Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Николай Макаровдун Борбор Азияда согуш коркунучу бар деген билдирүүсү кабатырлануу менен кабыл алынууда.

Серепчилердин айрымдары муну Кремлдин Борбор Азияда аскердик таасирин күчөтүүгө багытталган империялык саясаты катары карашса, кээ бирлери аны чынында эле коркунучту эскерткен негиздүү билдирүү катары кабыл алышты.

Кооптонууга негиз барбы?

Жакында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Николай Макаров 2014-жылга карата НАТОнун күчтөрүнүн Ооганстандан чыгып кетиши аймактагы жаңы кагылыштардын орун алышына алып келет деп кооптонду.

Ошол эле кезде ал мындай кагылыштар өзөктүк куралды колдонууга чейин барган ири согуш очогуна айланышы мүмкүн экендигин да жокко чыгарбайт.

Коопсуздук маселелери боюнча серепчи Иманберди Жалилов мындай кооптонууга негиз берген жагдайлар бар экендигине токтолду:

- НАТОнун күчтөрү Ооганстандан чыгып кетсе, советтик аскерлер ал жактан чыгып кеткенде ошол кездеги мамлекет башчысы Нажибулла колунан бийлигин кандай алдырып жиберген болсо, азыркы президент Хамид Карзай да күчкө ээ боло албай, башка бир радикалдык күчтөргө көзөмөлдү тарттырып жибериши мүмкүн деген түкшүмөл бар. Учурда ал жакта жашырынып жүргөн ондогон террорчул жана экстремисттик уюмдар баш көтөрүшү мүмкүн. Аларды кайсы бир кызыкдар тарап өзөктүк курал менен жабдыбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Империялык дымактар ойгонгондо...

Анткен менен орусиялык башкы аскердик штабдын башчысы Макаров аймакта согуш коркунучунун орун алышына негиз бере турган жагдайларды туюк гана түшүндүрдү. Андыктан коопсуздук маселеси боюнча серепчилер анын айтканы канчалык деңгээлде негиздүү деген суроонун үстүндө баш катырышууда.

Коопсуздук органдарынын мурдагы кызматкери Алишер Абдымомунов бул билдирүүнү Борбор Азияга кайтып келүүгө багытталган Орусиянын империялык саясатынын башаты катары баалады:

- Макаровдун оозунан чыккан сөздү “Орто Азияга келип генерал-губернатор болуп басып жата бер" дегендей эле түшүнсө болот. Анткени алар геосаясий кызыкчылыктан улам бул жакка кайра аскерлерин киргизүүгө жандалбас жасаган аракети деп караса болот. 96-жылы “койо тургула” десе болбой аскерлерин чыгарып кетишкен. Эми кандай жол менен болсо да кайтып келүүнү самап жатышкандай. Бирок эми Орто Азия жөн эле киргизе койбойт да. Ошондуктан чоң мамлекеттер ошондой долбоорлорду ойлонуштуруп жатышкан го деп түшүнсөк туура болот.

Жергиликтүү айрым серепчилер кийинки кезде дүйнөлүк державалардын геосаясий оюндары Борбор Азияга көчүп жатканын байкашкан. Ошондуктан алар бул аймакты АКШнын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын жана калган өнүккөн мусулман мамлекеттеринин геосаясий кызыкчылыктары кагылышкан аймак катары изилдөөлөрүндө белгилешкен.

Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков дүйнөлүк картада Борбор Азия стратегиялык маанилүү аймакка айланганын жокко чыгарбайт:

- Борбор Азия аймагында стратегиялык мааниси бар суу, мунай, газ сыяктуу жаратылыш ресурстарынын али чети оюла элек. Ошондуктан мына ошого көзүн кызарткан державалар бири-биринен кызганышып, кандай жол менен болсо да аймакка көзөмөлдүк кылууну мерчемдеп турушат. Экинчиден, бул жер аскердик жана геосаясий таасирди жайылтууга ыңгайлуу аймак болуп турат.

Кызыкчылыктардын дал келүүсү

Ошол эле кезде орусиялык аскер штабынын башчысы Макаровдун билдирүүсүн жөн гана эскертүү катары кабыл алуу керек деген серепчилер да аз эмес. Алардын баамында муну НАТОнун аскер күчтөрү Ооганстандан чыгып кетсе, кандай чараларды көрүү керек деген орусиялык аскер жетекчилигинин тынчсыздануусу катары кабылдоо туура болот.
96-жылы “койо тургула” десе болбой аскерлерин чыгарып кетишкен. Эми кандай жол менен болсо да кайтып келүүнү самап жатышкандай. Бирок эми Орто Азия жөн эле киргизе койбойт да.

Коопсуздук органдарынын генерал-майору Артур Медетбеков терроризмге каршы күрөшүүдө Орусия менен НАТОнун кызыкчылыктары дал келет деген ойдо:

- НАТОнун ал жактан кетпей турушун чын-чынына келгенде Орусия колдойт. Анткени алар чыгып кетип, Ооганстандагы бийлик “Талибандын” колуна өтө турган болсо, жеке эле Борбор Азияга эмес, Орусиянын өзүнө да террорчулуктун жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан террорчулук менен күрөшүү маселесинде НАТО менен Орусиянын кызыкчылыктары дал келет.

2014-жылга чейин НАТОнун аскерлери Ооганстандан чыгып кетсе, сырткы көзөмөлдүн жоюлушу аймактагы жалпы абалга кандай таасирин тийгизет деген маселе буга чейин эле эл аралык коомчулукта талкууланып келген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG