Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:34

"Согуш жана тынчтык" операсы үчүн согуш


"Согуш жана тынчтык" операсынан бир көрүнүш. Режиссеру П. Браун. Санкт-Петербургдун атактуу Мариинский театры. 18-июль, 2014

"Согуш жана тынчтык" операсынан бир көрүнүш. Режиссеру П. Браун. Санкт-Петербургдун атактуу Мариинский театры. 18-июль, 2014

16-октябрда орус композитору Сергей Прокофьевдин “Согуш жана тынчтык” операсынын алгачкы жүз ачарына 70 жыл толду.

Ал Сталин менен бир күндө өлөт. СССРдин башкы музыкалык журналы Сталиндин өлүмүнө 115 бетин арнаса, Прокофьевди акыркы 116-бетинде гана эскерет.

Орустун улуу жазуучусу Лев Толстойдун атактуу романынын негизинде жазылган бул опера ал кезде КПСС БКнын Саясий Бюросундагы маданиятты тейлеген “мыкчыгерлерине” жакпайт. Ошон үчүн бүгүн дүйнөлүк сахнадан түшпөгөн опера автордун көзүнүн тирүүсүндө ойнолгон эмес.

“Мен идеологиялык жактан жетик, элге керек чыгарма жазганга аракет кылдым...” С. Прокофьев

20 - кылымдын көйкашка композиторлорунун тобуна кирген Сергей Прокофьевдин “Согуш жана тынчтык” операсын жазуу тарыхы машакаттуу да, кейиштүү да. 1944-жылы Москвада чакан чөйрөдө операнын жупуну жүз ачары болот. Операнын либреттосу Наполеондун 1812-жылы Орусияга жасаган жортуулу тууралуу Лев Толстойдун роман-эпопеясынын негизинде жазылат. Композитор анын операсынын леймотиви нацисттик Германиянын 1941-жылы Советтер Союзуна каршы баштаган жапырыгын коштогон элдик мүшкүл менен үндөшөт деп үмүт кылат.

1943-жылы Прокофьев Сталин атындагы сыйлыкты алып, СССРдеги ийгиликтүү жана абройлуу композиторлордун катарына расмий түрдө кошулган эле. (Композитордун чыгармалары бардыгы алты жолу Сталиндик, кийин Мамлекеттик сыйлык менен бааланган). Бирок мамлекеттик сыйлык жана Сталинди даңктаган кантаталарына карабай, андан да музыканы мыкты түшүнгөн жана “мамлекеттик идеологияга" ылайык тескеген КПСС БКнын саясий бюросунун бюрократтык аппараты бар эле. БКдагы маданиятты көзөмөлдөгөн чиновниктердин оюнча, “Согуш жана тынчтык” операсы композитор Наташа Ростованын сүйүүсүнө ашыкча көп орун берип, Наполеонго каршы көтөрүлгөн элдин рухун кеңири масштабда камтыбай калган.

(Солдон оңго).Композиторлор: С. Прокофьев, Д. Шостакович, А. Хачатрян. Москва, 15-сентябрь1945

(Солдон оңго).Композиторлор: С. Прокофьев, Д. Шостакович, А. Хачатрян. Москва, 15-сентябрь1945

Ошон үчүн композитор операны кайра иштеп чыгууга тийиш!

1946-жылы партиянын идеология боюнча секретары Ждановдун социалисттик реализм үчүн жортуулу башталып, Анна Ахматова, Михаил Зо́щенко жана башка акын-жазуучулар эл түшүнбөгөн чыгармаларды жазат деп, катуу сынга алынат.Эки жылдан кийин кезек музыкага жетет: Прокофьев, Д. Шостакович, А. Хачатурян дагы башка композиторлор формалисттер деп айыпталат. Прокофьевдин 6-симфониясы жана “Чыныгы адам жөнүндө” операсы баш болгон жети чыгармасын ойноого тыюу салынат. Композитор чыгармачылык жактан сынбаса дагы адам катары майтарылды: кемчилигин мойнуна алып СССР Композиторлор союзуна кат жазат.

Торго камалган торгойдой айласы түгөнгөн жана оорукчан Сергей Прокофьевдин “Мен идеологиялык жактан жетик, элге керек чыгарма жазганга аракет кылдым...,” – деп жазган ачык каты жардам бербеди.

Болочок композитор Сергей Прокофьев фортепианодо ойноодо. 1-сентябрь 1902

Болочок композитор Сергей Прокофьев фортепианодо ойноодо. 1-сентябрь 1902

Ошол эле 1948-жылы Прокофьев АКШдагы ыктыярдуу эмиграциядан ала келген теги испан аялы Каролина Кодина менен никесин Совет өкмөтү жокко чыгарат. Артынан эле Кодина камакка алынып, эмгек лагерине түрмөгө айдалат. Ал 1956-жылы Сталиндин керт башына сыйынуу ашкерленгенден соң акталып, кийин СССРден чыгып кетет.

Композитор бул ирет да мурдагыдай мекенин таштап кеткенге Сталин уруксат бермек эмес.

“Америкага барыш керек! Албетте! Бул жак быкшууда, ал жакта жашоо кайноодо, бул жакта - эл кырды-бычак болууда жана калп, ал жакта маданий турмуш”,- деп жазган 1917-жылы Сергей Прокофьев кийинки жылы Америкага жүрүп кеткен болчу.

Ошол 1944-жылкы кыскартылып ойнолгон премьера боюнча “Согуш жана тынчтык” операсын Прокофьев сахнада көрбөй арманда өтөт. Тирүүсүндө дүйнөнүн алп композиторлордун катарына кирген Прокофьев 1953-жылы 5-мартта Москвада Иосиф Сталин өлдү деп жарыяланган күнү каза болгондуктан жана Кызыл аянтка ныпталаш көчөдө жашагандыктан, чоң каадасыз өтөт. Ал күндөрү Москвада бардык гүлдөр Сталиндин табытын кооздоого жыйналат. А сатыкта гүл жок болгондуктан, коңшулары композитордун мүрзөсүнө карапага отургузулган үйлөрүндөгү гүлдөрдү алып келип коюшат. СССРдин башкы музыкалык журналы Сталиндин өлүмүнө 115 бетин арнаса, Прокофьевди акыркы 116-бетинде гана эскерет.

Музыка сынчылары белгилегендей, композитор 13 сүрөттөн турган операсында Толстойдун стихиясынын теңдешсиз күчүн, эпикалык масштабын сахнага батыра алган. Анын кайчыланбаган 4-5 сааттык жүз ачары 1957-жылы Москванын Станиславская жана Немирович-Данченко атындагы музыкалык театрында коюлат. Бирок анда Наполеондун мүнөзү Гитлердикине кынагандай окшош ойнолот. Ошондон эки жылдан кийин гана “Согуш жана тынчтык” операсы Большой театрда коюлду. Наташа Ростованын партиясын атактуу Галина Вишневская аткарат. 1978-жылы Г. Вишневская жана күйөөсү М. Ростропович (эрди-зайыптар экөө тең СССРдин Эл артисттери, Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттары) 1978-жылы тыш өлкөдө чыгармачыл командировкада жүргөндө Совет жарандыгынан ажыратылат. Бул өзүнчө аңгеме.

Президент В. Янукович С7 Прокофьев атындагы эл аралык аэропорттун ачылыш салтанатында символикалык лентаны кесүүдө. 14-май 2012

Президент В. Янукович С7 Прокофьев атындагы эл аралык аэропорттун ачылыш салтанатында символикалык лентаны кесүүдө. 14-май 2012

“Согуш жана тынчтык” операсынын азыркы беш сааттык версиясын 1991-жылы, ал кезде Голливудда иштеп жүргөн белгилүү Андрон Михалков-Кончаловский Нью-Йоркто чоң ийгилик менен койгон. АКШда жашаган теги орусиялык театр сынчысынын жазышынча, операнын массалык сценалары көрөрманды толкундатуусу жана таасир эткен кудурети жагынан “Иван Грозный” жана “Александр Невский” операларынан кем калышпайт, ашса ашып түшөт. Хор “Вставайте, люди русские...” ырын созолонткондо жүрөгү эбак таштай каткан кайсы этностогу орусиялык эмигрант болбосун “шолоктоп ыйлап жиберт” деп жазган.

1957-жылы С. Прокофьев же өлгөнүнөн төрт жылдан кийин анын “Согуш жана тынчтык” операсы маданият жаатындагы эң чоң мамлекеттик сыйлык - Ленин сыйлыгын алат.

Акыркы сөз ордуна: С. Прокофьевдин "Согуш жана тынчтык" операсы жөнүндө жазып жатып, аргасыздан Украинанын чыгышында апрель айынын бери орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан согушту эстейсиң. Себеби, соңку жумаларда Донецк шаарынын С. Прокофьев атындагы эл аралык аэропорту үчүн кырчылдашкан согуш уланууда. Ал согуш качан бүтөрү белгисиз...

XS
SM
MD
LG