуу жаштар өлкөдөн кетип калууга даярдыгын билдиришкен. Алардын 55 пайызы Орусияга барышмактыгын, 17 пайызы мүмкүнчүлүк чыкса АКШга кетишмектигин, калгандары башка өлкөлөргө чыгууга даяр турушканын айтышкан.

Ошентсе да бул сурамжылоо гана. Реалдуу турмушта булардын баарынын чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрү жок. Бирок алардын эң билимдүү, акылдуулары үчүн өнүккөн өлкөлөрдө ар дайым жол ачык.

“Келечектүү иликтөөлөр” борборунун президенти Сергей Масауловдун айтымында, адам ресурстарынын агымы дүйнөлүк деңгээлде жүргөн көрүнүш. Маселен, кыргыз жарандары Орусияга кетип жатышса, орустар Чыгыш Европага көчүп атышат. Чыгыш европалыктар болсо Батыш Европаны көздөй кетишүүдө. Ал эми ал жакта чогулган адам акылынын каймактары АКШны көздөй агууда.

С.Масауловдун пикиринде, мээлүүлөрдүн көчү эч качан токтобой турган нерсе. Бирок аны коркунучу жок деңгээлге түшүрүүгө, убагы келгенде башка өлкөлөрдүн акылдууларын тартып алганга мүмкүнчүлүк бар. Ага ылайык мээлүүлөрдүн көчүн токтотуунун эки жолу бар. Биринчиси, Түркмөнстан сыяктуу жарандарды камалап, кайтарып, эч жакка чыгарбай кармоо. Экинчиси, өлкөнү заманбап, өнүккөн мамлекетке айлантуу.

Президенттин мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуусу, 8-июль, 2010-жыл
“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбековдун пикиринде, баалуу кадрларды кармап калуу үчүн өлкө экономикасын жыл сайын 7-8 пайыз өсүштө кармап туруу керек. Ал үчүн инвестиция тартып, бизнес чөйрөсүн жакшыртып, бийликтеги коррупцияны жеңүү зарыл:

- Бул маселе, мээлүүлөрдүн көчү бардык эле мамлекеттерде бар. Бир эле бизде эмес, бизге окшогон экономикасы талкаланган кедей мамлекеттерде бул өзгөчө.

Негизинен өнүккөн мамлекеттерге, Жапония, Швейцарияга, АКШга, Улуу Британия, Германияга акылдуу адистер, мыкты кадрлар кетип атат. Керек болсо бизден алда канча күчтүү делген Орусиядан адистер агып кетип атат. 1992-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Орусиядан 3 миллион окумуштуулар, жогорку тажрыйбалуу адистер чыгып кеткен. Бул эмне деген мамлекеттин трагедиясы! Ал эми бизге окшогон мамлекетте эки эсе трагедия да.

Тилекке каршы бизден мыкты кадрлар кетүүсүнө экономикалык абалыбыз түрткү болуп атат. Эгерде биз экономикалык өсүштү жарата албай турган болсок өлкө катары, анда жаш адистердин кетиши, окумуштуулардын кетиши мындан ары да улана берет.


Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов болсо өкмөт мээлүүлөрдүн көчүн токтотуу жаатында чара көрүп атканын, мугалимдердин, догдурлардын, маданият кызматкерлеринин айлык акыларынын эселеп жогорулай баштаганы буга күбө экенин билдирүүдө:

- Эгер былтыр биринчи майга чейинки билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат менен ага чейинки бөлүнүп келген каражатты салыштырсак, бөлүнгөн каражат 2,5 эсеге өскөнүн көрүүгө болот. Бул багыт мамлекеттин, азыркы өкмөттүн негизги багыты болмокчу. Анткени биз мугалимдердин гана айлык-акыларын эмес, бардык эле кыргызстандыктардын айлык-акыларын жетиштүү деңгээлге көтөрөлү деп атабыз. Ошондо жарандарыбыз башка жакка кетүүгө зарылбай калышат.

Дагы бир жагдай, ошол эле иликтөөлөргө ылайык мээлүүлөрдүн көчү уланган күндө да кыргыз калкынын саны барган сайын өсүштө болот. Анткени төрөлүү саны көбөйүүдө.

2025-жылы кыргыз жарандарынын саны 6,5 миллионго жетери болжонсо, 2050-жылы өлкөдө 8,5 - 9 миллион калк жашап калмакчы. Ошондуктан тышкы чыгып кетип аткан эмгекке жарамдуу калктын бөлүгү да кайсы бир деңгээлде мамлекет үчүн пайдасы бар дегендер жок эмес.

Маселен, бийлик өкүлдөрү деле тышта жүргөн кыргыз жарандары жылына 1 миллиард доллар мекенине жиберип турушарын айтып, бул көрүнүштүн позитивдүү жактарын да белгилешүүдө. Ошентсе да өлкөдө калыс башкаруу, коррупциялашпаган таза бийлик, акылдуу реформалар боло турган болсо, тышка кетип аткан билимдүү жарандар менен өлкө тезирээк өнүкмөк дегендер бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG