Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Электр станциялары быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз экендигин билдирүүдө.

Электр станциялары ачык акционердик коому 7-августка карата Токтогул суу сактагычында 17 млрд. куб метр көлөмдөгү суу бар экенин жарыялады. Бул былтыркы жылга караганда бери дегенде 2 млрд. куб метрге аз.

Электр станциялары суунун аз болушун бийик тоолорго кардын аз жааганы менен түшүндүрүүдө. Аталган ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары Абдылда Исраилов:

- Суунун агымы негизги ченемден алганда май айында 87 пайыз, июнь айында 92 пайыз гана келди. Ал эми июлда агып кирүү 74 пайыз гана болду. Быйыл Токтогул суу сактагычына суунун келиши аз болуп жатат.

Исраилов кыш мезгилинде электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн 6 млрд. куб метр суу пайдаланыларын, андыктан суу жетиштүү экенине жана кышында маал-маалы менен жарыкты өчүрүүлөр болбой турганына ишендирүүдө.

Буга чейин Энергетика жана өнөр жай министрлиги суунун аз чогулганына байланыштуу кышында өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин билдирген.

Суусу мол, талаасы кайракы

Кыргызстан суу ресурсу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия менен Тажикстандан кийнки үчүнчү орунда турат, болжол менен мөңгүлөрдөн жана дарыялардан жылына 60-70 млрд. куб метр суу чогулат. Бирок Кыргызстан анын 10 млрд. куб метрге жакынын гана өзү колдонот. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычына чогулган сууну толугу менен Өзбекстан колдонорун жергиликтүү тургун, Ала-Бука районунун Орто-Токой айылынын жашоочусу Урмат Турдалиев айтты.

- Союз мезгилинде Терек-Сай суусун тосуп, суу сактагыч салышкан. Аны толугу менен Өзбекстан пайдаланат. Андан Кыргызстан бир тамчы да суу албайт. Эң өкүнүчтүү жери - ошол эле суу сактагычтын жанында Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу Орток-Бел деген суу жетпеген 2 миң гектардан ашык кайракы жер бар. Негизи ошол суу сактагычтан суу тартып чыгарса болот.

Кыргызстанда буга окшогон 7-8 чоң суу сактагыч бар. Быйыл алардын көбүндө суу аз. Таластагы Киров суу сактагычында суунун көлөмү аз болгонуна байланыштуу ушул тапта агызууну бир кыйла кыскартышты. Ал эми Нарындагы Орто-Токой суу сактагычында да суу адаттан кыйла кем.

Бирок чогулган суулар негизинен Казакстан менен Өзбекстанга кетет. Илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов:

- Токтогул суу сактагычынын жана Нарын дайрасынын эсебинен кийинки жылдарда, мисалы, Өзбекстан 1,5 млн. гектар жер, ал эми Казакстандын эки эле облусу 720 миң гектар жер өздөштүрдү. Биз болсо 189 миң гектар гана жерди өздөштүрдүк.

Суу - товар... эмес

Кыргызстан менен Тажикстан сууга мол болгону менен Казакстан менен Өзбекстанга караганда экономикасы чабал мамлекеттер. Алардын бир топ жылдан бери сууну товар катары таануу керек деген сунушуна кошуналар макул болбой, сууну "Кудайдын белеги" катары карап келатат.

Академик Дүйшөн Маматкановдун айтымында, 1992-жылы чек аралар аркылуу агып өткөн сууларды жалпы пайдалануу боюнча келишимге кол коюлган. Ал муну Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим дейт.

- Суу - товар. Ал да табигый байлык, аны да сактап, иштеткенге каражат кетет. Мисалы, биздин сууну Казакстан менен Өзбекстан бекер алып, өзүнүн элине кайра сатат. Эгер Казакстан биздин сууну гидроэлектр станциясы аркылуу өткөрсө, иштелип чыккан бир кв электр энергияга бир тыйындан гана коротот. Ал эми Чүй, Талас же Нарын суусунан болобу, көлмө уюштурса, ар бир куб метр сууга 3 тыйындан пайда көрөт. Ошол көлмөгө балык уюштуруп калса, 73 тыйындан табат.

Ал эми жакында АКШнын Улуттук чалгындоо кызматы дүйнөдөгү суу ресурстары боюнча баяндамасын жарыялаган. Анда Борбор Азия мамлекеттер ортосунда сууну пайдалануу боюнча келишимдердин жоктугу, суу боюнча башкаруунун чабалдыгы жана келечекте суу сапатынын начарлашы терс көрүнүштөр катары белгиленген.

Баяндамада болочокто суу ресурстарынын азайышы туруксуздукту жана чыңалууну жаратары да айтылат. Кыргызстандык адистер да акыркы 20 жылда кыргыз тоолорундагы түбөлүк мөңгүлөрдүн калыңдыгы 20 метрге чейин, ал эми этектери болсо эрип, 2-3 км чейин өйдөлөп кеткенин айтышууда.

Суунун тартылышынан улам саясий чыр-чатактар жана жаңжалдар болуу ыктымалдыгын жергиликтүү адистер да четке какпайт. Коопсуздук маселери боюнча талдоочу Имамберди Жалилов:

- Сөзсүз мындай коркунуч бар. Бирок бүгүнкү аң-сезимдүү, акыл-эстүү, маданияттуу коомдо, эл аралык мамилелерге билгичтик менен аракет кылган интеллектуалдар мындай нерсеге жол бербейт. Бирок жол бербейт деп эле "алма быш, оозума түш" деп жатып албаш керек.

АКШнын Улуттук чалгындоо башкармалыгынын баяндамасында ошондой эле суу башы өлкөлөр болочокто сууну башкаларга кысым көрсөтүү үчүн саясий курал катары да пайдаланары белгиленет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG