Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Биздин замандын эң эле атактуу композиторлорунун бири Эндрю Ллойд Уеббердин “Операдагы фантом” аттуу мюзиклинде (Бродвейдеги эң эле көп коюлган спектаклдердин бири) окуя эми чиеленишип, эл музыканын кызыгына жаңы баткан кезде сахнадагы оюн чындыкка айланып, артисттер элге аралаша баштайт да, бир убакта чын эле көрүүчүлөрдүн үстүнө шыптагы чоң люстра кулап түшөт.

Жок, чындап эмес, электр жарыгынын, чарт-чурт эткен добуштардын күчү менен ошондой эффект жасалат. Натыйжада мюзиклдин драмалык таасири аябагандай күчтүү болуп, көрүүчүлөр чоң музыкалык рахатка батат… Сахнадагы фантом эстетикалык фантомго айланат. Башкача айтканда, көрүүчү чыныгы маданий "шок" дегенди башынан өткөрөт.

Атактуу “Айчүрөк” операсында да ошондой эстетикалык фантом кездешет: Семетейге ашык болгон Акун хандын кызы Айчүрөк кадимкидей эле канат кагып учуп, театр сахнасынын бир четинен экинчи четине учуп жетет. Бул эпизоддун көрүүчүлөргө тийгизген таасирин айтып отурбайлы, ал эпизод чынында да фантом, өтө сонун чечилген режиссердук жана композиторлук табылга эле.

Айтууга караганда, операнын негизги автору Абдылас Малдыбаев дал ушул эпизодду музыка аркылуу туюнтууга көп күчүн жумшаганын эскерип, дал ушул табылгасына айрыкча катуу сыймыктанчу экен. Мына, ошол легендарлуу опера жазылгандан бери 70 жылдан ашык убакыт өтүптүр (“Айчүрөк” 1939-жылы В. Власов, В. Фере менен биргеликте жазылган). Бул мезгилдин ичинде доор алмашып, нечен суулар акты. Тарыхтын бири кетип, экинчиси келген опур-топур сахнасында нечен оюндар ойнолду, бир система кетип, башкасы келди, бирок “Айчүрөк” баштаган А. Малдыбаевдин опералары, 200гө жакын ырлары, айрыкча уккан адамды таң калтырган романстары азыр да кыргыз музыкасынын жаркыраган бермети, күнү бүгүнкүдөй жаңы жана жандуу чыгармалары болуп жашап келет.

Малдыбаевдин сүрөтү алгачкы улуттук акча-сомго түшүрүлгөн.

Малдыбаевдин сүрөтү алгачкы улуттук акча-сомго түшүрүлгөн.

​Кристаллдын тунугундай шыңгыр, тоо булагындай мөлтүр, уккан адамдын жан дүйнөсүн козгоп, кыялын алда кайда ала качкан Абдылас Малдыбаевдин үнү, анын меланхолия менен ички толгонууга ширелген романстары, өзгөчө мелосу кимди да болсо толкундатпай койбойт. Бул үндү, бул керемет романстарды, обондорду кыргыздын нечен муундары угуп-билип чоңойду го.

Ал эми Абдылас Малдыбаев деген кыргыз маданиятынын тарыхындагы эң бир маанилүү ысым. Эң алгачкы кыргыз композитору. Туңгуч опералык ырчыбыз, туңгуч профессионал музыкантыбыз. Эң алгачкылардан болуп Москва консерваториясынан билим алып, эң биринчи болуп кыргыз операсын жазган улуу инсан, сөздүн терең маанисиндеги тарыхый адам.

Абдылас агабыздын колунан, анын кайталангыс талантынан 200гө чукул ыр, алты опералык чыгарма, анын ичинде музыкалык комедия, нечен хорлор жаралган. Ар бир кыргыз уккан, укпаса да атын билген айтылуу “Айчүрөк” операсы Абдылас Малдыбаевдин композиторлук талантынын жаркын туундусу.

Ушул эле катарда “Манас” операсы, “Ажал ордуна” музыкалык драмасы, “Токтогул” операсы, “Патриоттор” аттуу дагы бир чыгарма турат. Убагында бул музыкалык чыгармалар кыргыз эли үчүн зор маданий жаңылык болуп, биз да Европанын өнүгүп-өскөн улуттарындай профессионалдык музыканын деңгээлине жетебиз, алдыңкы катардагы калктардын катарына кошулабыз деген мекенчилдик сезимди козгогон. Аталган опералар биздин да колубуздан опера жазуу келет, биз да өз театрыбызда чыныгы музыканын өрнөктөрүн уга алабыз, улуттук маданиятыбызды алга жылдырабыз деген ишенимди жараткан.

Ырас, “Айчүрөк” да, “Манас” операсы да, ал гана эмес “Токтогул” менен “Ким кантти” деген музыкалык комедия да башка композиторлор менен, негизинен В.Власов жана В.Фере менен биргелешип жазылган. Анын негизги себеби - Абдылас агабыз каран калган жетимчиликтин, оор турмуштун айынан бала кезинен чыныгы музыкалык билим алууга шарты болгон эмес, нота менен контрапунктту кийин гана үйрөнгөн. Натыйжада жогоруда аталган москвалык композиторлор менен бир катар операларды чогуу жазууга мажбур болгон. А бирок ыр жагынан, обон чыгаруу жагынан Малдыбаевге жетүү эч бир мүмкүн эмес эле… “Кызыл жоолукчан”, “Дүрдана”, “Кимге айтам”, “Жылдызым”, “Акинай”, “Өмүр”, “Гүл турмуш”, “Кызыл атчандар”, “Студенттер маршы”… Санай берсек Абдылас Малдыбаев жараткан чыгармалар биринин артынан экинчиси эске келет.

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры

​ Абдылас агабыз эң биринчи чыгармасын 1922-жылы чыгарган экен. Ал убакта Совет бийлиги жаңы эле орноп, эл-журт кылымдар бою келаткан караңгылык торунан жаңы эле ойгонуп келаткан кез эмес беле. Ошол кезде жаш ырчы Абдылас айрыкча элдик ырларды көп ырдап, хорго катышып, өзү да обон чыгарып, ар кандай жолдор менен нота үйрөнүп, музыкалык сабатын жоюп, акыры эң алгачкы кыргыз композитору, эң алгачкы опера ырчысы, болгондо да “Евгений Онегин”, “Аршин-мал алан” сыяктуу операларда негизги партияларды аткарып, элге ария деген эмне экенин, опера эмне экенин, деле жаңы музыкалык цивилизациянын үлгүсүн көрсөткөн мадният ишмери катары чыга келген. Башкача айтканда, Абдылас Малдыбаев жаңы маданий доордун музыкадагы жарчысы, артынан нечен таланттарды ээрчиткен көсөмү, жаңыга жол чапкан лидери болгон.

Абдылас Малдыбаевдин кыргыз музыкасындагы эң маанилүү ролу тууралуу көп айтылып келатат, бирок айтыла турган сөздөр дале болсо алдыда экендигин тарых көрсөтүүдө. Биринчиден, азыркы кризис заманында, атап айтканда, профессионалдык музыка абдан эле артка чегинип, сахналар менен трибуналарды попса менен рок, мааниси тайкы эстрада, музыкалык жасаты чийки ыр сөрөйлөр биротоло ээлеп, классика экинчи катарга чегинип калган кезде улуттук классиканын маанисин айрыкча жакшы баалап отурабыз.

Ушул жагынан караганда ошол эле А. Малдыбаевдин, М. Абдраевдин, К. Молдобасановдун, Т. Эрматовдун, С. Медетовдун, А. Түлеевдин, А. Аманбаевдин музыкалык чыгармалары биз үчүн аябагандай зор мааниге ээ болуп отурат. Ал эми биз сөз кылып жаткан улуу композитор Абдылас Малдыбаев улуттук операбыздын кышын кынап, керегесин жайган, башта болуп көрбөгөн бир катар музыкалык жанрлардын түбүн түптөп кеткен, айрыкча романс жанрын баштап да, аны бийик европалык деңгээлге чыгарган да ушул инсан болгон эмеспи.

Жогоруда Абдылас агабыздын талантынын эң күчтүү жагы - ыр, ошол ырдын ичиндеги романс жанры экенин айтып өттүк. Чынында да Малдыбаевдин ошол 30-жылдарда, кийин согуш аяктагандан кийинки жазылган ырлары, романстары азыр да ушул жанрдын алдына киши салбаган жаркын өрнөктөрү боюнча калып келатат. Анын негизги себеби улуу композитордун таланты чынында да мөлтүр, элдик музыканын угутуна терең ширелген, кыргыз мелосунун профессионалдык ажатын ачкан талант болгон. Абдылас ага өзү да орус композитору Михаил Глинканын “музыканын угутун эл жаратат, а биз, композиторлор, болгону аны кайра иштеп чыгабыз” деген учкул сөзүн көп кайталачу.

… Ошондой болсо да Абдылас Малдыбаевдин эң улуу чыгармаларынын бири анын Токтогулдун сөзүнө жазылган “Өмүр” аттуу ыры го. Бул ыр бери болгондо жетимиш жылдан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келатат. Ал гана эмес, бул ырды балдар бакчасында да бөбөктөр да жаттап алганын жакында эле өз кулагым менен угуп, бир сыйра таң калган жерим бар. Демек, жакшы нерсе өлбөйт деген, жаман кетсе келбейт деген деп дагы бир кыргыз даанасы Райкан Шүкүрбеков айткандай, Абдылас агабыз калтырган музыкалык мурастар, опералар менен хорлор, ырлар менен ариялар азыр да кары менен жашка бирдей руханий гүлазык, азыр да эч бир эскирбей келаткан маданий байлык катары жашап келатат. Дагы нечен кылымдарга күлгүн жана жаш боюнча жашай бермекчи.

XS
SM
MD
LG